Жазында Кыргызстан жаңы гимндүү болот

-3-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Мелис Мураталиев катышты. Төрага гимнди өзгөртүү коомчулуктун катышуусунда болушу керектигин белгиледи.

– Бул маселеге бардык жарандар катышып, текстин жана обонун сунуштоого эч кимге чек коюлбашы керек. Эл акыны же тажрыйбалуу композиторлор гана эмес, бардык чыгармачылыкка кызыккан жарандар өз вариантын сунуштай алгыдай болушу шарт. Ичинен өлкөбүздү даңазалап, элибизди алдыга сүрөп, демине дем кошо турган мыкты гимнди атайын комиссия тандап, Жогорку Кеңешке киргизиши керек, – деди спикер.

Нурлан Шакиев жаңы гимн 2025-жылдын апрель айына чейин кабыл алынышы керектигин кошумчалады.

Айта кетсек, буга чейин коомчулуктагы сын-пикирлерге карабай мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизилген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1148, 5-11-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан