Артка көз чаптырсаңыз, 2024-жыл кантип өтүп кеткенин байкадыңызбы? Алдыда эшик кагып 2025-жыл келе жатат. Ар бир жаңырган жылда жашообузда жакшылык, ийгилик, кубаныч-сүйүнүч болсун деп тилейт эмеспизби. Фэншуй эрежелери боюнча, жаңы жылда жакшылыктар көп болсун үчүн төмөндөгү ыкмаларды колдонуу керек экен.
Алгычкы даярдык...
- Чү дегенде эле жаңы жыл алдында үйдү кырып-жышып тазалап чыгуу шарт.
- Колдонулбаган буюм, кийим-кече, сынык идиш дегендин баарынан арылыңыз.
- Үйдү бошотуңуз, жаңы аба, жаңы энергия айланышы үчүн бардык жакта боштук болуш керек. Ашкана шкафындагы идиш-аяктарды иреттеп, боштук болгудай абалга келтириңиз. Гардеробду да жыйнаш керек, шкафтын полкаларында кийим жылчык калбагандай эмес, тыкан бүктөлгөн жана боштук бар абалда турсун. Коридордогу, бөлмөлөрдөгү оокаттарды да бошотуңуз, бул жакшы энергиянын тоскоолдуксуз кирүүсүнө себепкер болот.
“Фэншуй чеберчилиги – бул энергия агымдарын туура аныктоо жана аларды сиздин ийгилигиңиз, ден соолугуңуз жана каалоолоруңуздун аткарылышы үчүн активдештирүү. Жаңы жылды майрамдоо – бул активаторлор жана биздин энергия менен толтурулган майрам, бул сиздин жашооңузга мейкиндик жана бир чымчым сыйкырды кошууга эң ылайыктуу мезгил”,- дейт кытай астрологу, фэншуй чебери Ба-Цзы.
Гармония жана энергия
Кытай календары боюнча, 2025-жыл – жашыл жыгач жылан жылы. Байыркы кытай практикасында жылан – акылмандыктын, катылган күчтүн жана кайра жаралуунун символу болуп эсептелет. Жашоосуна гармония, туруктуулук, бейпилдик чакыруу үчүн 3 элементти (жыгач, от, жер) айкалыштыруу керек. Мисалы, жылуу үйүңүздө жыгачтан жасалган эмерек, керамика, чоподон жасалган идиш-аяктар турсун. Бул элементтер жаратылыш стихияларынын балансын кармайт. Андан сырткары үйдү кооздоого жашыл, күрөң, кызыл жана алтын түстүү сары өңдөрдү тандасаңыз, жылдын энергиясын ойготкон болуп каласыз.
Байлык энергиясы
Байлыктын энергиясын ойготуу, финансылык көз карандысыздыкка жетүүнү каалагандарга балаты жардамга келет. Бул жылы балатыны бөлмөнүн түндүк, түштүк, түштүк-батыш жана түштүк-чыгыш тарабына коюңуз. Эми кооздукка келели. Жылан арзанчылыкты, өтө ачык түстү жактырбайт. Андыктан балатыны көп эмес, бирок сапаттуу оюнчуктар менен кооздоо керек. Көк, жашыл, кызыл, сары, фиолетовый түстөрдү тандаңыз.
Ал эми балатысы жоктор, үйдүн жогоруда аталган аймагына шам, чырак күйгүзүп коюп койсоңуз да жарайт. Андан сырткары жылга киреше чакыруу үчүн ак, жашыл, ачык көк, алтын түстөгү жаңы буюмдарды алсаңыз да болот. Баса, жылан алтынды жакшы көрөрүн унутпаңыз. Алтын канча көп болсо, аркасынан ошончо байлык келет делет.
Үй-бүлө энергиясы
Космостук энергиялардын болжолуна ылайык, өткөн жылы убакыт циклинин жаңы 9-жылдызы күчүнө кирди. Демек, кийинки 20 жылда үй-бүлөнүн, сүйүүнүн, ийгиликтин, байлыктын жана гүлдөп-өсүүнүн эң күчтүү энергиясы 9-жылдыз болот. Бул эң күчтүү жана эң ийгиликтүү жылдыз. 2025-жылы 9-жылдыз чыгыштагы үй-бүлө секторуна учуп келет делет. Үй-бүлөлүк бакыт, сүйүү, ынтымак энергиясын активдештирүү үчүн үйдүн чыгыш тарабына көңүл бурабыз. Мисалы, бөлмөнүн чыгыш аймагына 9дан бир нерсе коюу керек. 9 жашыл чырак, 9 бирдей сувенир, 9 окшош оюнчук жана башка.
Каалоо-тилек картасы
Каалоо-тилек картасын 31-декабрь күнү түзүп, жетишүүнүн кажети жок. Картадагы тилектер февраль айында айтылганы ылайыктуу мезгил болуп эсептелет. Эми карта түзүүнүн шарттарын айталы.
1. Кечинде тынч жерде, жай музыканын коштоосунда отуруңуз. Сырттан эч ким жана эч кандай үн тынчыңызды албашы керек.
2. Шашпай, чын жүрөктөн эмне каалап жатканыңызды ойлонуңуз.
3. Жыл мезгилинде 12 ай болгон сыяктуу, 12 сүрөт табыңыз, 12 каалоо-тилек, кыял ойлонуңуз. Ар бир 30 күн аралыгында 1ден кыял орундалат делет.
4. Чоң ватман аласыз да, 12 бирдей квадратты тегерете тартып чыгуу керек. Ортодо өзүңүздүн сүрөтүңүз, анын айланасындагы 12 квадратка сүрөт чаптайсыз. Эгер 2 кабат үй кааласаңыз, 2 кабат үйдүн сүрөтү, кайсы бир үлгүдөгү унаа кааласаңыз, так ошол үлгүдөгү унаанын сүрөтү чапталат. Ошентип 12 сүрөт чапталат. Ар бир кыялдын орундаларына чын дилден ишенүү керек, “бул жомок, кантип ишке ашмак эле?..” деген күмөн ойлор такыр болбосун.
5. Эми ар бир сүрөттүн алдына аффирмация жазасыз. Оюңуз, так, даана болсун. “Мага акча бер, ден соолук бер, сүйүү бер” деген жалпы ой жарабайт. Мисалы, “ипотеканы төлөп бүтөйүн” деп эмес, “мен бардык шарты бар, өзүмө гана таандык үйдө жашайм” деш керек. Же болбосо “оорубайын” эмес, “жыл бою өзүмдү энергиям толук, күчтүү, жакшы сезем”. “Күйөөгө тийгим келет” эмес, “мага камкор, мени сүйгөн, акылдуу, ишкер, ыймандуу, жакшы адамдын аялы болом” деп каалоолоруңузга конкреттүүлүк бериңиз. Кыялдардын орундалышы каалоонун бардыгынан эмес, ошол каалоону айтып жаткандагы адамдын абалынан, ал чыгарган энергиядан көз каранды экенин унутпаңыз.
6. Түзүлгөн картада өзүңүз жана сизге тиешелүү гана кыял, тилектер болушу керек. Апаңызды, балаңызды, бир тууганды, кошунаны кошкон жарабайт. Бул башкалардын жашоосуна менталдык кийлигишүү деп аталат да, ал тилектин кайсы багытта (жаман-жакшы) ишке ашуусуна кепилдик берилбейт.
Тыюу салынат!
Эми 2025-жылан жылын тосууда тыюу салынгандарга токтололу. Майрамдык кечте көзгө көрүнгөн жерде металлдан жасалган учтуу, курч буюмдар турбашы керек. Анан да жаңы жылды күңүрт түстөгү кийимдер менен тосууга да болбойт. Жылан жалгыздыкты сүйбөйт, андыктан жаңы жылды жалгыз тосууга тыюу салынат.
Асыл Орозбекова