Мезгил үнү
Акыркы үч жылдан бери асырап алууга муктаж болгон 65 кыргызстандык жаш балдар бир гана үмүт менен жашап келишет. Ал – өз улутундагы эмес, америкалык болсо да ата-эне менен чогуу жашоо каалоо-тилеги. Кыргызстандык балдар өзүбүзгө эмес, өзгөгө көбүрөөк керек болуп жатканда, эмне үчүн бул маселе Чубактын чуусундай уланып келет?
АКШда БАЛАЛУУ БОЛО АЛБАГАНДАР КӨППҮ?
Кыргызстанда кароосуз калган балдарды бир эле америкалыктар эмес, Европадагы башка мамлекеттердин жарандары да багып алышат. Бирок АКШнын өзүндө багып алууга муктаж болгон балдардын көп экенине карабастан, былтыркы жылы эле Кошмо штаттардын жашоочулары 12 миңдей чет жерлик балдарды асырап алышкан. Муну АКШда балалуу боло албагандардын көптүгү жана алардын бала багып алууга каалоосу күч экендиги менен түшүндүрүшөт.
Акыркы үч жылдан бери 65 кыргызстандык бала ата-энелүү болуу ырыскысына жетпей жашап келишет. Алардын көпчүлүгү мүмкүнчүлүгү чектелген балдар.
ЖАШ БАЛДАР АМЕРИКАГА ЖЕТПЕЙ...
2009-жылдын февраль айында экс-премьер Игорь Чудиновдун буйругу менен чет жерликтер тарабынан кыргызстандык балдарды асырап алууга тыюу салынган. Бала асыроо боюнча алектенген агенттиктердин шектүү иштери, ага карата козголгон кылмыштар бала асыроо боюнча мыйзамда чийки иштер көп экенин ачыкка чыгарып, ошондон улам жогорудагы буйрук чыккан эле. Ошентип, баягы эле паракорчулуктун кесепетинен асырап алуу процесси үзгүлтүккө учураган. Мунун айынан 65 кыргызстандык баланы багып алууга даяр америкалык ата-эне орто жолдо калган.
Эске салсак, америкалыктар биринчи жолу 2004-жылы Кыргызстандан бир бала багып алышкан. 2008-жылы мындай асыранды балдардын саны 78ге жеткен. Кыска убакыттын ичинде бул көрсөткүчтүн өскөнү Кыргызстандан бала багып алуу оңой экендиги менен түшүндүрүлөт. Мисалы, коңшу Кытайдан бир бала багып алуу үчүн беш жылдай убакыт сарпталат. Кыргызстанда бул процесс ашып кетсе бир жылды алат.
“КЫРГЫЗСТАНГА ЭКИНЧИ ЖОЛУ КЕЛИП ОТУРАМ”
Жогоруда айтылган 65 баланын тагдырын чечүүгө жардам берүү үчүн АКШнын мамлекеттик департаментиндеги балдар маселеси боюнча бюронун атайын кеңешчиси Сьюзен Жейкобс Кыргызстанга келди. Ал Калкты социалдык коргоо боюнча министр Айгүл Рыскулова менен жолукту. Министр айым балдардын кызыкчылыгы үчүн мыйзамды кайра иштеп чыгуу зарылдыгын айтты. Сьюзен Жейкобс: “АКШнын багып алуучу ата-энелери чечимди күтүп отуруудан баш тартып коюшу мүмкүн”,- дейт. Мындайда дарылоого муктаж болгон жаш балдар өмүр бою атайын мекемелерде күн өткөрүп калышы ыктымал.
Биз Сьюзен Жейкобс айымды кыска маекке тарттык:
– Сиз бала багып алуу боюнча Кыргызстанга экинчи ирет келип отурасыз. Эмне үчүн америкалыктар мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык балдарды багып алууга кызыкдар?
– Мунун артында бир мандем бар деп эсептебейм. Анткени америкалык ата-энелер муну чын дилинен жасашат. Алардын көпчүлүгүнүн колунда бар. Алар жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө даяр.
– Баланы асырап алышкан соң анын кандай шартта чоңоюп жатканын социалдык кызматкерлер тыкыр көзөмөлдөп турушабы?
– Ооба, ал эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген. Жылына бир же эки жолу жыйынтык жөнөтүлүп турат. Асыроого алынган балдар дайыма көзөмөл алдында.
– Америкада балага муктаж болгондор көппү?
– Балага зар болгон ата-энелер көп. Бирок АКШнын өзүндө деле кароосуз калган жаш балдардын деле саны жогору. Мисалы, менин уулум балдары бар экенине карабастан, чет жерлик бир баланы багып алууга даярданып жүрөт. Мен ага “сөзсүз кыргыз баланы асырап ал, анткени Кыргызстан ушунчалык кооз өлкө жана анда жашаган адамдар сонун экен” деп айттым.
ЭМНЕНИ КҮТҮП ЖАТЫШАТ?
Азыркы тапта Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министрлигинде бала асыроо боюнча мыйзамдын долбоору иштелип чыгып, жакын арада ЖКнын кароосуна коюлмакчы.
«Балдардын тагдыры тынчсыздандырбай койбойт. Биз дагы кыргызстандык балдардын ата-энелүү болуп, толук кандуу жашоо сүрүшүн каалайбыз»,- дейт аталган министрликтин башчысы Алмазбек Абытов.
Ал эми ЖКнын депутаты Алтынай Өмүрбекова: “Өкмөт бала асыроо боюнча эл аралык стандарттарды көңүлгө алып, жаңы шарттарды иштеп чыгып жатат”,- деп билдирди. Андан сырткары жогоруда сөз болгон 65 баланы асырап алуу процесси боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлөрүн кабарлады.
ОШОЛ ЭЛЕ УЧУРДА...
Орусиядан америкалыктарга асыранды катары кеткен баланын көргөн кордуктары жөнүндө чуулгандуу маалыматтар Жаңы жылдын алдында ММКларга тарап кеткен. Тил албаган кичинекей баланы апасы ваннада муздак суу менен үшүтүп, ачуу соус берип тарбиялаарын телешоудо айтып берген.
Америкалык ата-энелерге каршы нааразычылык 2009-жылы ур-токмоктун айынан каза болгон Иван Скоробогатовдун өлүмүнөн улам да күчөп кеткен. Орусиядагы балдар үйүнөн алынып кеткен кичинекей Ваняны ата-энеси көп ирет сабап, ачка калтыргандыктары аныкталган.
РФнын Балдардын укугу боюнча аппаратынын маалыматына ылайык, Орусия чет жерликтерге балдарын асырап алууга бергенден баштап, ата-энелердин күнөөсү менен 18 бала каза болгон. Анын ичинен 17си АКШда болуп өткөн.
Бул окуялар ушунчалык дүрбөлөңдү жараткандыктан, Орусия бийлиги балдарды америкалыктар тарабынан багып алуу процессин убактылуу токтотууну кароодо.
Кыргызстандан кыз багып алууну күтүп жаткан америкалык ата-эненин каты:
2008-жылы июлда болочок Кристен кызыбыз жөнүндө бардык маалыматтарды алдык. Аны үй-бүлөбүзгө алып келүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Кристен нышан төрөлгөн. Андыктан биз хирург издеп, анын келишине бардык даярдыктарды көрүп койгонбуз. Бир эле медициналык көмөк көрсөтүү менен чектелбей, аны өз кызыбыздай кабыл алууга даярбыз. Анын бир тууганын 2007-жылы асырап алдык эле, ал дагы өзүнүн карындашын чыдамсыздык менен күтүп жатат.
БАЛДАРДЫН ТАГДЫРЫ БИЙЛИКТИН КОЛУНДА
АКШнын мамлекеттик департаменти даярдаган эл аралык асырап алуу докладынын маалыматына ылайык, 2010-жылы АКШнын жарандары 12 миңге жакын баланы багып алышкан. Эң көбү Кытайдан, 3,5 миңге жакын, Эфиопия 2,5 миң жана Орусиянын 1 миңден ашуун балдары америкалык ата-энелүү болушкан. Коңшу Казакстандын 181, Өзбекстандан 5, ал эми Кыргызстандан былтыркы жылы 1 бала багылып алынганы айтылат.
Ошентип, Америкада баласын, Кыргызстанда ата-энесин зарыга күткөн 65 жаш бала бүгүн бийликтин кадамынан көз каранды. Албетте, балдардын өз жеринде калышын каалайбыз. Бирок мамлекет кароосуз жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жетиштүү камкордук көрө албаса, анда аны аткара ала тургандарга берүү ылайык эмеспи.
Азырынча мораторийдин качан алынып салынары да белгисиз. Анткени чечим чыгаруучу депутаттар башка иштер менен алек. Кызматтык машина менен үй маселесин талкуулап бүткөн соң, депутаттар буга окшогон маселени кароого убакыт табылар. Кантсе да таразанын ташында 65 баланын тагдыры, ден соолугу жана келечеги турат.
Эльвира Караева
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
КЫРГЫЗСТАНДЫК БАЛДАРДЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН АСЫРАП АЛУУСУНА КАНДАЙ КАРАЙСЫЗ?
Камчыбек Ташиев,
“Ата Журт” фракциясынын депутаты:
– Баланы чет өлкөгө асыроого берүү жакында эле пайда болду. Ага чейин бала жетимби, таштандыбы, майыппы, өз жеринде өсүп келген. Балдарды чет жерликтерге асыроого берүүгө каршымын.
Турган Айдаралиева,
мугалим:
– Баланы бөтөн жерге берүү анын тагдырына балта чапканга барабар. Анткени алып кеткен соң анын аман-эсен, тынч жашоосуна эч ким кепилдик бербейт. Эгер мамлекет тарабынан күчтүү көзөмөл болсо, каршы деле эмесмин.
Алиясбек Алымкулов,
Жаштар министри:
– Экономикабыз күчтүү болуп, балдар үйүндө балдарды багууга шарт болсо, башка өлкөнүн эшигин сагалатпай өзүбүз өстүргөнүбүз жакшы болмок. Чет жерге берип жаткан күндө да алардын келечегин көзөмөлдөп турушубуз керек.
Айгүл Исмаилова,
мугалим:
– Кээде майып балдарды багып алгандар тууралуу угуп калам. Чынында, ошол баланы адам кылып багып кетишерине көзүм жетпейт. Мүмкүн, органдарын сатат, ким билсин? Андыктан баланы чет жерликтерге берүүгө каршымын.
Нуржан Нурдинова,
студент:
– Баланы багууга ата-эненин мүмкүнчүлүгү жок болсо, кең келечеги үчүн башкаларга берүүгө эмнеге болбосун. Бирок угушумда, алып кеткен соң балдарды кул кылып алышат экен. Бир чети мындай оор тагдырга дуушар болгончо, бул жерде эле болсун.
Кенжебек Токобаев,
айдоочу:
– Өзүбүздө эле балага зар болгондор канча? Ошолорго берсин. Чет жерге сатып жибергидей ал эмне, буюм беле? Кандай кыйынчылык болбосун, бала өз жеринде өссүн. Баланын ырыскысы төрөлгөн жеринде. Андан ажыратууга эч кимдин укугу жок.
Алымкан Камчыбекова,
пенсионер:
– Жетим болсун же майып болсун, бала өз өлкөсүндө өсүшү керек. Мекенинен ажыратууга кимдин укугу бар? Буга өкмөт кам көрүшү зарыл. Ал эми жашыруун өз уулун саткандар өлүм жазасына татыктуу дейм.
Бактыгүл Сокушова