Адамдын мээси – табияттын керемет жаратуусу. Бирок анын да түрдүү оорулары бар. Күндө ага “ремонт” жасаган атактуу нейрохирург Миталип Мамытов менен мээ жана анын касиети, оорулары тууралуу маек курдук.
– Миталип ага, алгач мээнин көпчүлүк билбеген, адистерге гана белгилүү касиеттери тууралуу айтып берсеңиз.
– Мээ ары татаал, ары өзүнө кам көргөн орган. Мисалы, өзүн-өзү тазалап, зыяндуу заттарды сыртка чыгарып жууп туруу үчүн өзүнөн суюктукту – ликворду иштеп чыгарып турат. Чоңдордо анын көлөмү 140-250, балдарда 50 миллилитрди түзөт. Ал ликвор 1 күндө 3-4 ирет жаңырып, кайра сорулуп сыртка чыгарылып турат. Боор иштеп чыгарып, канга куюп турган глюкозанын 50 пайызын “алып кел бери” деп өзүнө колдонуп, азыктанып турат. Организмде иштелип чыккан энергиянын 20 пайызын өзүнө алып, өзүнүн иштеши үчүн үнөмдөп сарптайт. Мээдеги нейрондор (нерв клеткалары) активдүү болуп турса, адам узак жашайт. Муну окумуштуулар изилдеп чыккан. Чоң адамдын мээсинде 86 миллиарддай нейрон бар, алар бири-бири менен туташып турат. Чеги менен жасалган кара жумуш мээнин нерв клеткаларынын активдүү болушун шарттайт. Анткени уйку жакшырат. Адам мемиреп уктап жатканда мээ өзүндөгү топтолгон ууларды чыгарууга мүмкүндүк алат. Мындан улам эс-тутум жакшырат. Адам иштегенде маанайга, ой жүгүртүүгө оң таасир берүүчү гормондор да иштелип чыгып турат. Андай адам стресске, депрессияга көп жакын болбойт. Жаңы маалыматтар менен кабардар болуп туруу, чет тилдерди өздөштүрүү, спорт менен алектенүү, баш катырмаларды чечүү да мээнин активдүү болушуна салым кошот. Демек, адам өзүнүн нерв клеткаларын активдештирүү аркылуу узак жашай алат. АКШнын окмуштуулары аэробика менен алектенген балдар аз кыймылдаган балдарга караганда маалыматтарды жакшы өздөштүрүп, жакшы окуй тургандыгын аныкташкан.
– Мээге операция жасоого мажбур кылган оорулар көппү?
– Көп. Негизгилери – баштын, моюндун жаракаттары, инсульт, аневризма, гидроцефалия, абсцесс (мээнин ириңдеп кетиши), мээнин эхинококкоз жана альвеококкоз дарты, рак жана башкалар. Нейрохирургия – бул хирургиянын эң кыйын бөлүмү. Биз мээ, нервдер, ичке кан тамырлар менен иштейбиз, операцияда 1-2 миллиметрлик эле туура эмес кыймыл бейтапты шалга айлантып коюшу мүмкүн.
– Мээге жана жүлүнгө жалпы 14 миң операция жасагансыз. Айтсаңыз, айрым маалыматтарда мээнин ванилинге окшоп кеткен жыты болот деп айтылат. Ушул чынбы?
– Мээнин жыты жок. Мээге инфекция кирип, ириңдеп кеткенде гана ириңдин жыты жыттанат. Бул оору мээнин абсцесси деп аталат. Дарт отит, гайморитте жаралган ириңдин мээге өтүп кетишинен болушу мүмкүн. Ошондой эле инфекция баш сөөк сынганда да кирип кетет. Менингит өтүшүп кеткенден да жаралышы ыктымал. Андайда операция жасап, мээни ачып, ириңди сордуруп алабыз да, ошол жерди тазалап жууйбуз.
– Жаракат алганда ичимдикке жакын адамдын мээси башкаларга салыштырмалуу катуу жабыркайт дешет.
– Ооба, ичимдиктен алыс адамдарга салыштырмалуу алардын мээси катуу жабыркай турганы чын. Ууланып, иштеши канчалык бир деңгээлде бузулган мээден оорунун белгилерин табуу кыйын. Диагноз коюуда врачтар адашат. Мисалы, бейтаптын мээсине кан куюлуп кеткенби же башка болгонбу, билүү кыйын. Ичимдиктен алыс адам башынан жаракат алганда оорунун белгилери даана билинип турат.
– Мээнин рагы демекчи, анын бир түрүндө ооруган адамдын мурду, кулагы, кол-буттары өсүп кетери айтылып жүрөт?
– Мээнин төмөн жагында гипофиз деген кичинекей орган бар. Салмагы 1 граммдай болгон без. Ал бойдун өсүшүнө, зат алмашууга таасир этчү, калкан сымал бездин иштешин көзөмөлдөөчү, балалуу болууну шарттоочу жана башка гормондорду иштеп чыгарып турат. Гипофиз рак дартына, мисалы, аденомага чалдыкса, ал бөлүп чыгарган гормондордун деңгээли көбөйүп же азайып кетет. Эгер бойдун өсүшүн шарттоочу гормонду көп бөлүп чыгарып баштаса адамдын бою, буту-колу абдан өсүп кетет, бети-башы одуракай тартат. Эгер пролактин гормонун көп чыгарып баштаса, анда бала эмизбесе деле аялдын эмчегинен сүт чыга баштайт. Эркектин бел кубаты жоголот. Ал эми адренокортикотроптуу гормонду ашыкча бөлүп чыгара турган болсо, анда Кушинг синдрому жаралат. Денени жана бетти май басып, кол-бут ичке бойдон калат, тери жукарат.
Гипофиздин аденомасын биз ал кайсы гормондорду көп же аз чыгарып калганына жараша дарылайбыз. Без алынып салынат же дары-дармек же нур терапиясы колдонулат.
Мээдеги эпифиз безинин рак дарты жаш балдарда жыныстык жактан эрте жетилүүнү шарттайт. Мээнин маңдайкы бөлүгүндөгү рак адамды агрессивдүү, жинди кылып жибериши мүмкүн. Негизи мээдеги рактын бар экендигинин жалпы белгилери булар: баштын оорушу жана айланышы, бат чарчоо, көңүл айлануу, кусуу, дененин кайсы бир бөлүгүнүн сезимталдыгынын азайганы, эс-тутумдун жана ойлоонун бузулушу, убак-убагы менен талма сымал диртилдөө (судороги), мүнөздүн өзгөрүшү жана башка.
– Адам көз жумган учурда жүрөк менен мээнин иши тең эле токтойбу?
– Өлүм жакындаганда денеде, анын ичинде дем алуу, кан айлануу системинде, аң-сезимде өзгөрүү жүрөт. Өлүмдө адегенде жүрөк согушун токтотот, анан дем алуу токтойт, эң артында аң-сезим өчөт. Жүрөк токтоп калгандан кийин кычкылтек барбай калат да, мээнин клеткалары бир нече секунддан кийин өлө баштайт. 5-7 мүнөттөн кийин мээ өлөт. Бирок мээнин айрым жерлери 10-15 мүнөткө чейин жашап турушу ыктымал. Медицинада жүрөк токтогондо “өлүм” деп жыйынтык чыгарылат. Бирок мээ өлүмдөн кийин да жашап жатпайбы? Мичиган университетинин илимпоздорунун изилдөөлөрүнө караганда, мындай да болушу мүмкүн: жүрөк токтоп, мээге кычкылтек жетпей калганда мээнин айрым бөлүктөрүнүн активдүүлүгү кескин өсөт. Нерв клеткалары көңүл бурууну, кыраакылыкты күчөтүүчү норадреналин гормонун өтө көп бөлүп чыгарат. Серотониндин да көп бөлүнүп чыгышы күтүлөт. Бул галлюцинацияны жаратат. Эң акырында ортоңку мээден дофамин бөлүнүп чыгат. Аталган гормон канааттануу, кубанычты тартуулайт. Демек, мээ өзү менен ушинтип коштошот. Клиникалык өлүмгө кабылып, бирок врачтардын жардамы менен аман калган айрымдар өлүп бараткандай сезим болгондо жарыкты, жаркыраган тоннелди көргөнүн айтышат. Демек, ал жарык жогоруда айтылгандай, мээнин активдешүүсүнөн пайда болушу мүмкүн.
– Кырсыктан улам адамдын баш сөөгү сынып, талкаланып, кээ бир жери жарабай калды дейли, операцияда ал жер кантип жамалат?
– Баш сөөктүн андай жерин атайын трансплантат менен жаап, сөөктүн бүтүндүгүн калыпка келтирүү – краниопластика деп аталат. Учурда трансплантаттар синтетикалык (протакрил, палокос), аутоматериалдык (бейтаптын өзүнүн сыныктарга ажыраган баш сөөгүнүн ткандары чогултулуп, андан жасалган пластырь), металлдык (титан) жана башка болуп бөлүнөт. Титан пластинасы же титан торчосу ишенимдүү, узакка чыдоочу, бекем пластина. Протакрилдик трансплантат атайын порошок менен суюк заттын аралашмасынан операция маалында жасалат. Анткени анын бат катуучу касиети бар. Аны баш сөөктүн кем жеринин формасына ылайыктап жасап, катканда жаап коёбуз.
Канымжан Усупбекова