ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ-2025

Жылан акылмандыктын, көмүскө даремет жана ички күчтүн символу. Ошондой эле жылан эки жүздүү да боло алат, андыктан ал башкарган жылдан сюрприз, күтүүсүз окуяларды күтө берсек болот. Эң башкысы – жылан бизге уусун чачпасын. 

Кой

Кандай кырдаал болбосун лидерлик позицияны ээлегиси келген кой жылдызындагылардын бул сапатын жана энергиясын 2025-жылы планеталар күчөтөт. Адат, мүнөзүңүз жакшы жакка өзгөрө баштайт. Жаздан күзгө чейин жашооңузду ак тилке коштойт. Билимди жогорулатуу, саякаттоо, байланыштарды көбөйтүү, жеке жашоодогу маселелерди чечүү жаатында активдүү болосуз. Ишке баш-отуңуз менен киришип, кызматтан көтөрүлөсүз же жаңы милдеттерди аркалайсыз.

Максатка умтулуунун жана амбициянын артынан ийгиликтерге жетип, тапканыңыз көбөйөт. Үйдөгү шартты жакшыртууга, бизнес баштоого же үй-жайды оңдоп-түзөөгө болот. Ден соолук жаатындагы көйгөй чечилет. Чет өлкөгө же өлкө ичинде иш сапарларга чыгуу жай мезгилинде күтүлөт. Күздө чөйрөңүздөгү адамдарды талдап, сизге жакпагандарынан кол үзө баштайсыз. Өзүңүздү өнүктүрүү, жаңы нерселерди өздөштүрүү менен алдыга жылууга болорун унутпаңыз. Иш менен жеке жашоону бирдей алып кетүүгө, убагында эс алууга умтулуңуз.

Букачар

Букачарлар консервативдүү болушкандыктан жаңы өзгөрүүлөрдү кыйындык менен кабыл алышат. Жыл ичинде көптөгөн күтүүсүздүктөргө туш болушат. Жазга чейин максаттарга акырындап жетип, алгачкы ийгиликтер жашооңузду көркөм боёкторго бөлөйт. Март-апрель айларында жеке жашооңузда кыйынчылыктар күтүлөт. Иште, карьерада да өзгөрүүлөр болот. Жайында күтүлбөгөн жерден сунуш түшөт. Макул болуңуз, анткени ал сунуш сиздин кирешеңезди көбөйтүүгө жол ачат. Саякаттоону пландайсыз. Жай ошондой эле популярдуу болууга, жаңы досторду табууга ыңгайлуу мезгил. Эл алдына чыгып сүйлөөдө жолдуу болуп аброюңуз көтөрүлөт.

Күздө көп кыймылдап, машыгуучу залга барып, келбетти калыпка келтириңиз. Ошондой эле баалуу буюм, турак жай же жер тилкесин сатып алууну күзгө пландаганыңыз жакшы.

Жыл этегинде керексиз долбоор, байланыш, кийим, эмеректерден арылып, жаңыларына орун даярдаңыз.

Эгиздер

Жылан жылы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, эсте каларлык жакшы көз ирмемдерди тартуулайт. Бирок максаттарга өжөрлөнүп, талбай мээнет кылуу менен жетүүгө аргасыз кылат. Позицияны бекемдөө үчүн чөйрөдөгүлөр менен тил табышууга баруу керек. Жылдыздар оптимиздин жардамы менен ийгилик жаратууга жол ачат. Ушундан улам кирешелердин кирүүсү туруктуу сакталат. Жайында идея алмашуу, таанышуу, баарлашуу, жаңы пландарга киришүү, сатып алуулар орун алмакчы. Ишке байланыштуу узакка сапарга чыгуу күтүлөт. Бойдоктор учурда кыз-жигит болуп жүргөн адамынан кол үзүшү мүмкүн. Жайында жаңы ишке сунуш түшөт. Канчалык пайдалуу болорун ойлонуп көрүңүз. Банктан алынган насыя, карыздардан убагында кутулуңуз. Ийгилик кубалайм деп өзүңүзгө душман арттырып албоо жагын эске алыңыз. 

Бөйөн

Жыл карьералык өсүш, таасирдүү, абройлуу адамдар менен таанышуу менен башталат дешет жылдыздар. Чоң максаттарга мартка чейин акырындан, бирок ишенимдүү жылуу күтүлөт. Иште сый-урматка татыйсыз. Жылан сизге каржылык ийгиликти убада кылат. Жаз кыймылсыз мүлк сатып алууга же башталып калган курулуш иштерин аягына чыгарууга, келбетти калыпка келтирүүгө, имиджди өзгөртүүгө ыңгайлуу убак. Июндан октябрга чейин тааныштардын жардамы менен өзүңүздү өстүрүү аракетинде болосуз. Саякат, бизнес, кошумча билим алуу маселесин күзгө чейин чечүү керек. Күздө көптөгөн жубайлар балалуу болуп кубанычка бөлөнөрү күтүлүүдө. Кыйынчылыктарга тике карап, аларды жеңүүгө умтулган бөйөндөргө Жылан жагымдуу жыл тартуулайт.

Арстан

Жылдын биринчи бөлүгү жемиштүү болот. Арстандар жаңы идея, долбоорлор менен жакшылап иштешсе, таасири жана аброю өсөт. Май айынан октябрдын жарымына чейин жылдыздар жашооңузга оң таасирин тийгизишет. Кызматтан жогорулоого, үй-шартты жакшыртууга умтулуу керек. Июль айы жумуш алмаштырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Чет өлкөгө саякатка чыгууну пландайсыз, жыйынтыгы сиздин аракеттен көз каранды. Августта жагымсыз жаңылык угасыз же иш боюнча сапарга чыгууда көйгөйгө кабылышыңыз ыктымал. Күзүндө арстандардын каалоолору менен мүмкүнчүлүктөрү дал келип,  кирешелери өсөт. Жагымсыз адаттарынан, “уулуу” адамдардан оңой кутулуп, жаңы мейкиндиктерди ача алышат. Жакындар менен өз ара түшүнүшүү, туруктуу мамиле үй-бүлөдө гармонияны камсыз кылат. 

Бийкеч

Жеке жашооңуз, баалуулуктарга болгон көз карашыңыз олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Буга жыл ичиндеги ар кандай сыноолор, өзүңүздү сырттан карап жаман-жакшы сапаттарыңызды анализдегениңиз түрткү болмокчу. Тагдырдын күтүүсүз бурулуштары кездешүүчү убак – жаз жана күз айлары. “Сараң эки жолу төлөйт” дегенди эске алып, чектен аша үнөмдүү болуп, арзан буюмдарды сатып ала бербеңиз. “Бул ишке киришсем жыйынтыгы кандай болот?” деп санаага батып отура бербей, айрым учурда тобокелге барсаңыз утасыз. Ошондой эле эмоцияны ооздуктап, бирөө сын айтып койсо эле элден обочолонуп бекинип албай, тескерисинче, курчуу жагын ойлонуңуз. Жылдын алгачкы 4 айын кыйынчылыктар коштошу мүмкүн. Май, июнда жагымдуу окуялар кубантат. Ишенимдүү тааныштар менен узак мөөнөткө кызматташууну макулдашып, ири киреше алып келүүчү ишке киришүүңүз ыктымал. Июлда чоң белектин ээси болууга даярдана бериңиз. Күз, кыштагы киреше материалдык пайда гана эмес, ырахат да тартуулайт. Үй-бүлөдө толуктоолор болушу күтүлөт. 

Тараза

2025-жыл сизге сюрприздерди даярдап жатат. Эсте калчу окуя, пайдалуу тааныштар, кызыктуу сапарлардын ээси болосуз. Айрым кырдаалдар сизди алдыга карай умтулууга, жашооңузду жакшы нукка бурууга түртөт. Өзүңүзгө болгон ишеним өсөт. Негизи Жылан жылы активдүү жашоо образын карманган, өзгөрүү, кыйынчылыктардан коркпогон таразаларга жагымдуу, жакшы жыл болуп берет. Азап тартып калбаш үчүн сизге жакшы түшүнүктүү болбогон ишке аралашпоо сунушталат. Жубайлардын мамилелеринин канчалык бекемдиги сыналат. Бири-бирине мамилелерин оң жакка өзгөртүп, жан шеригине көңүл бурбаса никени сактоо кыйынга турат. Бойдоктор иш сапарында же иш-чаралардын биринде жүрөгүнүн ээсин – болочок жарын табышы мүмкүн. Алган билимге жараша окутуу курстарын ачуу жаатында ойлонуу кажет. Көптөр күзүндө чоң иштерди бүтүрүп, жеңилдөөнүн ырахатын сезишет. 

Чаян

Чаяндар табиятынан бет алган жолунан кайтпаган өжөр, чыдамдуу болгондуктан Жылан жылынан коркпой эле коюшса болот. Амбиция, көрөгөчтүк, ийкемдүүлүк сапаттарынын арты менен терс эмоцияны ичке катып, кыйынчылыктардан чыгып кете алышат. 2025-жыл ичинде келечектеги жашоонун узак жылдар бою туруктуу болушу үчүн алдын ала пайдубал түптөшөт. Жылан жылы аларды ички ресурстарына үңүлтүп, жаңы таланттарын ачууга шарт түзөт. Акчаны күмөндүү иштерге коротпоо, бат баюуну убадалаган чала тааныш адамдарга ишенбөө керектигин эскертишет жылдыздар. Февралда кыймылсыз мүлк жаатында макулдашуулар түзүлөт. Мартка карата бүтпөгөн иштерди бүтүрүү, юридикалык маселени чечүү керек. Мартта сыйлык аласыз же буга чейинки элге көрсөткөн жакшылыктарыңыздын үзүрүн көрүп кубанасыз. Жайкы эс алууларда жаракат, кырсыктардын алдын алуу керек. Сентябрда жеке жашооңузду маанилүү окуя коштойт, даяр туруңуз. Ушул маалда бойдоктордо сүйүктүүсүн табуу мүмкүнчүлүгү жогору. Ноябрда стратегиялык ой жүгүртүп, ийкемдүүлүк жана куулукту колдонуу аркылуу күтүүсүз жерден акчага ээ болуп калышыңыз ыктымал. 

Жаачы

Жылдыздар жаачыларга бакытка барчу жолду кантип кыскартуу керектигин ички туюмдары аркылуу сездиришет. Ошондуктан тагдырдын тикендүү жолдорун айланып өтүп, сыноолордон оңой чыга алышат. Тубаса дипломаттык сапаты карьералык өсүшкө, үй-бүлө мүчөлөрү менен мамыр-жумур жашоого шарт түзөт. Мартта иштеги, карьерадагы маанилүү этап аяктайт. Андыктан жаңы нерселерди өздөштүрүү, үйрөнүү, окуу курстарына баруу мүмкүнчүлүгү чыгат. Жай бир катар сюрприздерди тартуулайт. Мисалы, унутулган досторго күтүүсүз жерден жолугуу, үмүт үзгөн карыздардын кайтарылышы, жаңы жумушка сунуштар... Күздө башка жакка көчүү же үйдөгүлөрдүн биринин ден соолугуна байланыштуу маселени чечүү керектелет. Бул маалда сабырдуулук талап кылынат. Акчаны үнөмдүү пайдаланыңыз, болбосо акча чогулбайт. Бойдоктор тааныш, дос же туугандардын кысымынан улам өзү толук таанып-билбеген адамга баш кошпошу керек.  Анткени мындай жагдайда курулган никенин келечеги болбойт. 

Текечер

Тырышчаак жана эмгекти сүйгөн текечерлер  лидерлик сапаттарын да пайдаланышса, жумушта ийгиликтерге жетип, кирешелерин көбөйтө алышат. Кошумча билим алуу, чет тилди үйрөнүү да максаттарга жетүүгө жардамчы болорун эскертишет жылдыздар. Бирок ашыкча иштеп ден соолукка оорчулук келтирбөө зарыл. Жазында өзүңүзгө ашыкча ишенип алып, аткарылышы кыйын милдеттерди, долбоорду мойнуңузга илбеңиз. Жыйынтыгы куру убара, абройдун төмөндөшү болуп калат. Жайында мамилелерде, жумушта тил табышууларга баруу пайда гана алып келет. Өкүнүп калбоо үчүн ойлонулбаган жерден кымбат буюмду шашылыш сатып албоо керек. Күзүндө максаттарга көңүлдү буруп, аларга жетүү жолдорун кылдат карап чыксаңыз ийгилик сиз тарапта болмокчу. Сүйүктүүңүз менен майда нерселер үчүн чырдашпасаңыз эле үйүңүздө гармония өкүм сүрөт.

Суу куяр

Табиятынан башкалар менен бат тил табыша билген, жайдары мүнөз суу куярлар жыл ичинде кандай сыноо болбосун жеңип чыгышат. Бир эле убакта бир нече ишке киришпей, ички энергияны туура колдонгондо гана жакшы жыйынтыктар келет. Бюрократия, формалдуулук, кагаз иштери көп мекемеден жумуш сунушталышы мүмкүн, баш тартканыңыз оң. Коомдук иштерге да чеги менен аралашуу керек. Жазында керектүү документтерди бүтүрүү, келишимдерге кол коюу, буюртма аркылуу товар алдыруу иштери кечеңдеши ыктымал. Компания, бизнес ачам дегендерге март, апрель айлары ылайыктуу. Анткени жылдыздар оптимизмди күчөтүп, жол ачып берет. Жайдан тарта чогуу иштешкендер менен мамиле мурункудан жакшырат. Күздө стандарттуу эмес ойлор, новаторлук идеялар жаралат. Аларды ишке ашырсаңыз акчаңыз көбөйөт. Алдыны көрө билүүчүлүк касиетиңиз сизди туура эмес иш, кырсыктардан сактай алат. 

Балык

Акылдуу Жылан эргүү берип, туура жолду көрсөтүп, максаттарга шыктандырып, каржыдан жолдуу кылып турат. Ошентсе да өзгөрүүлөргө моралдык жактан даяр туруп, ички туюмга ишенип, бир ишти баштаарда артын ойлонуу сунушталат. Кызматтан жогорулоо күтүлөт. Жеке жашоо анча-мынча жагымсыз окуяларды эске албаганда бир нукта болмокчу. Жыл ичинде шашылыш чечим кабыл албоо, күмөндүү иш-чарага катышпоо, чагымчылдарга кошулбоо керек. Болбосо оңою менен бүтпөгөн азапка кептелесиз. Пайда болгон кырдаалдарды тынч жерде отуруп, салкын кандуулук менен анализдөө керек. Ошондо андан чыгуу жолун таап, зыян тартпайсыз. Жазында кыймылсыз мүлк сатып алуу, дарылануу, жакындарга кам көрүү иши алдынкы планга чыгат. Июлдан октябрга чейин киреше көбөйөт. Күз түрдүү маанай, окуя, сыноолорду тартууламакчы. Көп нерсеге көзүңүз ачылып, курчуп, эркиңиз бекемделип, жашоонун баалуулугун сезип, ички дүйнөңүз өзгөрүлө түшөт.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1151, 27-декабрь-2-январь, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан