Азыркы заманда аялдар зомбулукка кабылган окуялар көп. Сабалган, басмырланган, кордолгон... Мындайда аргасыз кыргыздын түпкүлүгү эске түшөт. Кыргыз эч качан аялзатын кордогон эмес, сый мамиле кылган. Аялзаттын жаш курагына жараша сыйы, макамы болгон. Мисалы...
Кыз
Элибизде кызга төрөлгөндөн тарта өзгөчө камкордук менен мамиле жасалган. Кыздуу болгон ата-эне “дүйнөнүн кызыгын көрөт экенбиз” деп катуу сүйүнгөн. Наристе курагынан тарта кыздын кийими болобу, асем буюму болобу, өзгөчө көркөм жана барктуу болгон. Суук көздөн, сөздөн коруп тумар жасатышкан. Аруулугун сактасын деп чачына ак кебез менен учуктап, чач өрүшкөн. Секелек кыздын чачын беш көкүл деп бешке бөлүп өрүшкөн. Беш көкүлдүн философиясы – кыздын беш бөлөк журту болгонунда. Кыздын чачын өрүп жатканда апалар “кагылайын кызым, беш журтуң бекем болсун” деп тилек айтышкан. Беш журту:
Ата-энеси, ага тууганы
Тай журту
Кайын журту
Жака журту (катташкан санаалаштары, кошуна-колоңдору)
Ата журту (мекени)
Кыздын сыйы бийик болгон, атасы, агасы тарабынан кызга кол көтөрүлмөк түгүл, кызды көз менен жекире карашчу эмес. Эгерде бир кемчилиги болсо, энеси же жеңеси аркылуу гана билдиришчү. Кызга жигит эч качан даап барып сөз айта алган эмес. Далай жоону жеңген баатырлар да кыздын алдында сүрдөгөн. Негизи кызды тарбиялап өстүрүү мектеби апалар жана жеңелер болгону белгилүү. Кайын журтка мамиле кылууну, күйөөгө мамиле кылууну, ыйык очокту сактап калууну, майда-чүйдө тиричиликтен бери ошол мектептен тарбия алып чыгышкан. Ал эми үйдөгү эркектердин милдети – кызга урмат-сый көрсөтүп, сүйүп, керектүүсүн камсыздап берүү болгон.
Келин
“Кыз оюну” эң маанилүү мааракелердин бири, ушундан эле келинге болгон сыйды байкаса болот. “Келин” деген сөз “кел, ийил” деген мааниден улам келип чыккан деген маалыматтар бар. Келинди сыйы менен алып келип, жаңы бүлөдө сый менен кам көргөн. Анткени ошол үйдүн эртеңки очок ээси, журт энеси, тукум улоочусу катары урмат менен мамиле кылышкан. Келинге кайната, кайнагалары жаман-жакшы сүйлөмөк тургай, алдынан тике басып чыгышкан эмес, аны серп салып кароо уят деп саналган. Келинге болгон сый чач учтуктан да билинген. Басып келе жатканын чач учтуктун үнүнөн байкап, каада сактап отуруп калышкан. Башкача айтканда, орунсуз күлкү, өйдө-ылдый тамаша сөздөрү тыйылган. Көч убагында келиндерге ыңгайлуу, күчтүү аттарды мингизишчү. Анткени бешик өңөрүп жол жүргөндө кыйналбасын дешкен. Азыркы заман менен салыштырып мисал кылганда, келиндин алдына Лексус 470ти тарткандай эле кеп.
Аял
Көчмөн журтта кыргыз аялдарынын ролу кошуна элдерден айырмаланып турган. Мисалы, аялдар эркектер менен тең эле атта жүрө алган, зарыл кезде эркектер менен катар туруп мекенди коргошкон. Муну тарых деле тастыктап турат. “Сен аялсың, сага курал кармаганга болбойт, ат мингенге болбойт, сөзүң кем, өзүң кем” деген мамиле болгон эмес.
1898-жылы италиялык саякатчы Феликс Рокка “Алайдан Аму дарыясына чейин” деген китебинде “кыргыздай аялдарды урматтагандай эл аз. Алар Борбордук Азиядагы башка элдердей жүзүн жашырышпайт. Эркектер менен бирдей укукта. Ал тургай уруу маселелери чечилип жатканда да аялзатынын пикирин эске алышат” деп жазган. Кыргыз аялга начар мамиле кылганда Жаңыл мырза, Кыз Сайкал, Курманжан датка, Уркуя деген ысымдар тарыхта калбайт эле. Адатта, кыргызда “кабыргаң менен кеңешип көрчү” дешет олуттуу бир иш боюнча чечим чыгарарда. Бул “аялың менен кеңеш” деген сөз эмеспи. Демек, аялдын кеңешин, акыл-насаатын ата-бабаларыбыз четке каккан эмес.
Эне
Кыргызда илгертен энеге болгон урмат күчтүү. Жоого аттанарда, бир иш баштаарда сөзсүз нарктуу, барктуу энелерден бата алышкан. Мындай кадыр-баркка ээ эне журт энеси болуп, сөзү өтүмдүү болгон. Анын баскан-турганы кыз-келиндерге үлгү болгон. Кээ бир учурда мамлекеттик маселелерди энелер чечкен. Мындай статуска ээ болгондор – байбиче аталган. Баркы бийик болгондуктан адатта “байбиченин баласы” же “токолдун баласы” деп бөлүнгөн. Байбиченин балдары кадыр-барктуу болуп, алардын сөзү өтүмдүү болгон. Мураскер катары да байбиченин балдарына көбүрөөк үлүш калган. “Байбиче” деген кептин мааниси: “бай” – сыйлуу, барктуу дегенди, “бийке” – ханыша, ханбийке дегенди билдирген. Кийин кыскартылып байбиче аталып калган.
Токол
Адатта, колунда бар, кадырлуу инсандар байбиченин үстүнө токол алышкан. Токол эмнеден улам аталган десе, мүйүзү жок эчкини же уйду “токол эчки, токол уй” деп коюшат эмеспи. Токол – сүзүшө албаган, статусу байбичеден төмөн аял. Бирок бул анын акыл-эсинде же дене мүчөсүндө кемчилик бар дегендик эмес. Тарыхта калган Бурулча да токол, Шырдакбектин Эркайымы да токол болгон.
Жесир
Күйөөсү каза болуп, балдары менен калган жесирди басмырлашкан эмес, сый-урмат менен мамиле кылып, жардам беришкен. “Баланча уруунун жесири кор болуп жүрөт” деген кеп ошол уруунун эркектерине тийчү оор сөз болгондуктан, жесирди жакшы кароо элдин баатырынын милдети болгон. Жесирдин тагдырын чечүү да ошол уруунун жакшыларына тагылган милдет делген. Эгерде ылайыгы чыгып жесирге турмуш курууга сөз айттырган болсо, аны уруу жакшылары кор болбой турган жерге беришкен.
Кандай жаза берилген?
Турмушта агы менен карасы аралаш жүрөт эмеспи. Күйөөсүнүн башын аттаган же бир жосунсуз жорук жасаган аялдарга жаза берилгени да тарыхтан белгилүү. Мисалы, күйөөсүнүн көңүлүн оорутуп, үй турмушун эптей албаган аялдарды кыргызда “салбар катын” деп коюшкан. Салбар катынды айылдан алыс кондуруп, ага күйөөсү азыраак каттап жаза берген. Ал эми күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аялдардын күнөөсү далилденсе, чачын кыркып топтолгон элди аралатышкан. Кыргызда аялдын чачы жогорку даражада болгондуктан чач кесүү – руханий бир мааниге ээ болгон. Чачын кыркуу – аялдын тагдырын кыркууга тете көрүнүш болгон. Мындан ашык жаза болгон эмес. Кулак-мурдун кесип же денесин көк ала кылып сабашкан эмес.
Макаланы даярдоого белгилүү этнограф, изилдөөчү, тарыхчылар көмөктөштү.
Нуржамал Жийдебаева