17-ноябрь – Кыргыз киносунун күнү. Азыркы “Кыргызфильм” студиясы 1941-жылдын дал ушул күнү түптөлгөн, ал кезде аталышы башкача эле. Бирок Кыргыз киносунун күнү 1994-жылдан тарта гана майрамдала баштаган. Андан бери эчен суулар акты. Кыргыз тасмалары бирде дүйнөнү дүңгүрөтүп, бирде тереңге чөгүп кеткен учурлар болду. Кыргыз киносунун кечээгиси, бүгүнкүсү жана эртеңкиси боюнча кино тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнө суроо салдык.
Бакыт Мукул, режиссёр: «Алардын турпаты, көз карашы, басып баратканы эле дапдаяр образ эле»
– “Кыргыз керемети” доорундагы Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Таттыбүбү Турсунбаевадай таланттарды кыргыз киносунда кайра көрүшүбүз мүмкүнбү?
– Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Таттыбүбү Турсунбаевалар кино үчүн бир жаралып калган чоң таланттар эле. Булардын заманында үч нерсе төп келишип калган: таланттары, өң-келбети жана заман. Булардын тагдырына мыкты кинорежиссёрлор да туш келип жатпайбы. Бул тагдырдын таң каларлык тамашасы. Кыргыз киносуна мындай таланттар эми келеби, келбейби, күмөн. Алардын турган турпаты, көз карашы, басып баратканы деле дапдаяр образ эле да. Так билгеним – мындай таланттар биздин заманыбызга туш келген жок. Азыр алардай жан дүйнөсү менен берилип иштеген артисттер азыраак, жок деп койсок деле болот. Жашырганда эмне, азыр акчага карап ойношот, шашып, эптеп эле ойноп коёюн дегендер бар. Образга сүңгүп кирип, ага айлап, керек болсо, жылдап даярдангандар жок.
– Сизге тарыхый кино тартуу сунушталса, кыргыздын кайсы учурун, кайсы окуясын тартмаксыз?
– Азыркы жаштар китеп окубайт, алардын тарыхты билиши үчүн сөзсүз тарыхый тасмалар тартылышы керек. Тарыхты билбегендиктен кыргыз байкуш эми эле өсүп, эми гана адам болуп бараткандай сезишет. Чын айтам, ошентип ойлошот. Чындыгында, эмне деген уюткулуу журтпуз. Эмне деген эволюцияларды баштан өткөрбөдүк. Кыргыздын мүнөзүн, баскан-турганын, кийимин, салт-санаасын кино кылып тартыш керек. Менде эки даяр сценарий турат. Бири – 1941-45-жылдардагы окуялар. Экинчиси – Жаңыл мырза тууралуу. Эркек баатырлар тууралуу айтылып эле келе жатат, ал эми аялзатынан чыккан ушул баатырга чыныгы баа бериле элек.
Эрнест Абдыжапаров, режиссёр: «Жан дүйнөсү тайыз режиссёрго акча да, укмуш идеялар да жардам бере албайт»
– Учурда Кыргыз киносундагы негизги кыйынчылыктар кайсылар деп ойлойсуз?
– Кинону бекеринен “кыйноо” дешпейт. Идея жаратуу, команда топтоо, каражат, сценарийге ылайык актёр табуу, техника менен жабдуу, кыскасы, ар бири кыйынчылык. Тартып бүтүргөндөн кийин элге көрсөтүү өзүнчө искусство. Ошого карабастан азыр кино тартуу кыйла жеңилдеди деп айтат элем. Анткени киноиндустриясы бийик бир деңгээлге чыгып алды. Мамлекет өзүнүн салымын кошту. СССР кулап, киностудияда эч бир аппаратура жок, актёрлор кетишкен, эл кара курсактын камында жүргөн маалда “жылаңач баатыр” болуп чыгып Кыргыз киносунун чырагын кайра жандырган бир топ кесиптештериме өтө кыйын болгон. Арасында мен да бармын (күлүп).
– Дүйнөдө жана кыргыз киносунда сиз баалаган режиссёр ким?
– Режиссёрдун ички дүйнөсү тайыз, руханий байлыгы азыраак болсо анын мыкты тасма тартышы мүмкүн эмес. Анда эч кандай Чокморов, Турсунбаева, эч кандай миллиондор, укмуш идеялар жардам бербейт. Тескерисинче, акчасы аз, актёрлору күчтүү эмес болуп, бирок режиссёрдун ички дүйнөсү бай, ойлору терең, дүйнө таанымы кенен болсо, болбогон нерселерден деле кураштырып шедевр жаратып коюшу мүмкүн. Мени суктандырган, мен режиссёрлордун эң кыйыны деп эсептеген адам – Андрей Тарковский. Анын “Сталкер” деген тасмасы студент кезимде катуу таасир берген. Көз карашымды, киного болгон оюмду, жолумду ошол тасма жана режиссёр ачып берген десем болот. Кыргызда мен баалаган режиссёр – Төлөмүш Океев жана анын “Бакайдын жайыты” тасмасы.
Айбек Дайырбеков, режиссёр: «Кино тармагы эми гана өгөй баладан өз балага айланууда»
– Азыркы учурда Кыргыз киносундагы мыкты үч секирикти айтып берсеңиз...
– Тартылган кинолорду айта турган болсок, тарыхый тасма – “Курманжан датка”. Эмне үчүн секирик? Анткени көп жылдык тыныгуудан кийин мамлекеттик буюртма менен тартылып, өз максатын жүз пайыз актады. Курманжан датканы даңазалады, кыргыз тарыхына көңүл бурдуруп, кыргызда аялдын орду бийик экенин көрсөттү. “Дарак ыры” тасмасын да айтпасам болбойт. Анткени бул Кыргыз киносунда жаңы жанрдын жаралышы болду. Түрк тилдүү жалгыз тарыхый мюзикл. Башка бир дагы өлкөдө көчмөн маданияты тууралуу мюзикл тартыла элек. Буга далил – 2019-жылы Евросоюздун штаб квартирасында Борбор Азиядан чыккан эң маанилүү тасма катары көрсөтүлгөнү. “Бейиш эненин таманында” тасмасын да секирик катары айтыш керек. Чынында, аталган тасма профессионал киночулардын сынына кабылды. Бирок режиссёр катары эмес, продюсер катары айта турган болсом, бул тасманыкындай “прокатты” эч ким кыла элек.
Дагы бир секирик – Бишкек эл аралык кинофестивалы. Президентибиздин жарлыгы менен ишке ашырылган фестиваль Борбордук Азия чөлкөмүндө эң алдынкы иш-чарага айланды. Кино дүйнөсүнүн ичинде жүрүп билебиз, европалык кинематографисттердин ичинде сөз болуп жатыптыр, "Борбордук Азияда мыкты фестиваль пайда болуптур, кантип катыша алабыз?" деп бири-биринен сурап, расмий кайрылып жатышат. Бул Лос-Анжелесте өтүп жаткан Азия тасмаларынын дүйнөлүк кинофестивалы жана Париждеги ЮНЕСКОнун патронажы менен өтүп жаткан кинофестиваль. Дагы бир секирик – Кыргыз киносуна бөлүнүп жаткан бюджет. Көп жылдан бери көңүл бурулбай, өгөй баладай болуп жатыркап турчу. Киночулар жалдырап акча сурап келишкен. Азыр акча жетишерлик бөлүнүп баштады. Сыйлыктар тууралуу айтсам, өтө секирип кете албай жатабыз. "Баланча сыйлык алдык" деп мактанабыз. Бирок дүйнөлүк фестивалдардын ана башында турган Канн, Берлин, Венециядан бир дагы сыйлык ала элекпиз. Берлинден жалгыз Төлөмүш Океев 1985-жылы “Күмүш аюу” сыйлыгын алган. Андан кийинки мыкты сыйлыктарыбыз: Актан Арым Кубат – Локарнодон “Күмүш леопард”, Темир Бирназаров – Таллинден башкы сыйлыкты алган. Калган сыйлыктарыбыз орто жоон десек болот.
Дастан Жапар уулу, режиссёр: «Учурдун киночулары жылаңАч баатырлар»
– “Кыргыз керемети” жеткен ийгиликтерди учурдагы кинолор кайталай алабы?
– Учурдун деле мыкты тасмалары бар, жаралууда. Эгемендикти алгандан берки кыргыз киносунун фестивалдарда жараткан ийгиликтери жакшы. Чоң сыйлыктар бар, бул жагынан алдыда элебиз. Элди тарта турган жакшы кинолор тартылып жатат. “Кыргыз керемети” менен учурдагы кинону түздөн-түз салыштарсак адилеттик болбой калат. Анткени ал кезде баарын мамлекет каржылачу. Ал эми азыр мамлекет каржылаган тасмалар саналуу эле. Мамлекет “Уркуядай”, “Кожожаштай”, “Ак кемедей” кинолорду тарткыла деп чоң акча бөлүп берсе, ошол учурдагыдай стимул берилсе, сөзсүз азыркы киночулар мыкты эмгектерди жаратышмак. Ал учурда чоң ийгилик жараткан режиссёрлорго үй, автоунаа берилип, материалдык жактан толук камсыздалчу. Азыркы киночуларга мамлекет тарабынан стимул жок. Фестивалдарга катышмак тургай, байге утуп келсең деле маани берилбейт. Ушундай шартта фестивалдарга катышып, байге утуп келип жатканыбызды учурдун баатырдыгы десек болот. Мындайча айтканда, азыркы киночулар “жылаңач баатырлар”.
Нуржамал Жийдебаева