ОМАР - КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖҮЗҮ

3-февраль күнү Омар Кыргызстандын атынан Астанада өткөн Эл аралык фестивалга катышып келди. Бул жана башка жаңылыктары тууралуу ырчы жигит өзү кеп салат.

– Омар, Астанада өткөн фестивалга кандай барып келдиң?
– 3-февраль күнү Кышкы Азия оюндарынын алкагында өткөн “Астана даусы” фестивалына барып катыштым. Өзүм “Сары-Ой” деген ырды дайындап барган элем. Бирок уюштуруучулар “сизди “How Long” ыры аркылуу бардык Азия эли тааныйт” деп ошол ырды ырдатышты.
– Ал жакта кандай кызыктарга күбө болдуң?
– Астанада Малайзия, Япония, Таиланд, Индонезия, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн ырчылары менен жакындан тааныштым. Андан сырткары Батырхан Шукенов сыяктуу белгилүү адамдар менен чогуу отуруп, чогуу тамактанып жүрдүк. Казакстанда белгилүү болгон “Ринго” тобунун продюсери менен бир долбоордун үстүнөн иштешмей болдук. Буюрса, жакында ал тилегибиз да ишке ашып калат.
– Кыргызстандын атынан чыгыптырсың, колдоо көрсөткөндөр болдубу?
– Көп болбосо да Маданият министрлиги 30 000 сом акчалай жардам көрсөтүштү. Эң негизгиси, адамдын көңүлү деп коюшат эмеспи. Ошол сыңары бизге көңүл бөлүп, аз болсо да колдоо көрсөткөндөрүнө ыраазычылыгымды билдирем.
– Рахмат маегиңе. Ар дайым бар бол, аман бол!

P.S. Омар 11-февраль күнү саат 14:00дөн 16:00гө чейин форумда түз байланышта жана эфирде болуп, суроолорго жооп берген. Ырчы жигиттин эфир аркылуу байланышынын кыскача бөлүгүнө төмөндөн күбө болосуздар.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
armi
2011-02-19 06:00:45
Azamatsyn!!!
0
дото тытынч
2011-02-19 13:24:57
Бир ырчы жакканда,экинчи ырчыны жамандаган бул туура келбейт,Мирбек Атабеков чыгырмачылыгы менен коп салым салып жатат,патриоттук ырларды дал ошол Атабеков ырдайт. Омарга ийгилик,абдан жакшы ырдайт,ошонусу менен жонокойчулук кошулса мунозуно жакшы болот эле,кыргызча ырларды чон эстрадага чыгырса,А.Пугачева озгочо сыйлыгын ыйгарганда,мына эми Кыргыстандан бир чыраан жигит чыгат деп аябая кубанган,анан бат эле тапкан сыйлыгы менен Омар чыгырмачылыгы "кор" оокаттан ашкан жок.
0
lolo
2011-02-19 18:12:41
Mmmmmmhhhhhhh menin janym, kandai suiom seni bilesinbi? :)))))
0
Jazgulya
2011-02-20 01:41:44
Azamatsyn,iwterine iygilik. Ty supppppeeeeerrrrr!!!
0
Kanubek
2011-02-20 10:26:11
Э токтогула кандай сыйлыка ээ болуптур же курук кол менен келдиби. Мирбек Атабеков жакшы ырдайт мага жагат ырлары
0
Жаку
2011-02-21 16:09:14
Ой, азамат, менин суроомо так жооп берипсин. рахмат. Ийгиликтер коп болсун сенде. Жаны толкунга дагы барышына тилектешмин.
0
Bishkekchanin
2011-02-22 06:22:56
Мен Омарды бой которгон бала экен десе, жонокой эле жигит турбайбы!!!Азамат, бар бол!!!Мага эн жакканы кыргызча адабий создор менен суйлойт экен, азыркы жаштарга улгу болдун!!!
0
Kyrgyzgirl
2011-02-22 09:20:56
Омар, кыргыз тилинде жогорку денгээлде билип жана колдонгонуна чон алкыш! Азаматсын!
0
Puwkin
2011-02-22 16:33:24
menim4e jakwinakaay kreslodo ele oturup intervyu algan jakwi emespi??? je Super TV ozgocho nerse kilabyz dep oylogongo, tim ele komptordu tizip aliwip. internet kafede oturabi dep oylopmun:)
0
nurjazi
2011-02-22 17:53:33
jagat maga Omar!molodec!
0
Roberto
2011-02-22 22:03:24
Омар озу негизи эле жакшы бала! Адамгерчиликтуу, жонокой!!! Уну дагы жакшы! Ырларына соз жок !!!
0
maxa
2011-02-23 20:32:29
ким озу Омар дегенинер
?кантип эле кыргызстанга жуз боло калды?
0
Eliza
2011-02-24 04:10:15
egerde siz maxa Omar kim ekenin bilbeseniz, anda ishtin butkonu ekeni da. Ech kachan antip aitpanyz, el ukpasyn sizge uyat bolot. Omardy jeke ele Kyrgyzstanda emes, chet jaktagylar taanyit. Omar - azyrky bizdin show-biznesti aldyga tartkandardyn biri desem janylyshpaim. Azamatsyn Omar, kudaiym bergen talanttyn ossun!!! Kyrgyzstandyn jelegin dagy koptogon olkolordo jelbiretip juro ber! Biz sen menen syimyktanabyz!!!
0
samaraaa
2011-04-22 15:01:32
Да нууу Омар Кыргызстандын жузубу?! Анда башкаларыбыз кайда барат?!
0
musulmano4ka
2011-06-03 17:09:50
Омар бир эле Кыргызстандын жузу эле эмес эн Красавчик ги да болот!!!! Ушуну билиб алгыла!!!
0
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан