Белгилүү ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов “буга чейин жалаң атам жөнүндө сүйлөп эч жерге маек бере элек болчумун” дейт. Маңдайымда Бактияр агабыз “Атам – аска-зоом” рубрикасынын алкагында ата тарбиясы, атанын орду тууралуу кызык кеп салып отурду.
“Атамдын бош отурганын көргөн жокмун”
– Атам Абдинаби Токторов, 1939-жылы туулган. Кесиби боюнча мугалим, физик-математик эле. Быйыл жазында каза болду. Кудайым жакшы өмүр берди, жакшы өлүм берди дейт элем, уктаган боюнча эле кетти, ооруп төшөктө жатып калган жок. Атам мен үчүн жашоодо бардык тарабынан үлгү боло алды. Абдан эмгекчил киши эле, үйдө бош отурганын көргөн жокмун. Качан караба, иш үстүндө жүрчү. Мектепке барып келет, сабактарын даярдайт да, кайра үйдөгү иштерге киришет. Ошонусу менен бизди эмгекчилдикке үйрөттү. Апам экөө беш баланы тарбиялап чоңойтушту. Улуубуз Алим акем, анан мен, Касым, Гүлжан, Жеңиш. Баарыбызды жогорку окуу жайга окутту, билим алуу абдан керектиги боюнча багытты атам берди бизге. Кийин студент болуп айылга барып калганда “Силер эми бизден көптү көрүп жатасыңар. Силерге бир нерсе деш кыйыныраак” деп калчу. Мен “ал жакта окуйм, бул жакта окуйм” дей берчүмүн. Атам “макул, уулум, сен ушундай эркин өсүп жатасың, өзүң билгендей бол” деди бир жолу. Атам сөзү гана эмес, иш-аракети менен да үлгү боло алды бизге. Үйгө атамдын достору көп келчү, мен алардын сөзүн тыңшап жанында отура берчүмүн. Кичинемден шахматка, шашкиге, математикага кызыкканыма да атам себепчи.
“Жогоркуга окушум керек деп техникумда окубай коюптур”
– Атам апама кандай жолдош болду? Камкор күйөө болду. Үйлөнгөндөн кийин апамды жогорку окуу жайга тапшыртып, экзамендерине жардам берип окутту. Өзү окууга аябай ынтызар болуп, ЖОЖго тапшырам деп Фрунзеге келсе упайы жетпей калыптыр. Деканаттан “сенин упайың жакшы экен, суу боюнча техникумга барып окубайсыңбы” дешсе, “жок, мен жогоркуга окушум керек” деп кайра айылга кетип калыптыр. Анан 3 жыл аскерде кызмат өтөп келгенден кийин Тажикстандын Ленинабад деген шаарында 5 жыл окуп келген, болгондо да орус тайпада. А мен азыр деле орусчаны жакшы сүйлөй албайм (күлүп).
“Балдарын рамкага салган жок”
– Атам балдарынын бирине да кол тийгизген жок. Эч кандай рамкага салган жок бизди. Абдан тамашакөй эле. Чогуу отурганда күлдүрүп, “душа компании” деп коёбу, ошондой болчу. Атам бизди спортко да кызыктырды, өзү штанга көтөрүп машыгып калчу. Мүнөзү аябай жумшак эле. Тели-теңтуштары “агай” деп коюшчу, бирөөлөр көйгөйүн айтып келишсе, канча сүйлөсө да сөзүн бөлбөй угуп отура берер эле. Тиги киши айтып бугун чыгарып алгандан кийин гана акырын “ал мындай болот” деп багыт берип коё турган. Азыркы тил менен айтканда, психолог эле.
“Бир нерсени абдан кызыктуу кылып баяндачу”
– Атамдын турушу өзү позитив эле. Аксакал болгонго чейин ошол мүнөзүнөн жазган жок. Бир учурда комузга кызыгып жүрдү, анан радиодон комуз күүлөрүн угуп отуруп черткенди үйрөнүп алды. Ал комузду акем экөөбүз да чертчүбүз. Комузду гитара кылып чертип ойноп жүрүп музыкага кызыгып кеттим. Атам бир нерсени абдан кызыктуу кылып баяндап бере турган. Теңтуштары “согушка барбаса да, согушта жүргөндөй кылып элестүү айтып берет” деп суктанып калышчу. Атамдын көркөм чыгармачылыкка жакындыгы акемде да, менде да бар. Алим акем кийин Исхак Раззаков тууралуу тасма тартты.
“Бактиярдын атасымын деп сыймыктанып жүрдү”
– Бизди эч нерседен кем кылган жок. Эстеп көрсөм, тыйындан кыйналып калган учурлары болуптур. Андайда апам кейип-кепчип калса, “ээ, Дархан, бул күндөр да өтөт” деп жоошутуп койчу. Кыял-жоругун, мүнөзүн эстеп отурсам, атам жомоктогудай эле киши болуптур. Айрымдар “балдарыңды кантип тарбияладың?” дешсе, “ээ, тарбиялаган деле жокмун, өздөрү эле ушундай мыкты” деп койчу. А чынында, бардык нерсени өзү жасап, өзү аткарып үлгү болуп жүрүп тарбиялады. “Жалган сүйлөгөн, алдаган, уурулук кылган, бирөөнүн акысын жеген бизге жукпайт. Биз ак сөөкпүз” деп калчу.
Бир жолу “уулум, атам барда аз эле акча менен иш кылсам көзгө толо түшчү эле. Атам иштин көзүн билет эле. Анын көзү өткөндөн кийин канча аракет кылсам да жыйынтык жок” дегени эсимде. Анын сыңары, жашоодо атанын орду өзгөчө болот экен.
Мени эл таанып калганда сыймыктанып жүрдү. “Мени мурда Наби агай деп таанышчу, азыр Бактияр Токторовдун атасымын десем, “оо, Бактиярдын атасысызбы?” дешип тим эле сыйлап калышат” деп сыймыктанып жүрдү.
Бир жолу атам мага кошулуп Нарынга гастролго да барып келген. Кийин ошону досторуна мактанып айтып жүрдү. “Досторума Нарынга барганымды көбүртүп-жабыртып айтып мактанам” деп калчу.
“Өкүнүч жок, колдон келишинче сыйымды көрсөттүм”
– “Жакшы сөз да, жаман сөз да бир ооздон чыгат. Жакшы сөз турганда жаман сөздүн не кереги бар, жакшы сүйлөгүлө, балдарым” дечү. Биздин ийгиликтерди көрдү, билбейм, менде өкүнүч, арман жок. Атама колумдан келишинче жакшылык кылып, сыйымды көрсөттүм. Башында ажылыкка жиберейин десем “кой, балам, анча тыйынды өзүңдүн бала-чакаңа жумша” деп койчу. Кийин көндүрдүм, барып келди. Эгер барбай калса, “шартым болуп туруп алып бара алган жокмун” деп азыр өкүнмөкмүн. 2 жыл мурун Орусиядан журналисттер келип мен тууралуу 10 мүнөттүк көрсөтүү тартып кетишкен. Мен себепкер болуп ата-энем Орусиянын телеканалынан чыкты, ушуга да кубанам. Шаардан өзүмө кошуна кылып үй алып бердим. 2 жыл Бишкекте жашашты. Жаныбыздагы сейил бакта экөө жетелешип басып жүрүштү. Ошол мүмкүнчүлүктү Кудайым бергенине ыраазымын. Айтор, колумдан келген тилектеримдин баарын ишке ашырдым, Кудайга шүгүр.
“Эл менен чогуу жүрүүнү үйрөттү”
– Атамдай болуш кыйын. Жасалмалыгы жок, оңою менен эмоцияга алдырбаган киши эле. Кайгырганды билчү эмес. Кээде айрым туугандар тууралуу “мындай кылса болбойбу, тигиндей кылса болбойбу” деп калсаң, “ошондой тууганың бар да эми” деп тынчтандырып,туугандарды ынтымактуу болгонго жол көрсөтчү. Жашоодо пикириң, ниетиң өзгөрө берет экен. Бирөө сен жөнүндө бир нерсе айтса ичиң жылып же жиниң келип кетет го. Ошондой учурларда эмоцияны башкарганды үйрөттү. Атама чоңураак пландарымды айтсам, акырын басып койчу. “Балам, элдикинен ашырып жибербе, элдикиндей эле кыла бер” дечү. Окууга, илимге умтулганды, элдин алды болгонду, эл менен чогуу жүрүүнү да үйрөттү. Өзүң ата болгондон ата баркын мурдагыдан да көбүрөөк түшүнөт экенсиң. Бул жашоодо эң күчтүү, эң ишенген тирегиң атаң экен. Кайсы жашта болбосун атаң сага дем-күч болуп турат.
Гулийпа Маметосмон кызы