«ЖАҢЫЛЫШТЫГЫМДЫН АЙЫНАН СҮЙГӨНҮМДӨН АЙРЫЛДЫМ»

АЛГАЧКЫ СҮЙҮҮ
«Атанын мээрими түшкөн балага Кудайдын каары түшөт» деп коюшат тура. Тагдырымдын татаал болуп калганына ушул да таасирин тийгиздиби деп ойлоп кетем. Атамдын эрке кызы болуп чоңойдум. Негедир бир туугандарымдын арасынан мени өзгөчө эркелетип өстүрдү. Ошондон уламбы, бетке чабаар, өжөр, эрке кыз болуп чоңойдум. Кийинчерээк мектепти аяктаганымдан кийин гана мүнөзүм кичине токтоороок тартып калды.
Мектепти бүтүп, мен да эл катары борборго келдим. Биздин айылдык Аскат аттуу жигит мен борборго келээрим менен эле артымдан түшүп калды. Ал менден эки-үч жаш улуу жигит болчу. Көрсө, ата-энелерибиз кудалашуу тууралуу мурун эле сүйлөшүп коюшкан экен. Мен ал учурда кайдан билейин? Кез-кез келе калып, киного киргизип жүргөн Аскатты агалык милдетин аткарып жатат деп ойлогом. Бир күнү олуттуу сөз баштап калды.
– Нуриза, мен окуумду сырттан окууну чечтим.
– Эмне себептен?
– Атам менен апам карып калышты. Үйлөнүп, аларды неберелүү кылайын дейм. Кандай дейсиң?
– Кызык, сиздин үйлөнгөнүңүзгө менин кандай тиешем бар?
– Түздөн-түз. Анткени, ата-энелерибиз эбак экөөбүздүн тагдырыбызды чечип коюшкан.
– Эмне-е?
Уккан кулагыма ишенбей туруп калдым. Алдымда күнөөлүүдөй башын салып турган Аскатты жек көрө тиктеп турдум да, чуркаган боюнча жатаканама кирип кеттим. Буулуга ыйлап жатып калдым. Эмнеге ыйлап жатканымды өзүм деле түшүнбөдүм. Көрсө, менин чоң сезимди күтүп жүргөн жүрөгүм сүйүү дегдеп, сүйүү издеп ыйлап жаткан экен.
Ошентип, мени күттүргөн адам да акыры өзүмдү тапты. Ошол күн такыр эсимден кетпейт. Курбуларым менен сабактан чыгып үйгө келе жаткам. Алдымдан чоң гүл кучактап чыга берген кара көздүү, кара каштуу жигит унчукпастан келип гүлдөрүн суна берди.
– Жанара, туулган күнүң менен...
Муну күтпөгөн мен күлүп жибердим.
– Сиз мени башка бирөө менен алмаштырып алдыңыз го. Мен Жанара эмесмин. Туулган күнүм да эмес.
Менин жүзүмө жакшылап үңүлгөн жигит бир саамга таңкала тиктеп турду да, каткырып коё берди.
– Ой, ушунчалык да окшоштук болобу? Менин аталаш карындашыма өтө окшош экенсиз. Ал дагы ушул жатаканада жашайт. Кечирип коюңуз...Баса, менин атым Азиз.
– Меники Нуриза!
Бир көргөндө эле Азизге тартыла түш­түм. Экөөбүз куду эски тааныштардай сүйлөшүп туруп калдык. Кызык, өмүрүмдө бул адамды биринчи жолу көрүп жатсам да, мага, менин жандүй­нөмө өтө тааныш сезилип жатты. Ооба, Азиз мен күткөн, мен эңсеген адам эле.

«ТОПУРАГЫМДЫ ТҮЙҮП БЕРЕМ»
Бактылуу күлкүгө, махабатка тойбогон эки жыл арадан зуулдап өтүп кетти. Адаттагыдай кышкы каникулга барган мени ата-энем негедир түс үйрүп каршы алышты.
– Атаке...- адатымча атамдын кучагына жыгылдым.
Атам кучагына бой таштаган мени акырын чекемден сүйүп, өзүнөн оолактата берди. Негедир кабагы суз. Эч нерсени түшүнбөй ызалана түштүм. Бул эмнеси? Канчадан бери сагынып келсем ушундай да каршы алабы? Көрсө, жеңелерим менин Азиз менен мамиле түзүп жүргөнүмдү жеткирип коюшуптур. «Кызың кайдагы бир оштукка тийгени жатыптыр. Тигил зыңкыйган Аскатты чанып, тапканы ошол болсо керек. Келгенде өзүң айт. Сенден башканын сөзүн укпайт»,- деп апам да атамдын кулагына куюп койгон экен. Анын жайын уккандан кийин ого бетер ызам кайнады.
– Кызым, кудалар сөз айттыра берип тажашты. Сенин көңүлүңдөн өтө албай, ачык жооп да бере элекпиз. Ал ортодо кайдагы бир немени таап алыптырсың...- деди атам кечки тамактан кийин. Ал кайдагы бир неме менин жашоом, өмүрүм экенин кайдан билсин?!
– Атаке, мен...- деп акырын үн каттым.
– Унчукпа, мен сени ата-бабам тааныбаган жерге берейин деп чоңойткон эмесмин. Эгерде Аскаттын демин кайтара турган болсоң топурагымды түйүп берем.
Кебиме кулак салаар түрү көрүнбөйт. Акыры тартышып отуруп, өз чечимимди айттым.
– Ата, өз тагдырымды өзүм чечкенге уруксат бериңиз. Мен ансыз жашай албайм. Ырас, мага өмүр бердиңиз, атамсыз. Бирок, менин тагдырыма ээлик кыла албайсыз.
Ушул сөздү айттым да, чыгып кеттим. Атам бир таңкалгандай, бир таарынгандай караган көз карашы менен мени узата отурган бойдон калды. Ошол замат өз бөлмөмө барып бүк түшө жыгылдым. Канчалык атамды жакшы көрсөм да, Азизден эч качан баш тарта албасымды түшүндүм.
Көп өтпөй Азиз экөөбүз баш кошууну акылдашып, досторубузга кичинекей тойчук жасап туруп, Ошко жөнөп кеттик. Алгач барганда өтө эле кыйын болду. Башка шарт, башка жашоого көнө албай жүрдүм. Анын үстүнө, кайненем мен барып түшкөн күндөн баштап эле мага өч болуп чыкты. Канчалык көңүлүн жибитейин деген сайын душманындай көрчү болду. Туугандары да сыртын салып теңсинбей карашчу. Эмне кылмакчымын, көз жашымды жутуп тим болом. Бир гана көңүлүмдү көтөргөн нерсе Азиздин мага болгон өчпөгөн махабаты эле. Кечинде жумушунан келгенде бооруна кысып, маңдайымдан сылап эркелетсе мен үчүн бардыгы унутулуп калчу.
– Нурум, кичине чыда, көнүп кетишет. Мен сен деп тургандан кийин кайда барышат эле,- деп көңүлүмдү сооротчу.
Кайрадан бүркөлгөн күнүм ачылгандай жарк эте мойнуна асылаар элем. Ооба, биз анда өтө бактылуу болчубуз.

КАРГАША
– Туубаган катындан тууган эчки өйдө. Кыйратып койгонсуп эмне ушуга чейин жатат дейм да...
Күңкүлдөгөн кайненемдин сөзүнөн жылан чаккандай учуп турдум. Үйлөн­гө­нү­бүзгө төрт жылдай болсо да, менин боюмда болбогону ого бетер кайненемдин чырагына май тамызып жатканын сезип жүргөм. Эрдимди тиштеп чыдаган сайын анын сөздөрү сай-сөөгүмдү какшатып жиберчү.
– Азиз, апам экөөбүздү баары бир жашатпайт го. Анын үстүнө, минтип...- жаңыдан көзүн ачкан Азизге акырын үн каттым. Ал мурункудай мени жубатып, көз жашымды сүртүүнүн ордуна оор үшкүрүп, терс бурулуп кетти. Кимдир бирөө камчы менен тартып жибергендей чыйрыга түштүм. «Оо, Кудай, бул дагы мени көргүсү келбей калганбы? Бул дагы мени жектеп... Анда эмнеге жүрөм бул жакта? Айланганы жүрөмбү?» Ызалуу ойлор мени ала салдырып, эсимди оодара баштады. Азизге өтө таарындым. Баарына көз жумуп, этегин кармап келген эрим терс бурулуп кеткени өтө катуу тийди. Анын апасы экөөбүздүн ортобузда чайналып жүргөнүнөн, тажаганынан улам ушинткенин кайдан билдим? Мага менден көңүлү калып терс бурулгандай сезилген эле.
Ошол күндөн баштап күйөөмдөн көңүлүм таптакыр бузула баштады. Ал кезде окуумду сырттан бүтүп, мектепте сабак бере баштаган элем. Сабагым бүткөндө үйгө баргым келбейт. Барсам эле жыландай ышкырган кайнене тосуп алаарын эстегенде бутум шилтенбейт. Анын үстүнө, Азизге таарынычым зор. Түпсүз ойлорго чөмүлүп кетип бара жатсам артымдан бирөө кыйкырып калды. Кылчайсам биз менен чогуу иштеген Айнаш деген келин экен. Жеңил ойлуу, шайкелең мүнөзү менен атагы чыккан бул келинди жактырчу эмесмин. Алтургай саламдашканыбыз болбосо сүйлөш­чү да эмеспиз. «Буга эмнеге керек болуп калдым экен?» деп токтоп калдым.
– Ай, сени жыйналыштан кийин таппай калдым. Эртең майрамга карата жаштар өзүбүзчө отуралы дегенбиз. Сага да айтып кой дешкен эле. Ошон үчүн токтоттум.
– Кимдер?
– Тигил Кулмат, Темир агайлар, анан кыздар бар...
Үйгө баргым келбей жаткан жаным көңүлүм көтөрүлө түштү. «Барса барып, бир азга отуруп келсем эмне болмок эле?» деп ойлоп жибердим. Тигил менин түрүмдү байкап турган окшобойбу, дароо колдон алды.
– Бас, эмне, өмүр бою кайната-кайненеңдин маңдайынан чыкпай отурат белең?! Жаш болгондон кийин көңүл ач.
Шакылдаган Айнаштын сөзүнө муюганым менен Азизди эстегенде колумду тартып алдым.
– Кой, Азиз билип калса жаман көрөт.
– Азизиң соо жүрөт дейсиңби? Өткөндө эле көчөдөн бир келин менен көргөм.
Жүрөгүм тыз эте түштү. Ошол замат оор улутунуп, терс бурулуп жатып алган күйөөмдү элестетип жибердим. Буттарым калтылдап, ичим ысып чыкты.
– Койчу, чын элеби?
– Ооба, тим эле белинен сыга кучактап, эч кимди көзүнө илбейт.
Айнаш оозу-оозуна тийбей дагы бир топ нерселерди айткандай болду. Бирок, менин кулагыма эч нерсе кирген жок. Кызганыч, ыза көкүрөгүмдү жаралап бара жатты. Көзүмдөн аккан жашты аарчууга алым келбей Айнаштын жетегинде бара бердим.
– Сен алдагындай өңүң, келбетиң менен Азиздейди чекеден таап аласың. Баса, тигил Кулмат агай сага канчадан бери көзү түшүп өлүп жүрөт. Же аны байкабайсың. Айласы кеткенде мага айтып...
Үзүл-кесил ушул сөздөрдү угуп кетип бара жаттым. Эч нерсе оюма чүр­гөлбөдү. Бирде «туубас эле, туубас» деген кайненем, бирде терс бурулган күйөөм көзүмө элестеп бара жаттым. Үйгө келсем Азиз келип калыптыр. Менин бүркөлгөн кабагымды көрүп күйпө­лөк­төп кетти.
– Нуриза, эмне болду? Бир жериң ооруп турабы?
– Ооба, ооруп калдым.
Ал чебеленип эмне кылаарын билбей чай, дары ташып жатты. Ошондо Азиз кичине эле баамчыл болгондо, эмне болгонун чекмелеп сурап алганда баары башкача болот беле...

«МЕН ӨЗҮМДҮ КЕЧИРЕ АЛБАЙМ»
Ошентип, эртеси күнү айтылган кечеге бармай болдум. Ушуну менен эбактан бери жыйылган бугумду чыгарайын дедим окшойт. Бир эсе ушинтип Азизден да, кайненемден да өч алгым келди. Биз барганда кече күчүнө кирип, күүлдөп калган экен. Эки тааныш агай, бир бейтааныш эркек, анан бир келин бар экен. Ошентип, Айнаш экөөбүз менен алтоо болдук. Канчалык көңүл ачайын десем да чытырман токойго келип калгандай элеңдеп, жандүйнөм кыйнала берди.
– Айнаш, бул сулуу карындаш бизге көнө албай жаткансыйт,- деди жанагы бейтааныш адам.
– Көнүп кетет. Андан көрө жакшы көңүл бурбай жатасыңар го,- шыңк күлгөн Айнаш мага тигиле берди. Ошону эле күтүп тургансып баары мага жабылып калышты.
– Кел, азыр окуучу кыздар да ичишет.
– Койчу, эми кантип эле өмүрүңдө ууртап көрбөгөнсүң?
– Сенин балбылдаган көзүң үчүн...
Айтор, ар жак, бер жагымдан жаалай берип, кантип ичиришти, билбейм. Тез эле албырып, өзүмдөн-өзүм ачылып баштадым. Бир кезде аларга кошулуп кантип кыйшактап бийлеп киргенимди да билбейм. Ушул учурда Кулмат агай менен Айнаштын өзүнчө көз кысышып калгандарын байкап калдым. Катуу эле кызып калган экенмин. Бир кезде жатууга кезек келди. Дароо сырткы кийимдеримди издеп кирдим.
– Кайда барасың?- деди Айнаш
– Үйгө кетем.
– Эми кайдагы үй? Мында эле жатып кал.
– Жок! Жок... Азиз мени күтүп жатат. Мен кетем.
– Болду эми, жаш кыздай болуп кылыктана бербей. Кулмат агай тигил жакта...
Бул Айнаштын үнү болчу. Булдуруктап жүргөн мени кимдир бирөөнүн карылуу колу кучактап калды да, караңгы бөлмөгө жетелегендей болду. Эртең менен ойгонсом башка адамдын кучагында, башка төшөктө жаткан экенмин. Бул кесиптешим Кулмат эле. Ал мени сүйөөрүн, менсиз жашай албасын айтып жалынып жатты. Бул мени торго түшү­рүү үчүн ойлоп табылган отуруш экенин да андан уктум.
Ооба, мен ушинтип ак жолумдан жаңылдым. Өзүмдү-өзүм жек көрүп, жанымды кыйгым келип жатты. Мүдүрүлө-чалына эптеп кийинип сыртка чыктым. Апакай кар жаап турган экен. Кардын ак бүртүктөрү да, апакай кайыңдар да, алтургай асман да мени шылдыңдап, күнөөлөп жаткандай сезилди. Мен өзүмдү-өзүм булгап алганымды, ак сүйүүмө чыккынчылык кылганымды ойлоп өксүп-өксүп ыйлап алдым. Сендиректеп эптеп үйгө кирдим. Азиз уктап жаткан экен. Дабышсыз жылып, баш жагына келдим. Ал дароо көзүн ачып мага жылмайып алды.
– Сени апамдар «майрамга кетти» дешкен. Качан келдиң? Мен сенин келгениңди да байкабай уктап калыптырмын.
– ...
– Келчи, колуң үшүп кеткен го...
Аттиң, колум эле эмес, жүрөгүм, денем, сезимим сенейип калганын кайдан билсин?! Колун сунуп, жадыраган күйөөм­дү карап артыма чегине бердим.
– Жок, кереги жок.
– Эмне болду?
– Мен... мен... мен сени менен жашай албайм. Мен күнөө кылдым. Мен сени башка бирөөгө алмаштырдым. Мен акмак ак сүйүүбүзгө балта чаптым.
Буулугуп ушуларды айткан мен астын-үстүн болгон тагдырыма ыйлап жаттым. Азиздин өңү купкуу болуп, сунган колу шалдая түштү. Көздөрүнөн жылуулук кетип, муздактык, жек көрүү толуп бара жатты.
– Кантип?- деди шыбырай.
– Билбейм. Азиз, өз колуң менен өлтүрүп салчы?! Мен сенден, энеңден, тагдырымдын өч алгым келди окшойт. Мен...
– Жаагыңды бас!
Ордунан атып турган Азиз жек көрө бир карап алды да, эшикке атылды. Боорумду көтөрө албай өксүгөн мен анын биротоло кеткенин, экинчи мага кайрылбасын сездим. Бирок, бир үмүтүм дагы да коё бербей жатты.
– Азиз, кетпе... кетпечи... суранам!- деп жинди болгон немедей өксүй бердим. Бирок, баары кеч болчу...

ххх

Ошол боюнча Азиз экөөбүз көрүшкөн жокпуз. Мен ажырашып, өз айылыма кайтып келдим. Атамдын өтүнүчүн жерге таштай албай арадан эки жыл өткөн соң Аскатка турмушка чыктым. Аскат да биринчи никесинен жолу болбой бойдок жүргөн кези экен. Азыр сыртынан караганда менден бактылуу адам жок. Аскат көзүмдүн агы менен тең айланып турат. Ортодо бир уул, бир кызыбыз бар. Бирок, сүйүү деген нерсе эч унутулбайт экен. Азиздин, өзүмдүн Азизимдин элеси жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашап келет. Ага жолуккум келет. Айтылбай калган нерселерди айтып, жандүйнөмдү бошотсом дейм. Ким билет, качандыр бир кезде аны менен кездешип калаармын. Жашоодо эмне гана болбойт?! Ошентип, үмүтүмдү туу кылып жашап келем.

Нуржамал Жийдебаева
Сүрөтчү: Уларбек Атайбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ABTOPumem
2010-02-22 21:14:41
Negizi ele tagdyr jolu tataal bolot. Oshogo kee biribiz chydap jashasak jashaibyz jashabasak jok. Bilbeim maga bul jerden Azizge borum oorudu,kantse da sen suigon adam birinchi tunuk suiuuh yiyk nerse bolush kerek
0
adelima
2011-09-25 11:14:28
ушундай ортодон чыккан шуркуя аялдарды жек кором. Балким сенин куйон Азиз да соо журобу деп айтпаса,Ал бул оюнан кайтып отурушка бармак да эмес. Эми бактылуу жашап жатыптыр,Азизди учуратса ал менен да тунду откорот. Эки эркекти коргон аял,учунчу-тортунчусунон да баш тартпайт.
+1
№ 246, 20-26-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан