ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 30-декабрдан 5-январга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Аптада зеригип отурганга убакыт болбойт, тескерисинче, убакыт динамикалуу өтүп, айрым учурларда жетишпей да калышыңыз ыктымал. Шейшемби жумушта, билим жаатында ийгилик күтөт. Жашооңуздун романтикалык багыты да сизден көңүл бурууну талап кылат. Атаандаштык, ким экенимди көрсөтөм деген куру дымактан алыс болуңуз, антпесе олуттуу адамдар менен пикир келишпестиктер жаралып, келечектеги пайдалуу келишимден куру калышыңыз ыктымал.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Жаңырган жылга карызы жок, таарыныч жок киргенге аракет кылыңыз, ал үчүн аласа-бересе иштерин бүтүрүп, эски таарынычтарды кечирип, күнөө кетирсеңиз кечирим сураганды унутпаңыз. Жумушта жаңы ачылыштар күтүлбөйт, ошентсе да сизден жоопкерчилик талап кылган учурлар чыгат. Шаршемби же бейшемби күнү күтүүсүз жакшы жаңылык угасыз. Соода иштериндетормозужок соода кылып чоң чыгымга учурабайын десеңиз, өзүңүз барбай, ишенген адамыңызды жибериңиз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Аптанын биринчи жарымында айланадагылардын сизге болгон оюн өзгөртө турган кырдаал жаралышы мүмкүн. Андыктан ар кадамыңызга сак болуп, ушак-айыңдан алыс болуңуз. Төрт дубалдын ичинен чыккысы келбей, терең депрессияга түшүп кеткен жакыныңыз сиздин колдооңузга муктаж болот. Дем алыш күндөрү сизден активдүүлүктү талап кылат, майрамды утурлай үй-бүлөңүзгө, досторуңузга белек алганды унутпаңыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Жыл аягында жаңы жашоого, өзгөрүүлөргө даяр экениңизди сезе баштайсыз. Сезип эле тим болбой, мүнөзүңүздү, адаттарыңызды иреттеп, жаңы кадамдарды таштагандан коркпоңуз. Аптанын ортосунда сизди түйшөлткөн кырдаал жаралып, аны чечүү сизден эмоционалдык туруктуулукту талап кылат. Дем алышта жаңы таанышуулар орун алып, маанайыңыз көтөрүлөт. Башкаларга кеңеш айтуудан алыс боло туруңуз, антпесе жыйынтыгында сиз күнөөлүү болуп чыга келесиз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Досторуңуздун жана жакындарыңыздын колдоосу күчөйт, жетекчилериңиздин мактоосуна да ээ болосуз. Бонус алып, карьералык тепкичтен өйдө көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү жаралышы мүмкүн. Айтор, апта жакшы жаңылыктары менен кубаныч тартуулайт. Түгөйүңүз, балдарыңыз сиздин колдооңузга муктаж болушат. Көптөн бери көз жаздымда калтырып келе жаткан ооруларды дарылабасаңыз, дем алыш күндөрү майрамдабай эле төшөк тартып жатып калышыңыз ыктымал.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Айланадагыларга көз салып, ким эмнени сүйлөп, эмне өзгөрүү болуп жатканын байкаңыз. Антпесе жаңылыктан артта калып, дайыма кеч укканжирафтардынкатарына кошулуп каласыз. Кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, болгон күчүңүздү, чыгармачылыгыңызды пайдалансаңыз капчык кампайды дей бериңиз. Анан да кийинки жылга пландарды түзө бериңиз, анткени бул апта сиз үчүн жаңы идеялардын, жемиштүү пландардын убактысы болуп эсептелет.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Жылдыздар таразаларга бардык нерсенин чегин билүү кажет деп кеңеш беришет. Өзгөчө каржы жаатында кийим-кече, тамак-аш, саякат, майрамдык белек-бечкек алууда карманыңыз. Жумушта маанилүү ишти колго алууда адистер менен кеңешкенди унутпаңыз, бир баштан эки баш артык болот. Акыркы күндөрү физикалык активдүүлүктө жүрүп, өзүңүздүн чарчаганыңызды сезесиз. Бирок сизге эс алууга али эрте. Дем алышта да шаан-шөкөт аралаш кечеге туш болосуз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жылдын акыркы күндөрү сизге кандай сыноо салбасын, аны чечүүдө шашпаңыз. Акылмандык жана жети өлчөп, бир кесүү менен ойдогудай жыйынтыкка жетесиз. Жан дүйнөңүз кооздукту, сулуулукту самайт. Бул эңсөөнү чечүүдө, албетте, Жаңы жыл жардамга келет. Эч кимдин сөзүнө карабай үйүңүздү кооздоңуз, кооз кийиниңиз, өзүңүзгө өзүңүз майрамдык маанай жаратыңыз. Сүйүктүүңүз сизден алыстап баратканын сезесиз, кеч боло электе маселенин өзөгүн тапканга аракет кылыңыз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Аптанын башы кагаз иштери менен алек болуп жатып өтүп кетет. Бейшемби – сиздин күн эмес. Бул күндү эч кимдин көңүлүн бурбай, эч ким менен акыйнек айтышпай тынч өткөргөнгө аракет кылыңыз. Бойдоктор күтүүсүз таанышууга учурап, романтикалык жагдайга туш болушат, эптеп кетүү өз колуңузда. Майрам күндөрү белек берип да, белек алып да кубанасыз. Ашказан-ичеги оорулары тынчыңызды алышы мүмкүн, тамакты мүнөздөп жегенге аракет кылыңыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Текечер үчүн апта токтоолукту, өзгөчө өзүн-өзү башкарууну, өзүнө жана пландарына сүңгүүнү талап кылат. Жылдык план түзүп, ал планды майда-чүйдөсүнө чейин жазып койсоңуз жакшы болот. Кирешеңизден үнөмдөп калыңыз, себеби кийинки аптада эле акчага муктаждык жаралат. Сүйүү жаатында “муздак аба ырайы” болуп жатканын байкайсыз, ортодогу ажырымды жоюу үчүн токтоолук жана кечиримдүүлүк талап кылынат. Дем алыш сиз үчүн тынч, курч окуяларсыз өтөт.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Бойдоктор үчүн романтикалык мамилелердин кийинки этабына өтүүгө убакыт келди. Апта айланадагыларга таасир этүү, популярдуулугуңузду арттырууга жана таасириңизди жогорулатуу үчүн ыңгайлуу. Жетекчилик каржылык жардам, колдоо көрсөтөт. Майрам күндөрүнө карабай аптада иш сапарына чыгууңуз күтүлөт. Келбетте өзүңүзгө жакпаган өзгөрүүлөрдү каалабасаңыз, таттуулардан алыс болуңуз. Дем алышты үй-бүлө мүчөлөрү менен өткөрүп, сагынычты таратыңыз.

Балык
(20.02–20.03)

Балыктар үчүн апта абдан гармониялуу өтөт. Келечек тууралуу кыялдануу жана каалоолорду аткаруу үчүн ыңгайлуу мезгил. Ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнө убакыт бөлүп, алардын жана өзүңүздүн кем-карчыңызды толуктап аласыз. Сүйүктүү адамыңыздын сезимдерин сынап, аны кызганычка жетелеген эч нерсе кылбаңыз. Кадамыңыз тескерисинче ортодо уруш жаратышы мүмкүн. Апта аягында көптөн бери көрө элек адамдар менен жолугуп, сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болот.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1151, 27-декабрь-2-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан