Элера Кабылжан кызы, ырчы: «Жүрөгүм ээсин таба элек»

Быйылкы жылы жарк эткен жылдыздардын бири, “Муңайба, Адеми” ыры менен Кыргызстанга гана эмес, коңшу өлкөлөргө да тааныла алган ырчы Элера Кабылжан кызы болгону ырас. Жыл жаңырар алдында ырчы айым бизге жаңылыктары жана пландары менен бөлүштү.  

– Элера, кандайсыз? Жыл жаңырар алдында маектешип жатабыз. Аяктап бараткан жыл сиз үчүн ийгиликтүү жыл болду десек жаңылбайт болушубуз керек?

– Жакшы, чакырганыңыздарга рахмат! Бул жыл жеке мен үчүн, чыгармачылыгым үчүн абдан жемиштүү жылдардан болду. Ойлоп көрсөм, 8 жылдан бери чыгармачылык менен алпушуруп келе жатыптырмын. Ушунча жылдан бери мээнет кылып чуркап жүргөнүмдүн акыбети ушул жылы “даң” деп жемишин берди окшойт. Кудайга чексиз ыраазымын. Мен күтпөгөн жерден көп жакшылыктарды берип жатат. “Даң” дегендердин бири – “Муңайба, Адеми” ырыбыздын мега хит болгону. Кыргызстандын ичинде эле эмес, коңшу мамлекеттерде дагы хит болгону абдан сыймыктантты. Албетте, бул менин жалгыз эмгегим эмес. Бул ырдын артында мыкты команданын, Самат (ред.: Эркинбеков) байкенин эмгеги жатат.

Дагы бир сүйүнүчтүү жаңылык, мен үчүн тарыхый окуя, кечээ күнү “Улут жүзү” төш белгисин алдым. Бул мага мурдагыдан да чоң жоопкерчилик артып, чымырканып иштөөгө түрткү берди. Бул төш белгини салтанаттуу түрдө Медеткан Шеримкулов атабыздын колунан алганыма да абдан сыймыктандым.

– Кут болсун! Ушундай ийгиликтердин башатын, чыгармачылыкка жаңы аралашкан кезди бир эстеп көрсөк...

– Мектепти бүтүп жатканда эле күндөлүгүмө жазыптырмын. Азыр окуп, кантип кичинекей Элера ошол нерселерди жазган деп таң калам. Ошондо эле шаарга барганда мындай нерселерге жетем деп чоң максаттарды койчу экенмин. Алардын баары акырындык менен ишке ашып келе жатыптыр. Буга чейин интернет желесине “Элера комуздун коштоосунда ырдайт, аккордеондун коштоосунда ырдайт” деп ырларымды жүктөп калчумун. Досторум “Элера, сен улуттун жүзү болгонго татыктуусуң. Кыргызча ырларды ырдап, улуттук баалуулуктарга басым жасай бер” деп калышчу. Азыр деле ошол Элерамын, тилектерим мурункудай эле.

– Инсан катары өсүүгө канчалык маани бересиз?

– Дайыма күзгүгө карап, “Кудай, жүзүмө ушунчалык сулуулук бердиң, эми мүнөзүмө, адамдык сапатыма да сулуулук бер” деп турам. Инсан катары жакшы эле өсүп, айрым кемчиликтерим болсо оңдоп келе жатам деп ойлойм. Жакшы сапаттарымды өнүктүрүп, жаманын жок кылганга аракет жасайм.

– Ыр тандоодо кимдер менен кеңешесиз?

– Биринчи кезекте сөзсүз музыканы билген, дасыккан, профессионал адамдар менен кеңешем. Анан жакындарым, апам, досторумдун пикирин сурайм. Өзүм эле “ушуну ырдайм” деп ырдап чыга элекмин.

– Байкашымча, репертуарыңыздагы ырлардан эл оозуна көп алынганы саундтректер экен...

– Билбейм, бул менимче, тагдыр го (күлүп). Ар бир ырга көңүл буруп, кылдаттык менен мамиле жасайм. Саундтрек болобу же өзүмдүн атайы жаздырган ырым болобу, ар бирине аяр мамиле кылам, музыкасына, аранжировкасына, баарына көңүл бурам. Эл өзү иргеп алат эмеспи. Ар бир ырдын өзүнүн угарманы бар, ошол эле “Таалайыма”, ошол эле “Жүрөктө жаз” ырларымдын да угармандары көп, “Жүрөктө жазды” көбүнчө апалар суранып ырдатышат.

