Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесиндеги (№1 СИЗО) окуяга юридикалык баа берилет. Бул тууралуу 25-декабрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка таянсак, 20-декабрда №1 СИЗОдогу окуя боюнча Жазык-аткаруу тутумунун органдарында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Анда айрым соттолгондор жана айыпталуучулар тинтүү маалында №1 СИЗОнун кызматкерлери тарабынан күч колдонуу болгонун айтып даттанышкан. Айтылгандар каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталганын, анын жыйынтыгында мекеме кызматкерлеринин аракеттерине укуктук баа берилерин эскертет Башкы прокуратура.
Айта кетсек, №1 СИЗОдо мыйзамсыз сакталып жүргөн буюмдарды аныктоо максатында тинтүү иштери жүргүзүлгөн учурда айрым соттолгондор жана айыпталуучулар ар кандай жолдор менен каршылык көрсөтүшкөн деп айтылды. Тинтүүнүн жыйынтыгында жалпы 87 даана уюлдук телефон табылган. Даттангандардын денесинде жаракат бар-жогун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Буга чейин Акыйкатчы институту №1 СИЗОдо 20дай соттолуучу мекеме кызматкерлеринин иш-аракетине нааразы болуп ачкачылык жарыялаганын кабарлаган.