14-февраль күнү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “КардиоХит” деп аталган майрамдык концерт болуп өттү. Бул күнү ырчылар эски да, жаңы да чыгармалары менен көпчүлүктү кубантышты. Ошондой эле концертке келгендер биринчи жолу Гүлнур Сатылганова менен Омардын, Даниель жана Кундуздун, Гүлзинат менен Гүлжигиттин, Мирбек жана Чолпонайдын, Урмат Усенов менен Айя Садырованын жана башкалардын дуэттерине күбө болушту.
Ал гана эмес, алпаруучулар залда кол кармашып отурган түгөйлөргө кызыктуу оюн-зоокторду уюштурушту. Сынактын жеңүүчүлөрүнө “Тумар” радиосунун атынан атайын белек-бечкектер тапшырылды. Ал эми беш түгөйгө романтикалык кечки тамактануу тартуу кылышты. Башкача айтканда, сынактан жеңген таттуу түгөйлөр дароо эле концерттен чыгып, ак Лимузинде ресторанга сапар тартышкан.
Ошентип, Сүйүшкөндөр күнүндөгү «КардиоХит» концерти мыкты маанайда өттү. Бул концерттин башкы өнөктөшү катары “Тумар” радиосу иш алып барды.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg