8-январда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкмөт башчылары жолугушуп, чек ара маселеси боюнча пикир алышты.
Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында орундар толуп, бейтаптарга орун табылбай жатканын билдиришти ооруканадан.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев каза болду.
Геология агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбековду камакта кармоо мөөнөтү 4-мартка чейин узартылды.
Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.
Бишкектин четине курулуп жаткан жаңы стадион 2026-жылы ишке берилери кабарланды.
Жаратылыш ресурстары министрлиги: Бишкекте абанын 27 пайызын автоунаадан чыккан түтүн булгайт.
Улуттук статистика комитети: 2024-жылы ысык суунун баасы 41 пайызга кымбаттаган.
Өлкөдө 67 миңден ашык адам сасык тумоого каршы эмдөө алганы расмий маалымдалды.
11-январь – ишемби Кыргызстанда иш күнү болот.
15-декабрда жайлоого мал издегени кетип жоголгон Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы тургуну табыла элек.
Баткенде оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгү күтүүсүз жарылып, айдоочусу каза тапты.
Ноокен районунда вакцина сактоочу заманбап кампа ишке берилгени кабарланды.
Боом капчыгайында 20 жаштагы кызды унаа сүзүп кетип, кыз көз жумду.
“AsmanAirlines” авиакомпаниясы Бишкек-Кербен аба каттамын ишке ашырууга даярданууда деп кабарланды.
9-январда Ош облусунун аймагында жер титиреди, жабыркагандар жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.