Алмамбет Шыкмаматов: “Автоунаа салыгын жоюш керек”

Өлкөнүн салык саясатында олуттуу өзгөрүүлөр болобу? Акылбек Жапаров баштаган фискалдык реформалар туура эмеспи? Парламентте Министрлер кабинетинин 2 мүчөсүнүн кайым айтышы коомчулукта бир катар суроолорду жаратты.     

Бир команда – эки ача пикир

23-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун салык тармагындагы реформаларын сындады. Шыкмаматов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ЭТТК) товардын бардык түрүнө эмес, 5 гана товарга киргизилиши керек деген пикирде. Алар: күйүүчү май, тамеки, спирт, медициналык жабдыктар жана дары-дармектер. Калган 13 миңдей товар ЭТТКдан бошотулууга тийиш экенин айтты.

Жыйынга катышып жаткан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “биздин саясат – ЭТТНди токтотпойбуз. Адегенде ККМ, ЭТТК деген эмне, маселени түшүнүп туруп анан айтыш керек” деп Шыкмаматовго түздөн-түз каршы чыкты.

Мындан кийин Шыкмаматов ЭТТК туура эмес киргизилгенин, ал үчүн айрымдарды жоопко тартуу керектигин кыйытты.

– Унчукпай эле отурайын десем өздөрү тилден тартышты. Сөздүн төркүнү “бул түшүнбөй эле айта берет” деп жатат да. Андай эмес, керек болсо, ЭТТК анализи жок, туура эмес киргизилгени үчүн жоопкерчиликке тартыла турган адамдарды аныктап берем. Салыкчы өзү түшүнбөгөн нерсени ишкерлер кантип түшүнмөк эле? Элди кыйнап бюджетти өстүрүү – бул экономика эмес, – деди Салык кызматынын жетекчиси. 

Президент Шыкмаматовду кубаттады

Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алмамбет Шыкмаматовго ЭТТК боюнча тез арада анализ жасап, аны ири товарларга гана калтыруу жагын карап көрүүнү айтып тапшырма бергени маалымдалды. “Салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек” дейт президент. Өлкө жетекчиси фискалдык саясат элге оорчулук жаратпай тургандай, ошол эле учурда көмүскө экономиканы өстүрүп жибербегидей болушу керектигин белгилейт.

Автоунаа салыгы жоюлабы?  

Комитет жыйынында Шыкмаматов бензиндин 1 литри үчүн бюджетке 1 сомдон төлөм алынганы жатканын, мындай болсо автоунаа салыгын жоюп салуу керектигин да билдирди. “Болбосо жарандар эки жолу салык төлөгөндөй болуп калышат” деди ал. 

Айта кетсек, 2025-жылдын 1-январынан тарта бензин жана дизель майынын 1 литринен 1 сомдон төлөм алына баштайт. Тийиштүү мыйзамга президент Жапаров 17-декабрда кол койгон. Түшкөн каражат Жол фондуна берилип, жолдорду оңдоп-түзөөгө жумшалары айтылып жатат.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1151, 27-декабрь-2-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан