ШОУ-БИЗНЕСТИН ӨЗ ЖАНА ӨГӨЙ БАЛДАРЫ КИМДЕР?

Жаш ырчылар менен кошо жергебизде шоу-бизнес да өнүгө баштады десек болчудай. Мына ушул шоу-бизнес менен бирге продюсерлик да модага айланды. Ырчыларды продюсери менен иштешип жатканда теле-радио, гезит-журналдардан тынымсыз чыгып жатканын көрөсүң. Эгерде кокустан пикир келишпестик болуп кетип, ырчы продюсеринен бөлүнсө эле ал шоу-бизнестин өгөй баласына айланып калып жаткан учурлар да болууда. Сөзүбүз куру болбош үчүн төмөндө мисалдарды келтирдик.

----------- ӨГӨЙЛӨР -----------

Ильяз Абдразаков

Жаш болсо да эжелерин “Эркем, ай” деп эркелеткен бул иничегибиз да продюсер менен иштешкендей болгон. Экөөнүн жылдызы келишпей калдыбы же өз алдынча иш­төөнү туура көрдүбү, айтор, жалгыз калды. Мүмкүн, бул жигитке КТРде иштеген продюсер апа болгондо азыр мындан да популярдуу болуп калат беле?!

Акбар Сүйүнбав

Шоу-бизнеске жаңы аралаша баштаганда Султан менен “Махабатым” деген ырды дуэт ырдап, жалгыздыгы билинбей жаткан. Качан гана Султан менен Мирбекти продюсер апалары сүйрөп кеткенде жалгыз калды окшойт. Ошондо бир продюсер ата тапкандай болду эле, ал киши да продюсерлик милдетти аткара албай койду шекилдүү. Андан бери достору сахнада эркелеп жүргөн кезде Акбар өзүнүн арабасын өзү тартып, бир аз болсо да тыңып калды көрүнөт.

Артык

“Атага кат” деп Сапар менен жакшы эле ырдап чыгып жатты эле. Кайсы кара теке сүздү, ким билет, минтип өнөгү продюсери менен бөлү­нүп кетип, жалгыз калды. Эми накта өгөй бала сен болмой болдуң окшойт, Артык.

Урмат Усенов

Кыргыздын мачосу деген атка жетишкен Урмат деле бир кезде шоу-бизнестин эрке балдарынын катарында болчу. Бул баланы да продюсер апасы эчтекеден кем кылбай 2 жыл бакты. Көңүл ачуучу көрсөтүүлөрдө сөзсүз Урматтын ыры кетчү. “Той болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, эми ал мезгил кол булгалап артта калды го, чиркин. Эми Урматты кайсы телеканалдан көрө алаар экенбиз?

Темир Назаров

Бул жигитибиз бир кезде шоу-бизнестин өз балдарынан эле. Ошондо Темир Темир болуп турган заманда күйөрмандары автограф сураса кааласа берип, каалабаса продюсерине шылтап коюп, айтор, аябай эле эрке болчу. Продюсери да Темирди “жылдыз кылам” деп колдон келген аракетин жасап жүрүп эле бир күнү Темирин колдон учуруп отуруп калды. Тагдырдын бурулушу ушул экен, көз ачып-жумганча Темир шоу-бизнестин өгөй баласына айланды да калды. Ошондон бери бул ырчы жигитибизди КТРден эмес, НБТ телеканалынан гана көрүп келебиз.

----------- ЭРКЕ БАЛДАР -----------

Мирбек Атабеков

Шоу-бизнестин эркетай баласына кирет. Албетте, өзүнүн талантына сөз жок. Жанагы ырдай албаган ырчыларга убакыт коротуп, убактылуу “звезда” кылып жаткан продюсерлер мына ушундай боло турган баланы тарбияласа жакшы болмок. Анткени, ырчынын өчпөй, көпкө чейин сахнада жүрүүсү ырчы үчүн да, продюсер үчүн да, эл үчүн да жакшы болот эле.

Султан Садыралиев

“Мен ушундай жөнө­көй жигит” деп жүрүп жөнөкөй болдубу же болбой калдыбы, аны убакыт көргөзөт. Бирок, шоу-бизнестин эрке балдарынын катарында жүргөн кези. Динара апасынын доорунда КТР дин төрүндө болушунча эле эркелеп жатат. Себеби, курсак ток, кайгы жок, баары даяр. “Машина минем” десе продюсери “мына машина” деп турса, “концерт берем” десе “макул” деп чуркап турса, дагы эмне керек? “Баланы жашынан” демекчи, жашынан эрке кылып койду эле, продюсери эми бармагын тиштеп отуруп калбаса эле болгону.

Ирлан Таалайбеков

Ирлан да продюсеринин көкүрөк күчүгү. Балдары үчүн ичкен ашын жерге койгон продюсер Асыл Апасова да биздин байкашыбызча, колунан келишинче эле эркелетип жатат. Анын үстүнө, Ирлан да арык эмеспи, кайсы жерге болсо да батып кете берет. Ирландын көп көрсө­түүлөрдөн көрүп жатканыбыздын себеби, ошондон улам болсо керек.

Мирбек Иманбеков

«Таластык кыздарды тамшандырган» Мирбек да шоу-бизнеске жаңы келгенде эле Асыл апчесинин этегинен чап кармады эле, минтип жылдызга айланып отурат. Албетте, жылдыз болууга продюсердин эмгеги чоң. Асыл эжеси “Мирбек ичесиңби, Мирбек кийесиңби?” деп Мирбектин көзүн караганы-караган. Баланы ашыкча эркелетүү, энеге ашыкча түйшүк болоорун продюсер апа билээр бекен.

Кайрат Примбердиев

“Бийле, бийле” деп бир орунда тура албаган Кайрат Динара Эсенгулованын эрке тарбиялануучусу. Азыр так секирип гана жүргөн убактысы. Бирок, кайсы күнү оозун чүйрүп “өзүнчө иштеймин” деп калат, аны убагында көрө жатаарбыз.

Алекс

Улуту орус болсо да, кыргыз тилинде түш жоруган Алекстин да ити чөп жеп турган мезгил. Анткени, эң күчтүү продюсер деп саналган Ассоль айымдын өз ырчыларынын итине чөп эмес, башка нерсе жедирип жибериш да колунан келет. Андыктан, Алекстин жылдызы дагы канчага чейин жанаары продюсеринин колунда.

----------- ӨЗ АРАБАСЫН ӨЗҮ ТАРТКАНДАР -----------

Неля

Назик кызыбыз шоу-бизнеске келип тай-тай басууга өтүп, жыгылып, мүдүрүп жатканда Арстанбек Абдыманов тай-тайлатты эле. Андан кийин эмне болду, ким билет, Тынчтыкбек Кожобековдун жетелеп жүргөнүн көрүп калдык. Эми жеке концертин элине тартуулаган соң ырчы кыз өзү басып калды. Балким, продюсерсиз жүргөнү бирөөгө көз каранды болгонду жактырбагандыгы чыгаар. Эмнеси болсо да, учурда шоу-бизнес көчөсүндө Нелянын зуулдап гана жүргөн кези.

Кубанычбек Сатаев

Бул жигитибиз өтө эрке да эмес, өгөй да эмес, иши кылып ортодо эле өз оокатын кылып кыбырап жүргөн ырчылардын катарында. Балким, продюсер апасын таппай жүргөндүр. Кубаныч, эгерде жакшы продюсерди тапсаң, анда жылдызың жымыңдап калышы толук мүмкүн.

Гүл

Ырды жазган жагынан да, обон жараткан жагынан да жаш кыздардын арасында алдыңкылардан. Эмне үчүн бул таланттуу кызыбызды продюсер апалар көрбөй жатышат болду экен? Же учурда күйөрман кыздардын көптүгүнө байланыштуу продюсерлер ырчы мырзаларды пайдалангысы келип жатышкандыр... Кантсе дагы Гүл бирөөгө ырын жазып, ал адамдын чыгармачылыкка байланыштуу жардамын пайдаланып, орусча айтканда, бартердик жол менен нан таап жеп жаткан кези.

Даярдаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 246, 20-26-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан