19-ноябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстан менен Ирандын улуттук курама командаларынын беттеши өттү. Оюн 2026-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунун алкагында орун алды.
ОЮН АЛДЫНДА...
Адаттагыдай, футбол өтө турган күнү стадиондун жанындагы айрым көчөлөр автоунаа кыймылына жабылды. Бул – коопсуздук, күйөрмандарга шарт түзүү максатында дайымкы жасала жүргөн көрүнүш. Милиция абалды көзөмөлгө алып жатты. Оюн башталарга жакын күйөрмандар стадионго туш тараптан агылып келе башташты.
БАЙМАТОВ КАРЬЕРАСЫН АЯКТАДЫ
Улуттук курамдын мурдагы коргоочусу Азамат Байматов футболчу катары карьерасын жыйынтыктаганын жарыяладады. Бул жаңылыкты оюнчу Кыргызстан-Иран беттеши башталар алдында айтты. Стадиондо аны узатуу аземи өтүп, Байматов көп жылдан бери колдоп келген күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Айта кетели, учурда 34 жаштагы Азамат мырза 2010-жылдан 2022-жылга чейин Кыргыз улуттук курамасынын катарында болду. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк клубдарда оюн көрсөтүп келген. Мисалы, “Дордой”, “Алга” (Кыргызстан), “Окжетпес” (Казакстан), “Борнео” (Индонезия).
ПРЕЗИДЕНТ КҮЙӨРМАН
Футбол боюнча Бишкекте өткөн ар бир маанилүү беттешке барып, стадиондо күйөрмандык кылууну президент Садыр Жапаров салтка айлантып алгандай. Бул жолу да ал парламент төрагасы Нурлан Шакиев жана Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров менен бирге оюнга көз салып отурду. “Бул окуя өлкө жетекчилигинин спортту өнүктүрүүгө жана улуттук командаларды колдоого олуттуу маани берерин айгинелейт” деп маалымат таратууга үлгүрдү президенттин басма сөз кызматы.
ЖЕҢИШКЕ ЖЕТҮҮГӨ 2 ГОЛ ДА ЖАРДАМ БЕРБЕДИ
Бул жолу “Ак шумкарлар” командасы капитансыз оюн талаасына чыгышты. Себеби команда капитаны Валерий Кичин жаракатынан улам оюнга чыга албай, беттешти сырттан карап турууга аргасыз болду. Күйөрмандар отурган тараптан сүрөп, оюнчуларга “ойнойбуз, позицияны так сактагыла!” деп кыйкырып жатты Кичин. Бирок мындай сүрөө, президент баш болгон стадиондогу миңдеген күйөрмандардын колдоосу да жардам бере албады. Татыктуу оюн көрсөтүп, Азиядагы күчтүү командалардын бири деп саналган атаандаштардын дарбазасына 2 гол киргизгенине карабай аягында жеңилип калды. Эсеп 3:2, жеңиш ирандыктарда. Муну менен Кыргыз курамасы кезектеги упайын колдон жулдуруп, тайпада 5-орунга жайгашты. Бул оюн улуттук курам үчүн 2024-жылдагы акыркы беттеш болуп калды. Кийинки беттештер ушул эле Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында эмдиги жылдын жаз айларында өтөт.
КҮНДҮН КААРМАНЫ – КОЖО
Иран курамасынын дарбазасына 2 голду тең чабуулчу Кожо Жоэль киргизди. Беттеш аяктагандан кийин ирандык команданын чабуулчусу, атактуу чабуулчу Сердар Азмун Жоэлди колдоого алганы көңүлдү бурду. Оюн бүткөнүн эскертип калыстын ышкырыгы жаңырганда Жоэль жерге отуруп калган, муну көргөн Азмун дароо келип көңүл жубатты. Ирандык дагы бир белгилүү футболчу Мехди Тареми дагы келип Жоэл менен кол алышып кайтты. Күтүлгөндөй эле Кожо Жоэль Кыргызстан-Иран таймашынын мыкты оюнчусу деп табылды. “Мындан аркы беттештерде жакшы оюн көрсөтүп, максатыбызга жетебиз деп ишенем” деп комментарий берди ал.
БАШКЫ МАШЫКТЫРУУЧУ ЭМНЕ ДЕДИ?
Кыргыз улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын “биз упай ала албаганыбызга кейип турабыз. Жакшы мүмкүнчүлүктөр болгону менен, жыйынтык көрсөтүү үчүн алар жетишсиз болду. Колдоосу үчүн күйөрмандарга ыраазычылык билдиребиз, өз үйүңдө оюн көрсөтүүдө бул абдан маанилүү” деди оюндан кийин.
УЛУТТУК КУРАМАНЫН ПОЗИЦИЯСЫ
Кыргыз курамасы 6 оюнда топтогон 3 упайы менен А тайпасында 5-орунда калууда. 7-турдун оюндары 2025-жылдын 20-мартында Ташкентте өтөт. Анда Кыргызстан Өзбекстанга каршы оюн көрсөтөт. Мындан тышкары кийинки жылы улуттук курама Катар, Түндүк Корея жана БАЭ курамалары менен оюн өткөрмөкчү. Тандап алуу турунун жыйынтыгында ар бир тайпадан эң мыкты 2 команда түз эле 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалдык раундуна өтөт. Тайпада 3-4-орундарды алган командалар Дүйнө чемпиондугуна жолдомо утуу үчүн күрөштү улантат. Ал эми 5-6-орунду алган командалар жарыштан ыргыйт. Демек, Кыргыз курамасына алдыдагы оюндарда позициясын бекемдөө аба менен суудай зарыл.
ТУРНИРДИК ТАБЛИЦА (А тайпасы, 6-турдун жыйынтыгы боюнча)
1. Иран – 16 упай
2. Өзбекстан – 13 упай
3. БАЭ – 10 упай
4. Катар – 7 упай
5. Кыргызстан – 3 упай
6. Түндүк Корея – 2 упай
Гулийпа Маметосмон кызы