Түштүк Кореялык актёр Сон Чжэ Римдин күйөрмандары, жакындары, кесиптештери үчүн анын өлүмү күтүүсүз кабар болду. 12-ноябрда актёрдун жансыз денеси өз үйүнөн табылган. Полициянын алдын ала маалыматына караганда, анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес, демек, өз жанына кол салган дегенге негиз бар. Аз болсо да саз жашап, артынан из калтырып, атын таанытып кеткен Сон Чжэ Римди эскерүү макаласы болсун.
Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул
Туулган жылы: 1985-жыл, 18-февраль
Жылдыз белгиси: суу куяр
Бою: 180 сантиметр
Кесиби: актёр, модель
Тартылган белгилүү сериалдары: “Айдын кучагындагы Күн”, “Эки апта”, “Сезимдер доору”, “Кош бол, мистер Блэк!”, “Жаштардын убактысы”, “Париж” маникюр салону”, “Менин аскердик валентинкам” жана башка
Жакырчылыкта чоңойгон
“Биздин үй-бүлө ушунчалык жакырчылыкта жашагандыктан, 1997-1998-жылдары Түштүк Кореяны каптаган “азиалык финансылык кризис” маалында эч кандай өзгөрүүнү байкаган эмеспиз”,- деп эскергени бар актёрдун. Сон Чжэ Рим үй-бүлөнүн тун баласы, андан сырткары дагы бир уул жана кыз бар. Атасы субакдо уруш өнөрүнүн машыктыруучусу болуп, өзүнүн спорт залын иштетчү. Бирок иши банкротко учурап, түрдүү жумуштарды аткарган кара жумушчуга айланган. Үйдүн кожоюну жетиштүү каражат таппагандан кийин апасы үйүндө бала бакча ачып, аз-маз тыйын табар эле. Чжэ Рим кичинесинен жоош бала болгон, ага мектептен бошогондо базарда соода кылган чоң энесинин жанына барган жакчу. Базарчылардын баары аны таанып, убакыт көңүлдүү өтө турган. Бат эле жылдар зымырап, болочоктогу актёр өзү да эрте эмгек жолуна турду. Эртең менен бала бакчада тарбиячы болсо, кечкисин шарап саткан барга жүк ташыгыч болуп иштечү. Анан досторунун “сенин келбетиң моделдикке жарайт” деген оюна макул болуп, моделдик агенттикке барат. Башка жумуштарына салыштырмалуу кирешелүү булак болгондуктан, Чжэ Рим мындан ары модель болом деп чечкен.
“Армия мени чечиндүү болууга үйрөттү”
Мектепти аяктагандан кийин Чунан университетинин маалыматтык системдер факультетине тапшырат. Бирок бир жылдан кийин окуусунан академиялык өргүү алып, аскер кызматын өтөгөнү баса берген. “Армияда мен жашоого башка көз караш менен карай баштадым. Мени ата-энем катуу кармап, темирдей тартипте чоңойгондуктан, түнт, жабык адам болуп айланада эмне болуп жатканына деле баам салбаптырмын. Армия мени чечкиндүүлүккө үйрөттү. Байкасам, көпчүлүктүн алдында уялып, өзүмдү жоготуп коёт экем. Бул маселени жоюу үчүн аскерден кийин актёрдук кесипти аркалайын деген чечимге келдим”. Мына ушул чечим Сон Чжэ Римди көпчүлүккө таанытты.
Анын алгачкы ийгиликтүү дорамасы “Айдын кучагындагы Күн” деп аталат. Андан сырткары “Эки апта”, “Кош бол, мистер Блэк!”, “Жаштардын доору”, “Париж” маникюр салону” сыяктуу дорамаларды да көргөн чыгарсыз. Ал эми 2024-жылдын жай айларында чыккан “Менин аскердик валентинкам” сериалы актёрдун акыркы эмгеги болуп саналат.
“Жаңы үйлөнгөндөр”
Актёрлук, моделдик жаатта эле эмес, музыканы да багындырган десек болот. Сөзү, обону өзүнө таандык чыгармаларды жазып, аларга бир нече клип тартканга да жетишкен. Саксофон, гитараны мыкты чертчү. Актёрдун жашоодо кандай адам экени “Жаңы үйлөнгөндөр” шоу-берүүсүндө ачылды окшойт. Аны дал ушул шоу аркылуу тааныгандар да көп. Бул берүүдө эки адам виртуалдык түгөйлөрдүн ролун аткарып, кадимки үй-бүлөдөй эле жүрүм-турумун көргөзүшөт. 4-сезондо Чжэ Рим кесиптеши Ким Со Ын менен 2014-жылдан 2015-жылга чейин “түгөйлөрдүн” образында болгон. Экөөнүн экрандагы химиясы жакшы болгондуктан, жашоодо да аларды үйлөнткүсү келгендер көп эле. Бирок реалити-шоудон чыккандан кийин экөөнүн мамилеси “достук” чектен ашпаганын билдиришкен. Андан кийин Чжэ Рим менен Со Ын “Биздин Габ Сун” дорамасына тартылып, ал жактан да түгөйлөрдү ишенимдүү чагылдырышкан эле. Актёр каза болгондон кийин актриса Ким Со Ындын социалдык баракчасында көңүл айткан адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Актрисанын күйөрмандары эки атактуу чынында түгөй болбогонун айтып, Ким Со Ындын тынчын алган билдирүүлөрдү жазбоону суранышууда.
“Узак жолдун башталышы...”
Жакында эле социалдык баракчасынын аталышын актёр “Узак жолдун башталышы” деп өзгөрткөн. Мындай өзгөрүүгө маани берилбей деле калмак, эгер анын өлүмү тууралуу суук кабар болбосо. 12-ноябрь күнү ал досу менен түштөнүүгө барабыз деп сүйлөшкөн. Белгиленген убакта досу келип, актёрдун жансыз денесин тапкан. Анын жанында эки барактан турган кат табылган, эмне деп жазылганы белгисиз.
“Мен өлгөндө майрам болушун каалайм”
Анын “Саламатсызбы?” тасмасынан кийинки берген маегинен үзүндүлөргө көз чаптырсак, тасма өз өлүмүн күтүп хосписте жаткан Суми аттуу кыз жөнүндө. Драманын мазмунуна ылайык, өлүм тууралуу суроо берилгенде Чжэ Рим “мен өлгөндө майрам болушун каалайм. Эл ыйлабай, мени менен шампан ичип, көңүлдүү коштошсо...” деген. Ал эми акыркы мүнөттөрдө кимди эстемек элең деген суроого “албетте, ата-энемди. Бирок мен алардан биринчи кетпешим керек” деп жооп берген актёр сөзүнө тура алган жок.
Фанаты күнөөлүүбү?
39 жаштагы актёрдун өлүмүнөн кийин аны социалдык тармактарда “кууп жүргөн” япон фанаты ачыкталды. Сасэн-фанат (кумирине ашыкча берилип күйөрмандык кылуу, сталкер болуу) көптөн бери Сон Чжэ Римдин аркасынан түшүп, ал ким менен жүрсө да сүрөткө тартып алып, ал сүрөттөрдү интернетке жарыялап “актёрлук маскага жаман адам экениңди жашырба” деген сыяктуу уу сөздөрдү жаза баштаган. Мындай жаман пикирлер актёрго эле эмес, анын жанындагы адамдарга да багытталгандыктан, анын жанында басуудан, сүйлөшүүдөн баары качып калган дешет. Мындай абал Чжэ Римди тынчсыздантып, чүнчүтүп жиберген. Бирок ушул фанаттын айынан өз жаны менен коштошту дегенге далил жок. Аталган фанат учурда аккаунтун жаап койгон.
Атактуу болсо да жөнөкөйлүгүнөн жазбаган, боорукер, шайыр, ак көңүл адам катары эскеришет аны тааныган көпчүлүк... Сон Чжэ Рим, жаткан жериңиз жайлуу болсун!
Асыл Орозбекова