Дензел Вашингтон диний аалым болду
Америкалык актёр, режиссёр Дензел Хэйс Вашингтон диний аалым (священник) болду. Ал христиан дини боюнча бардык талаптарды аткарып, анан дин аалымы деген лицензия алган. Бул иш-чара Нью-Йорктогу чиркөөлөрдүн биринде өтүп, түз эфирден көрсөтүлгөн. Актёр буга чейин да дин тууралуу ойлору менен бөлүшүп, Голливудда динге берилген кесиптештери аз экенин айтып келген. “Бир аптадан кийин мен 70 жашка чыгам. Дин жолуна толугу менен келүүм бир топ убакытты алып койду” дейт ал. Голливуд тасмаларынын жылдызы, эки жолку “Оскар” сыйлыгын алган Дензел Вашингтондун бул кадамы анын күйөрмандарын бир чети таң калдырып, бир чети кубандырды.
Робби Уильямс “Оскардан” учуп кетти
Британиялык музыкант Робби Уильямс «Forbidden Road» ыры менен “Оскар” сыйлыгына ат салышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калды. Кино академиянын эрежеси боюнча, “Мыкты саундтрек” номинациясына ат салышып жаткан чыгарма оригиналдуу, кайсы бир тасма үчүн жаңы жазылган, кайталанбаган болушу керек. Робби Уильямстын «Forbidden Road» ыры “Мыкты болуу: Робби Уильямстын тарыхы” (2024) тасмасына жазылган саундтрек катары жогоруда аталган сыйлыкка ат салышмак. Академиянын калыстар тобунун текшерүүсүнөн кийин «Forbidden Road» ыры 1973-жылы чыккан “Акыркы америкалык баатыр” тасмасында жаңырган «I Got a Name» саундтрегине окшош жактары көп болуп чыккан. Окшоштуктарды карап чыгуу үчүн кино академиянын 400дөй мүчөсүнө атайын кат жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында Робби Уильямс чыгармасы менен кошо “Оскардын” шорт-баракчасынын тизмесинен алынып калды. Британиялык ырчы мырзадан сырткары ырдын авторлору катары Фредди Векслер менен Саша Скарбектин ысымдары көрсөтүлгөн. Азырынча үчөө тең бул окуя боюнча билдирүү тарата элек. Аталган ыр “Алтын глобус” кино сыйлыгына да талапкер болгон, бирок уюштуруучулар чыгарманы тизмеден алып салууга ашыгыша элек.