Концертке келиңиз...
21-22-февралда Мекенди коргоочулар күнүнө карата Опера жана балет театрында куудул, ырчы Кубик Калыковдун “Эски дос эстен кетпейт” аттуу концерти болот.
– Көптөн бери концерт бере элек элеңиз...
– Ооба, концерт бербегениме 3-4 жыл болуп кетиптир. Ошону эске алып, быйыл мырзалардын майрамына карата уюштуруп жатам. Негизи, талантыңды элге тартуулап, аларга күлкү арнап турганга эмне жетсин.
– “Досторум эле катышат” деп жатасыз, демек, жаш ырчылардан чакырган эмес экенсиз да.
– Жаш ырчылардан эч кимди деле чакырган жокмун, кызым Айпери эле катышат. Мени менен 20 жылдан бери иштешип келген кесиптештерим, чыгармачыл досторум концерттин көркүн ачышат. Анткени жаңы сатиралар, юморлор, монологдор бар. Ошондой эле дастан айтам, кызым менен дуэт ырдап чыгам.
– Опера жана балет театрын тандап алганыңыздын себеби эмнеде?
– Менин планым боюнча Улуттук филармонияда өткөрмөкмүн. Учурда майрамга карата коюлчу концерттер көп болгондугуна байланыштуу ал жер бош эмес экен.
– Концертиңизде ырларга басым жасалабы же сатираларгабы?
– Экөөнө тең бирдей басым жасаганга аракет кылып жатабыз. Бирок ырлар көбүрөөк ырдалышы мүмкүн. Концертим башкалардан өзгөчөлөнсүн деп театрлаштырылган стилде өткөрөйүн деп жатам.