Окурман, сиз үчүн 2024-жыл кандай өттү, эмне окуялар болду, эстеп көрдүңүзбү? Биз болсо 2024-жыл маданият, шоу-бизнес өкүлдөрү үчүн кандай өткөнү тууралуу жыл жыйынтыгын чыгарып, бир жыл ичинде болгон окуяларга саресеп салдык.
“КОШУЛУШУП ЭКИ ЖАШ, ЖУП БОЛУПТУР ЖАР-ЖАР...”
2024-жылы баш кошуп, жалгыз башын жуп кылган жылдыздарды тизмектейли. Бойдокчулук статусунан арылган белгилүүлөрдүн саны аз эмес.
Эльзар Тиленбаев + Айгерим Эшим. Эстрада ырчылары Эльзар Тиленбаев менен Айгерим Эшимдин махабат баяны ырларында гана калбастан, реалдуулакка айланды. Кош жылдыздардын үйлөнүү үлпөт тою жай айында өттү.
Канат Шабданбеков. Быйыл бойдокчулук менен коштошкондордун катарында шоумен, тамада, алып баруучу, блогер Канат Шабданбеков да бар. Нургүл аттуу сулуу экөө учурда бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарында.
Айзада Жамгырчиева. Сакадай бою сары алтын болгон алып баруучу, ырчы кызыбыз Айзада Жамгырчиева да быйыл ак жоолук салынды.
Айпери Чотонова. 2024-жылдагы колуктулардын катарына актриса Айпери Чотонова кошулуп, турмушка чыкканын жар салды.
Аида Багышбекова. Ырчы, актриса Аида Багышбекова менен казак жигити Нурдаулет Төлөпбергендин махабат баянына эки мамлекеттин адамдары күбө болду окшойт. Күркүрөгөн күздүн шаңы менен экөө үй-бүлө статусуна ээ болушту.
Азамат Уланов. “Мектепти бүттү беле?” деген суроону көп угат бул жигит. Кыргыздын дагы бир таланттуу уулу, актёр, вайнер Азамат Уланов чоңойду, чоңоймок турсун үйлөндү.
Бактияр Шаршенбаев. Агай эми бойдок эмес. “Агай” сериалынын, дагы башка көптөгөн тасмалардын жылдызы Бактияр Шаршенбаев да үй-бүлө күттү.
Бул жылы үй-бүлө курган белгилүүлөрдүн катарында модель Мээрим Атантаева, алып баруучу Эркин Нурбаев да бар. Баш кошкон түгөйлөрдүн баарына бакыт каалайбыз.
НАРИСТЕ ЖЫТЫН ИСКЕГЕНДЕР
Бала – бакыт. Балалуу болуп бакытка балкыган маданият өкүлдөрүнүн катарында актёр Эркин Усенбаев менен жубайы Ажара Шайыкова бар. Андан сырткары наристелүү болуп кубанычы менен ырчы айымдар Назира Токонова, Самара Каримова, Айнура Салахидинова, Кызсайкал Кабылова, Назгүл Токтакунова, ырчы мырзалар Ирлан Таалайбеков, Мирбек Иманбеков, Максат Садырбеков, Айар, Самат Муратбеков, Ильяз Абдыразаков, актёрлор Нуржаасын Жумагулов, Чыңгыз Максүтов, Эмил Эсеналиев, актриса Назбийке Айдарова, алып баруучулар Максат Довранов жана жубайы Алтынай Манасбекова, Мирзат Муканов жана жубайы Айзуура Иманалиева бөлүшүштү. Эгиз уулдарды жарыкка алып келген ырчы айым Сурма Тургуналы кызын эки эсе куттуктайбыз. Бул жыл жылдыздар үчүн бала жаатында өтө жемиштүү болуптур, байкадыңызбы, окурман?
СЫЙМЫКТУУ СЫЙЛЫКТАР
Көп жылдык эмгегинин үзүрүн көрүп, быйыл мамлекеттик сыйлыкка татыгандардын тизмеси:
“Даңк” ордени: Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипова “Даңк ордени менен сыйланды. Режиссёрлор Эрнест Абдыжапаров, Темирбек Бирназаров да аталган орденге ээ болушту.
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу: бул наамга жазуучу Топчугүл Шайдуллаева татыды.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти: бул наамга ырчы айым Анапия Райымбекова ээ болду. Андан сырткары ырчы мырзалар Ырыскелди Осмонулов, Майрамбек Осмонов, манасчы Рысбай Исаков да наам алып, кубанышты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: учурда дээрлик ар бир тасмада роль аткарып жүрүшкөн актрисалар Альбина Имашова жана Гүлжамал Мамытбекова күтүлгөн сыйлыгына ээ болушту.
Маданияттын мыкты кызматкери: Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси менен актёр, режиссёр Тынчтыкбек Абылкасымов, ырчы айымдар Айдана Дека, Нур Чолпон, Миргүл Эсеналиева сыйланышты.
Ардак грамота: Ардак грамотаны өлкө башчысынын колунан актёрлор Аскат Сулайманов жана Камчы Сарыбаев алышты.
Өзбекстан Республикасынын Эл артисти: чет мамлекеттен сыйлык алгандардын катарындагы атактууларыбыз да бар. Дирижёр Нур Өмүрбаевге Өзбекстандын Эл артисти, ал эми комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулуна Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти наамдары ыйгарылды.
КЫРГЫЗ ТАСМАЛАРЫ БАГЫНТКАН ИЙГИЛИКТЕР
Режиссёр Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы Москванын XIII эл аралык "Будем жить" кинофестивалынын Гран-при сыйлыгына ээ болду. Ошондой эле бул тасма «Мыкты оператордук иш» номинациясында да сыйлык алды (оператор Каныбек Калматов). Бул тасма жеткен алгачкы сыйлык эмес. Көптөгөн эл аралык сыйлыктар менен катар “Оскар” сыйлыгына да көрсөтүлгөн.
Режиссёр Бегалы Наргозуевдин «Жылкычы чымчык» тасмасы Франциянын Ницца шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени алды. Тагыраагы, “Фестивалдын эң мыкты толук метраждуу көркөм тасмасы” аталган.
“Байланыш” тасмасынын режиссёру Жандос Жолдошев Түркияда өткөн “Халикарнасус” эл аралык кинофестивалында “Мыкты дебюттук режиссёр”, “Анадолу” эл аралык кинофестивалында “Мыкты жаш режиссёр” сыйлыктарына ээ болду. Ал эми тасманын башкы каармандырынын бири актёр Уланбек Султангазиев “Мыкты башкы каарман” сыйлыгын алды.
Режиссёр Дастан Жапар Рыскелдинин «Качкын» тасмасынын бет ачары Кореядагы абройлуу делген Пусан эл аралык кинофестивалында көрсөтүлдү. Андан сырткары дагы бир нече эл аралык кино фестивалдарга катышканга жетишти.
ЖОГОТУУЛАР...
Ак-кара ээрчишип жүргөн сыяктуу кыргыз маданиятында оор жоготуулар да орун алды. Бул жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Муса Абдиев каза болду.
Ага удаа эле Кыргыз Эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров көз жумганы кабарланды.
Февраль айында белгилүү обончу, аткаруучу Бакыт Капаров көз жумду.
14-мартта Кыргыз Эл артисти, белгилүү опера ырчысы Талгарбек Жакшылыков 60 жашында каза болгону маалымдалды.
Ырчы, обончу Рустам Сагыналиев узакка созулган оорунун айынан каза болду.
Кыргыз Эл жазуучусу Самсак Станалиев да оорунун кесепетинен көз жумду.
“Беш кемпир”, “Маймыл”, “Боз салкын”, “Салам, Нью-Йорк!” жана башка көптөгөн тасмалардын жаралуусуна салым кошкон Жыргалбек Дүйшеев каза болду.
Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү
Абдырай Осмонов акка моюн сунду.
Андан сырткары кыргыз медицинасына зор салым кошкон атактуу дарыгерлер Мамбет Мамакеев жана Эрнст Акрамов каза болду.
Асыл Орозбекова