ТАШТАНДЫНЫ СОРТТОО – МЕЗГИЛДИН ТАЛАБЫ

Урматтуу окурман, сиз таштандыларды сорттоо аракетиңиз менен дүйнөлүк деңгээлде климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин азайтасыз жана табигый ресурстарды үнөмдүү колдоонууга жардам бере аласыз. Негизгиси өзүңүз, үй-бүлөңүз жана болочоктогу урпактарыңызды, коомду ар кандай вирустук инфекциялардан, дем алуу органдарынын ооруларынан жана башка суу, аба, топурак аркылуу жугуучу илдеттерден сактоого кадам таштаган болосуз. 

Жаратылыштын жарасына айланчу калдыктар

Кыргызстан айлана-чөйрөнүн булганышына каршы күрөшүүгө жылына орточо
383 миллион сом коротот (Каржы министрлигинин расмий маалыматы боюнча), сиз ушул сумманы кыскартууга, үнөмдөлгөн акчаны башка зарыл иштерге коротууга мүмкүнчүлүк түзүп беришиңиз толук мүмкүн. Кандайча дейсизби? Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө таянсак, Бишкектин бир тургуну жылына орточо 400 килограмм таштанды чыгарат. Бул таштандынын айрым калдыктары табигый шартта дээрлик 300 жылда эрип жок болот. Демек, табият эбегейсиз зыянга учурайт. Таштандылардын арасынан өмүргө, жаратылышка абдан коркунучтуу деп пластик, электрондук каражаттардын калдыктары, турмуш тиричиликте колдонулган химиялык заттар эсептелет.

Метан газы жана глобалдык жылуулануу

Белгилүү болгондой, пластик эригенде өзүнөн метанды бөлүп чыгарат, бул газ атмосферада парник газынын көлөмүн арттырат да, глобалдык жылууланууну тездетүүгө таасирин тийгизет. Бириккен улуттар уюмунун Айлана-чөйрөнү коргоо программасынын маалыматы боюнча, метан планетаны көмүр кычкыл газына караганда 86 эсе көбүрөөк жылытат. Улуу Британиянын Рединг университети жетектеген изилдөө бүгүнкү күндө адам колдонуп ыргыткан пластиктен бөлүнүп чыккан метан, парник газынын орточо үчтөн бир бөлүгүн түзөрүн далилдеген. Курамында хлор камтылган пластик өзүнөн химиялык заттарды бөлүп чыгарат. Бул уулуу зат топуракка, жер астындагы сууларга, андан кийин ичүүчү суу алынган кудуктарга кошулат да, адамдардын суу аркылуу ууланышына себеп болот.

Пластик деңиз жандыктарынын өмүрүн кыскартат

Билесизби, жылына дүйнөдө 390 миллион тонна пластик өндүрүлөт. Орточо алганда, анын 14 миллион тоннасы дүйнөлүк океандарга ташталат деген маалыматтар бар. Ушундай таризде дүйнөлүк океандагы таштандынын 80 пайызын пластик түзүп, башка таштандылардан басымдуулук кылып келет. Деңиз жаныбарлары көп сандагы пластиктин бирин, мисалы, желим бөтөлкөнү кокустан азык ордуна жутуп алат. Бул деңиз жаныбарынын тамак сиңирүү жана зат алмашуу системинин иштешин бузуп, организминде пластиктен бөлүнгөн уулуу заттар узак мөөнөткө сакталат да, жыйынтыгында анын өмүрүн кыскартат. Дал ушул ууланган деңиз жандыгы (балыктын түрлөрү, креветки жана башка) сиздин дасторконуңузга келип, ден соолугунузга түздөн-түз зыян келтириши мүмкүн. Дүйнөлүк океан кайда, а мен кайда дебеңиз. Алыс барбайлы, кадимки Ысык-Көлдүн абалы да кубантарлык эмес. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы Ысык-Көлдөн 23 миң тонна таштанды чыгарылган. Ошол таштандыга толгон көлдө жайкысын Кыргызстандын миңдеген жарандары, чет элдик туристтер сууга түшүп жатканын эскерте кетели. Жогоруда пластик таштандысынын гана айрым кесепети жөнүндө сөз козголду. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, адам ыргыткан таштандылар кемирүүчүлөрдү, канаттууларды жана башка жандыктарды өзүнө тартып, ушул жандыктар аркылуу вирустук инфекцияларды, дем алуу органдарынын ооруларын, репродуктивдик ден соолук жаатындагы түрдүү көйгөйлөрдү жайылтуучу болуп калууда.

Электрондук калдыктар

Компьютерлер, планшеттер, уюлдук телефондор жана башка электрониканын жаңы түрлөрү жыл сайын миллиондоп өндүрүлүп, эскилери тез эле колдонуудан чыгып жаткандыктан дүйнө жүзүндө электрондук таштандынын көлөмү кескин өсүүдө. Электрондук калдыктардын мониторинги боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (GEPS) маалыматы боюнча, 2014-жылдан 2019-жылга чейин дүйнөдө 53,6 миллион тонна электрондук таштанды пайда болуп, мурунку 5 жылдыкка салыштырганда 21 пайызга өскөн. Технология тез өнүгүп жаткан азыркы учурда бул көрсөткүч да жыл сайын тездик менен өсүп жатканы талашсыз. Окумуштуулар баса белгилешкендей, электрондук таштандылар айрыкча кош бойлуу аялдардын жана балдардын ден соолугуна абдан терс таасирин тийгизет. Өпкөнүн иштешинин начарлашы, дем алуу органдарынын оорулары, ДНКнын бузулушу, калкан безинин көйгөйлөрү, кийинчерээк рак, жүрөк-кан тамыр оорулары жана башка өнөкөт оорулардын пайда болуу коркунучун арттырат деп коңгуроо кагылып келет. 

Адистер эмне дешет?

Электрондук калдыктар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун да тынчын алууда. Аталган уюмдун башкы директору доктор Тедрос Гебреисус мындай дейт: “Биз өзүбүздүн эң баалуу ресурсубуз – балдарыбыздын ден соолугун электрондук калдыктардын коркунучунан коргошубуз керек”.

Зыянды азайтуунун жолу – таштандыны сорттоо жана кайра иштетүү

Дүйнөлүк изилдөөлөр таштандыларды сорттоо, аларды кайра иштетүү абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтууга оң таасир этерин көрсөтүп жатат. Мисалы, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Европа агенттигинин изилдөөлөрүнө ылайык, Европанын ири өлкөлөрүндө таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү абадагы көмүртектин көлөмүн 56 миллион тоннага чейин кыскартып, климатка оң таасир берген.

Таштандыларды сорттоо кагаз, металл, айнек жана пластмассаларды кайра иштетүү – ресурстарды үнөмдөйт. Мисалы, 1 тонна кагазды кайра иштетүү 2,5 тонна бак-даракты кыйбай сактап калууга жардам берет. Өндүрүштө кайра иштетилген материалдарды колдонуу табигый ресурстарды пайдаланууну кыскартып гана тим болбостон, энергия сарптоону дагы азайтат. Мындай аракеттердин натыйжасында экологиянын абалы жакшырып, экосистемдин туруктуулугу сакталып, келечек муундар үчүн таза, ден соолукту коргоочу дүйнө түзүлөт дешет экологдор.

Өлкөдөн жылына канча таштанды чыгат? 

Кыргызстанда жыл сайын 1 миллион тоннадан ашык тиричиликтик таштандылар чогултуларын Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өнүгүү программасы билдирет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери “таштандылардан чыккан уулуу заттардын үзгүлтүксүз таасири рак жана респиратордук ооруларга чалдыгуу коркунучун арттырарын” баса белгилешип, өлкөлөрдү таштандыларды сорттоо системин ишке киргизүүгө үндөп келишет.

 Жыйынтык сөз

Жыйынтыктап айтканда, сиз таштандыларды сорттоп, кайра иштетүүчү пункттарга тапшыруу аркылуу жакындарыңызды, өлкөңүздү, дүйнөнү чоң коркунучтардан сактасаңыз болот. Албетте, ал үчүн өлкөдө таштанды сорттоо маданияты калыптанып, таштандыны түрүнө карап кайра иштетүү иши жолго салынышы керек. Кыргызстанда мындай иш эми-эми гана башталып келе жаткансыйт.

 

Адина Муктар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1148, 5-11-декабрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан