Камчыбек Ташиев: «ПУТИНГЕ ЧОКУ ЭМЕС, СЫЙЛЫК ЭЛЕ ЖЕТИШТҮҮ»

Аптанын жаңылыгы

Учурда Орусияга байланыштуу окуялар арбыды. «Путиндин чокусу», ОРТ менен КТРКнын жыштыктарынын алмашышы, орусча аталыштагы аймактардын айынан Тил комиссиясынын жетекчисинин кызматынан кол жуушу...

Албетте, Орусиянын Кыргызстан үчүн экономикалык жактан өзгөчө орунга ээ мамлекет экени талашсыз.
Бирок ушул өлкөгө тиеше­лүү маселелерде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келген учурлар болбой койбойт. Алсак, өткөн аптада ОРТ менен КТРКнын жыштыктарынын орун алмашып калганына байланыштуу Орусиянын элчилиги нааразычылыгын жашырган жок. Ал эми биз тарап “КТРК жакшы көрсөтпөйт” деп,
ОРТнын болсо сапаттуу техникалык жабдуусу бар экенине таянып жыштыктар алмашылганын айтып, түшүндүрүү менен убара.
Бул ортодо Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путиндин ысымын Кыргызстандагы чокулардын бирине ыйгаруу маселеси да кызуу талкууга алынууда. Бул сапар “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев чокуга Путиндин ысымын ыйгарууга каршы чыкты. “Кыргызстанга кошкон салымы үчүн Путинге мамлекеттик сыйлык берсек жарашат. Бирок жердин атын эмес”,- дейт Камчы мырза.
Бул аптада Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Азимжан Ибраимов «жер-суунун орусча аталыштарын кыргызчалайбыз» деп ээрден шыпырылды. Ал эми анын ордуна кызматка келген Рыскелди Момбеков мындай кадамга баруу эртелик кыларын билдирет.
Белгилеп кетүүчү жагдай, Советтер Союзу кулаган соң бир топ постсоветтик өлкөлөр орусча аталыштардан арылып, эчак эле түпкү аталыштарына кайтышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
cosmopolit
2011-02-19 01:38:34
кызык го Р.момБеков али эрте деп....
0
Zari2011
2011-02-19 02:41:48
K.Tawiev siz azamatsyz,ar daiym el uchun kyzmat kylasyz.Men da sizdin sozunuzdu tuura dep bilem.
0
lider-kg
2011-02-19 03:43:11
Улутчулмун деп коркпой айтаны жагатда
0
kutush
2011-02-19 19:01:43
Путиндин атын чокууга беруу окмот тарабынан которулгондо эле Текебаев жетектеген "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары каршы болушкан. Ошондой эле мыйзамга да туура келбесин баса белгилешкен.БирокАтамбаев окмоттун токтомун арткы число менен озгортуп, Путиндин атын чокуга берип кошаматка кой союуп жатат.
0
UvE
2011-02-19 21:07:42
Кыргыздын жерин ботон ат менен атоо - жерин сатуу, элдин руханий байлыгын басынтуу болуп саналат! Кыргыздын улуу инсандары толтура аларды эмне Путинчелик корбойбузбу? Кайра чокуга Путиндин атын койгуча андан коро Москва районун атын кыргызча атасын! Бул менин улутчулдугум эмес, болгону кыргыздын тилин, рухун которуу ар бир кыргыздын парзы, а минтип балык башынан сасып жатса, Кыргыздын жерин кыргызча атай албай отурса, анда биздин тил, биздин жер бир кылымда эмес жуз кылымда да онукпойт!
0
bapa
2011-02-19 23:20:16
Эмнеге биз кайдагы бирооно чокунун атын беришибиз керек, бизде кыргызда чыгаан, инсандардын атын койсо болот да, бул Атамбаевдин обу жоктугу. Путин Кыргызстанга жардам корсотсо, кандайдыр бир кызыкчылык бар да, Ташиев туура айтат, 100 пайыз кошулам.
0
sulusha
2011-02-20 01:44:06
Tashiev tuura aitat!
0
aminali
2011-02-20 02:11:34
Men baarinarga kowulam,tuurasina da tuura emesine da azir zaman uwundai.
0
tnurik
2011-02-20 04:14:03
Ташиев азаматсын! эл учун куйгон адам!
0
Барс
2011-02-20 18:43:23
Р. Момбеков кыргыз тилин оозуктаймын деген убада менен келиптир да анда...
0
Fernando
2011-02-21 04:52:54
Echkimge ishen begile/ bular bugunkusun ertenkisin oilop jashashat//// Putinge choku beremdese anda jagalgandyk bolup kalat.....
0
arlekino
2011-02-21 11:20:44
Ушул адамды, же терс, же он каарман экендигине тушунбой койдум таптакыр.
0
jua
2011-02-22 11:00:02
arlekino терс каарман адам болбойт адамды маалымат жазып чыккан газеталар терс каарман к ылып жазышат азыркы газеталарга ишенбеш керек алар заказ берген адамдардын буйруктарын аткарышат
0
lider-kg
2011-02-22 21:24:14
Ош Жалаладда урушта кимдер жургон болсо Ташиевдин баркын билишет Ташиев учун олуп берем дегн кишилерди козуммен кордум
0
umtulam
2011-02-23 11:07:50
tashievdi baary ele jakshy korso kerek. al kyrgyzdyn chynygy lideri. azamatsyz Kamchybek myrza!!!
0
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан