Белгилүү стилист Замира Молдошева үчүн бакыт жана бактылуулук эмнеде? Кыргыз аялдарынын көйгөйү деп эмнелерди эсептейт? Үй-бүлөдөгү сүйүү дефицити канткенде жоюлат? Ушул жана башка суроолордун тегеринде пикир алыштык.
– Саламатсызбы, Замира айым? 2024-жыл кандай болду деп өткөн күндөргө саресеп салып жатасызбы?
– Саламатчылык. Ооба, убакыт азыр абдан тез өтүүдө. Байкалбай эле жыл айланып кетиптир. Албетте, жыл аяктап баратканда быйылкы жылда эмне кылдым, кантип өткөрдүм, кандай ийгиликтерге жетиштим деп өзүмдөн бир отчёт сурайм. Мен үчүн узап бара жаткан жыл жемиштүү болду. Анткени кесипкөй адис катары жаңы деңгээлге чыга алдым. Мурункуга караганда бышып жетилдим, жакшы долбоорлор менен иштедим. Бизнесимди чоңураак масштабга чыгардым. Инсан катары да өнүктүм, өстүм, айрым адамдарды кошо өнүктүрдүм. Бардык ийгиликтин аркасында тынымсыз эмгек, өжөрлүк турат эмеспи. Жыл сайын өткөрө турган “Мода башаты” аттуу көргөзмөмдү мурункуга караганда бийик деңгээлде өткөрдүм. Жаңылыктарымдан болсо – келаткан жылдын сентябрына бир чоң эл аралык долбоорду даярдоо сунушу түштү. Учурда жаңы дем менен ошонун үстүнөн иштеп жатам.
– Ийгиликтүү айымдардын бирисиз. Кандай ойлойсуз, ийгилик адамдын мээнетинен гана көз карандыбы же бул маңдайга жазылган тагдырбы?
– Ийгиликти адам өзү жаратат деп ойлойм. Ийгиликке жетүү үчүн бир канча факторлор керек. Сен ошол нерсени канчалык каалайсың, сен ага жетүүгө кандай аракеттерди көрүп жатасың? Каалап коюп эле жата бербей, тырмышып аракет кылууга бел байладыңбы? Кыйынчыктар менен кездешкенде кол куушуруп чегиндиңби же кайра-кайра өжөрлөнүп аны жеңип чыкканга аракет кылып жатасыңбы? Ушул суроолорго жооп табуу керек. Ийгилик эмгектин артынан келет. Эгер ийгиликти тагдыр же бактылуу билет дей турган болсок, анда “аа, мага ал билет буюрбай калыптыр, жөн эле коёюн” деген ой келип чыгат да, туурабы? Сен жарата турган ийгиликти бир гана сен жарата аласың. Күйөөң, балаң же кошунаң келип жаратып бере албайт. Демек, ийгиликтин ачкычы ар бир адамдын өз колунда деген ишенимдемин.
– Бир жолу Бишкектеги кафелердин биринде кыргыз тилинде сүйлөөгө болбойт экен деген маанидеги видеоңуз кызуу талкуу жаратты. Өзүңүздү патриотмун деп эсептейсизби?
– Ал окуядан бери көп убакты өттү (күлүп). Мен өзүмдү патриотмун деп эсептейм, бирок улутчул эмесмин. Экөөнүн айырмасы – улутчул адам башка элди теңине албай кыйын боло берет. А мен башка улуттарды сыйлайм, бирок кыргыз элимди абдан жакшы көрөм. Айрыкча кыргыз тили кордолуп, тепселенип жатканда жаран катары күйүп кетем. Ошол кафеде чын эле жагымсыз окуя болгон. “Бул жерде кыргызча сүйлөгөнгө болбойт, орусча сүйлөгүлө” дешкен. Мен аны видеого тартып интернет желесине чыгардым. Кыргыздын топурагынын үстүндө туруп эмнеге башка тилде сүйлөөгө мажбурланышыбыз керек? Ушундай тенденция азыр деле жүрүп жатат. Социалдык тармактарды карасаңыз, блогер болобу, жылдыз болобу, саясатчы болобу, жеке баракчаларын башка тилде алып барышат. Орус тилин мода кылган заман эбак өтпөдү беле? Байкасаңар, азыр кичине балдардын кыргызча так билгендери аз. Себеп – коом туура эмес жакка кетип баратканы үчүн. Экинчи себеби – кыргыз тилинде балдарга арналган сапаттуу, кызыктуу көрсөтүүлөр жок. Тили чыккандан тартып ар биринин колунда телефон, ушул себептен болуп жатат. Бул абдан олуттуу, ойлондура турган маселе. Дагы бир 20 жыл өткөндөн кийин толук кыргыз тилинде сүйлөгөн адамдарды таппай калышыбыз мүмкүн. Акырындан туураны туура эместен ажыратып алып, анан туура жагына өтүшүбүз керек деп ойлойм.
– Кызыңыз Саада чоңоюп калды болуш керек. Кыргыз мектепте окуп жатабы?
– Рахмат, буюрса, Саада жакында тогуз жашка чыгат. Сейтек мектебинде кыргыз класста окуп жатат. Кыргыз тилинде сүйлөйт, бирок орусча акцент бар (күлүп). Аракет кылып, өз оюн кыргызча айтканга үйрөнүп калды. Негизи үй-бүлөм тууралуу интервьюларда айтпайм деп үч-төрт жыл мурун өзүмө сөз бергем. Бизде баары жакшы, Кудайга шүгүр, атасынын жакшы көргөн эрке кызы акырындап чоңоюп келе жатат.
– Анда кеп нугун башкага бурсак. Кыргыз аялдарынын коомдогу азыркы орду, баасы, баркы тууралуу кандай пикирдесиз? Аялдарга карата зордук-зомбулук азайбай, тескерисинче, көбөйүп жаткансыйт.
– Кыргыз аялдары боюнча көп эле маселе бар. Миграция, зомбулук, санай берсе көп... Бирок эң чоң маселе – кыргыз аялдары өздөрүн сүйүшпөйт, сыйлашпайт жана баалашпайт. Жашоодо өз ордун табууга далалат кылбай, башкалардын “куткаруучусу” болуп жүрүп ооруп калышат же дагы бир нерсе болушат. Аял курмандык эмес, бактылуу болушу керек. Энеси бактылуу болбогон үйдөн кантип бактылуу балдар тарбияланат? Ар бир бала – ата-энесинин күзгүсү. Аял биринчи кезекте өзүн баалап, сүйсө ошол үй-бүлөдө сүйүү дефицити болбойт. Анткени аялдын негизги функциясы – берүү болуп жатпайбы. Биз сүйүү дефицити менен чоңойгон муунбуз, бизге кантип өзүн баалап, сүйүш керек экенин улуу муун көрсөткөн эмес. Бирок бул нерсени биз кийинки муунга кайталабашыбыз керек. Аларга өзүбүз үлгү болуп туура жолду көрсөтүшүбүз зарыл.
– Психологдор менен иштешкениңизди айтып жүрөсүз, сизге аял катары гармония табуу, өзүңүздү сүйүү жеңил болдубу?
– Гармонияга келүүнү мен абдан кааладым. Жашоодо адамдын өзүн табышы кыйын экен негизи. Сиз айткандай, психология курстарына көп барам, изилденем, иликтейм. Ошондон улам өзүмдү сүйүү, кабыл алуу, гармонияга келүү мен үчүн оңой болду окшойт. Азыркы абалым сонун.
– Сиз үчүн бактылуулуктун формуласы кандай?
– Жөнөкөй эле. Жан дүйнө тынч болуш керек. Өзүң менен өзүң тил табышып алсаң, ички карама-каршылыктарды токтотсоң эле бактылуусуң. Андан кийин үй-бүлөңдүн, ата-эне, бир туугандарыңдын амандыгы, балдардын күлкүсү, мекендин тынчтыгы.
– Жаңы жылда элге эмне каалайсыз?
– Элиме, мекениме тынчтык каалайм. Келгиле, жылмайып, адамдарга жакшылык каалап жашаганды үйрөнөлү. Адамга айта турган жакшы кебибиз жок болсо, жөн гана унчукпай койгонду үйрөнөлү. Бактылуу болуп жашаганды үйрөнөлү. Жаңы жылыбыз берекелүү жылдардан болсун!
Нуржамал Жийдебаева