– Тойлорго да барып ырдайсызбы?

– Тойлорго да чыгып коём, убакыт болгондо.

– “Муңайба, Адеми” ырынын автордук укугу боюнча Казакстанга барып келдиңиздер, маселе оңой эле чечилдиби?

– Ооба, 2 жолу барып келдик го. Абдан катуу ызы-чуу болду. Авторунун көзү өтүп кетиптир, ал киши жубайына арнап чыгарган ыр экен. Ошол Үрбиби апага Шымкентке барып, белектерибизди берип, уруксатын алып, баарын бүтүрүп келгенбиз. Кийин бизди Алматыга телевидениеге чакырышты. Анда да Үрбиби апа расмий түрдө уруксатын, батасын берди. Башында “неге минтет, жөн эле берип койсо болбойбу, кыргызча ырларды казактар көп эле ырдашат го” деп ойлогом. Көрсө, мунун баары жакшылыкка экен. Ошол апанын кичине нааразычылыгынын артынан казак телевидениесине тартылдык, казак боордоштор да бизди таанып калышты. Ар бир кыйынчылыктын артында жакшылык бар экен.

– Теманы жеке жашооңузга буралы. Жүрөгүңүздүн ээси барбы?

– Жүрөгүмдүн ээси жок, жүрөгүм ээсин таппай жатат (күлүп). 2025-жылы табат го деп ойлоп жатам. Азыр иштеп жатпаймынбы, фокустун баары жумушта да.

– Сиз кыялданган мырза кандай болушу керек?

– Эми, жигит болсун. Жигит кандай болуш керек, камкор, күчтүү, өзүн да, мени да жакшы караган, көп сүйлөбөгөн. Анан иш кылсын, эркектер жалкоо болбошу керек деп ойлойм. Иштеп, жакындарын жакшы карап, сүйсүн, жакшы белектерди алып берсин. Мени, менин кесибимди сыйласын.

– Буга чейин сүйүү сезимине балкып жашаган учур болду беле?

– Андай болгон жок. Көбүнчө жакшы ойлонуп, акылга салып чечим чыгарам. Кайгырып, ойлонуп, сагынып, азап тартуу меники эмес. Болсо болду, болбосо жок деп эле коём.

– Сезимге берилбейсиз?

– Берилбейм. Берилсең эле болду, сен эч ким болбой каласың да. Бүт фокустун баары жоголот, жумуштарың артка кетет, бир туугандарыңды, ата-энеңди байкабай калышың мүмкүн. Мунун баары мен үчүн коркунучтуу.

– Ачууңузду кантип басасыз?

– Ачуум көп деле келбейт. Жиним келе турган учур деле көп болбойт окшойт. Жогоруда айтканымдай, бардык нерсени акыл таразасына салып чечем.

– Быйыл канча өлкөгө бардыңыз?

– Көп эле өлкөлөргө барып жатабыз. Быйыл Азербайжанга, Орусияга, Өзбекстанга бардык. Казакстанга бир нече жолу бардым, Астанага, Алматыга. Айтор, көп эле.

– Жаңы жылга эмнелерди пландап жатасыз?

– Жаңы жылга абдан көп пландарым бар. Кудайым ден соолук берсин, аманчылык болсун. Быйылкыга да көп иштерди пландагам, анча-мынчасы ишке ашты, кээ бири ишке ашкан жок дегендей. Ошол болбой калгандарын 2025-жылы сөзсүз жасайм, жакшы ырларды жаздырып, жакшы клиптерди тарттырам деп, дагы көп жакшы пландарды коюп жатам. Аларды айтпай турайын.

– Тилектериңиз ишке ашсын!

 

Акыркы жолу...

– ... качан ыйладыңыз?

– Кечээ “Улут жүзү” төш белгисин алганда толкунданып ыйладым.

– ... ким менен уруштуңуз?

– Билбейм, уруша элекмин. Урушпайм го, конфликтке барбаганга аракет жасайм.

– ... качан чоң бир нерсе сатып алдыңыз?

– Бир жума мурун толтура жылуу кийимдерди сатып алдым.

– ... качан жигиттен гүл алдыңыз?

– Бир жума мурун окшойт. Гүлдөр угармандардан келет.

– ... качан узак сапарга чыктыңыз?

– Ош деле болобу? Акыркы жолу Ошко барып келдим. Күздө Москвага барып келгем.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1151, 27-декабрь-2-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан