Жаңы клип
Султан Садыралиев: “Бул клипте жан дүйнөмдүн учурдагы абалы чагылдырылды”,- дейт. Кайсы клип дебейсизби? Сөз ырчынын “Эгиз жүрөк” аттуу жалпыга жапырт тарала баштаган ырына тартылган клип тууралуу болмокчу.
Режиссёру – С.Откеев
Оператору – А.Өмүркулов
Сарпталган каражаты – 1500 доллар
“КЛИПТЕ ЖАН ДҮЙНӨМДӨГҮ АБАЛДЫ ЧАГЫЛДЫРДЫМ”
Акыркы кезде Султан кайгылуу ырларды көп жаздырып, аларга ошол маңыздагы клиптерди тартып жүрдү эле. Ырчынын бул клиби такыр башкача. “Эгиз жүрөк” деген ырына тартылган клипте кандайдыр бир сюжет болбосо да, бактылуу жаштардын таттуу мүнөттөрү, көз ирмемдери чагылдырылган.
“Эгиз жүрөк” клиби тууралуу Султан: “Мен дайыма жан дүйнөмдүн, жүрөгүмдүн абалын чыгармаларымда чагылдырып берем. Ооба, буга чейинки ырларым да, аларга тартылган клиптер да кайгылуу болчу. Ал ошол чакта болгон, баштан өткөн кайгылуу абал эле. Учурда мен эң бактылуу мырзалардын катарындамын. Мына ошону клипте көрсөтүп отурам”,- деди.
ЖУБАЙЫНА ОКШОШ КААРМАН
Султан “жаңы тартылуучу клибиме жубайым Аселди катыштырам” деген эле. Клипти алгач көргөндө биз да Асел деп ойлогонбуз. Каарман сырткы келбети боюнча ырчынын келинчегине окшошуп кетет, бирок Асел эмес. Аты – Рейна, 20 жашта. Учурда Борбор Азиядагы Америка университетинде 4-курста окуйт.
“Эмне үчүн жубайым тартылат дедиң эле?” деген суроого Султан: “Рейнанын сырткы келбети менин Аселиме окшош экен. Анан алдын ала анонс болсун деп айткам да, атайын окшош кыз издегем (күлүп). Ал эми жубайым менен бирге тартылуу алдыңкы пландарда бар”,- деп жооп берди.
ЖАРЫКТЫН АЛДЫНДА КЫЙНАЛГАН
Клип тартуу үчүн 10 күн даярдык көрүп, 1 күндө ишке ашырышкан. Режиссёр Сүйүн Откеев: “Биз күнүмдүк позитивдүү жашоону чагылдырган клип болуусун каалаганбыз. Бул клип эмнегедир жеңил тартылды. Султан да эркин ойноп, каарман кыз да таланттуу экен, сонун тартылып берди. Көпчүлүк “корей тасмаларындагы кыздарга окшош экен, атайын тандадыңарбы?” деп сурап калышты. Чынында, кыздын образын корейлерге окшоштуруу жөнүндө ой жок эле. Муну клип тартылып бүткөндө гана байкадык”,- дейт.
Ал эми клип тартууда болгон кыйынчылыктар тууралуу Султан: “20га жакын күйүп турган лампочканын арасында ырдоо оор болду. Тердеп-кургап, кайра-кайра аарчынып... Алардын баары кадр артында калды”,- дейт.
Бул клипти Медиа-порталдан көрө аласыздар.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg