Элибизде “эшикти кулачтап турба, жаман болот” деген сыяктуу көптөгөн тыюулар бар. Чечмелей келсек, ошол “жаман болоттун” ичинде терең маани жатат. Бул жолу ошондой тыюулардын түпкү себебине кайрылалы.
Бош бешикти терметкенге болбойт
Бешик – бала жатчу, уктоочу буюм болгондуктан ыйык деп эсептелет. Бешикте жатып баланын дене-бою, акыл-эси өсөт. Мааниси – бош бешикти терметүү баладан айрылуунун же баласыз болуп калуунун белгиси катары каралат. Баласынан айрылып калган эне аны сагынып, жоктоп, ички күйүтүнө чыдабай баласынын бош калган бешигин терметип же кийимин жытташы мүмкүн. Тыюунун себеби ушунда.
Кечинде эшик шыпырганга болбойт
Бул тыюу азыркыга чейин күчүндө, айрыкча айыл жергесинде.
Мааниси – шыпырындыда, акыр-чикирде жин-шайтан ойнойт деген ишеним жашайт. Мунун дагы бир чечмелениши бар. Кыргыз кыраакы, акылман эл да. Үйдүн ичин, эшик алдын адатта ким шыпырат? Көбүнчө, келин. Келин эртеден кечке тынбайт, үй жыйнайт, кир жууйт, бала-чакасын карайт, конок келсе аларды тейлейт, түйшүгү көп. Кечинде шыпырылган шыпырынды түндө шамал болсо чаңып, чачылып, эртең менен кайра шыпырууга туура келет. Ошондуктан “кечинде эшик шыпырбайт” дегенди келиндин ишин жеңилдетүү, келинди аягандык деп түшүнсөк да болот.
Шыпыргыны тикесинен койгонго болбойт
"Шыпыргыны тикесинен койбой, жаткырып кой" деген сөздү угуп эле жүрсөңүз керек, окурман.
Мааниси – ата-бабалар шыпыргыны тик койсо үй ээсинин душмандары баш көтөрөт деп ишенишкен. Анын үстүнө тик турган шыпыргы “үйдө кыз-келин болбой, мен колдонулбай, бир орунда тик тура берсем” деп тилейт деген ырым-жырым айтылат.
Мунун дагы бир чечмелениши бар. Илгери ата-бабабыз боз үйдө жашап, электр жарыгы жок болгондуктан караңгыда май чырак пайдаланышкан. Күңүрт жерде тикесинен турган шыпыргы, бир караганда жин-шайтан сыяктуу көрүнүп, балдар, кош бойлуу аялдар чочуп калышы мүмкүн деп эсептешкен.
Чачты, тырмакты тепсенди жерге таштоого болбойт
Алынган чач, тырмакты илгери чүпүрөккө ороп дарактын түбүнө көмүп коюшкан, же дубалдын жаракасына катышкан.
Мааниси – кыргызда адам өлсө деле чачы, тырмагы өсө берет деген түшүнүк жашап, чач менен тырмакты ыйык нерсе катары карашкан. Ошондуктан аны көрүнгөн жерге ташташкан эмес. Чач-тырмакты алардын ээси кырсыкка учурап калат деп отко да таштаткан эмес.
Арканды аттаганга болбойт
Тыюулардын дагы бири – арканды аттаганга болбойт деген ишеним.
Мааниси – аркан менен мал аркандалгандыктан арканды аттаса, малдын башы кемийт деп эсептелген. Кыл арканга да аяр мамиле кылышкан. Мисалы, түндө короо же жылкы кайтаргандар, түндө жол жүрүп келе жатып ээн жерге түнөп калганда кыл арканды тегерете таштап, ортосуна жатып алышкан. Кыл аркандан жин-шайтан өтө албайт деген ишеним болгон. Кыл аркандын арбайган кыска кылдары курт-кумурскаларды сайып, аларды ичкери өткөрбөйт деп эсептелет.
Босогого отурууга, аны кулачтоого болбойт
Кыргыздар бала-чака босогого (улага) отуруп же туруп калса, эшикти кулачтаса “антпе” деп тыят, билесиз.
Мааниси – босогону кулачтоо үйгө кире турган жакшы адамдардын, ырыскынын, берекенин, жакшылыктардын жолун тосуп, киргизбей коёт деген ишеним. Конокту элибиз “ырыскы ала келет” деп баалайт.
Караңгыда ак бергенге болбойт
Кыргыздар сүт, айран, кымыз сыяктуу улуттук даамдарды ак деп аташат. Акты түндө берүүгө болбойт.
Мааниси – караңгыда ак берсе ошол сүт саалган малдын эмчеги ооруп калат дешет. Эгер сөзсүз бериш керек болуп калса, сүттүн үстүнө суу тамызып коёт же идиштин үстүн жаап берет. Дагы бир мааниси – караңгыда ак сураган адам ырыскыңды талашат деген көз караш. Илгери элибиз көбүнчө малдан алынган азыктар менен жан багышкан, жакырчылык кыйнаган учурлар болгон. Кечинде тамак-аш, сүт, айранды үнөмдөп, эртең мененки тамактанууга деп алып калышкан. Анткени таң эрте мал саай электе сапарга чыга тургандар болот. Түндө жылкы кайтаргандар, ооруп кечки тамакты ичпей калгандар да кездешкен. Кечинде “эртең менен ичет” деп аларга да сүт, айран алып коюшкан. Ушул себептүү кечинде ак сурап баруу ырыскы талашуу катары каралган.
Жердеги бош ээрге минүүгө болбойт
Ат үстүнөн башка жерде турган ээрге минүүгө болбойт деген тыюу да жашап келет.
Мааниси – илгери адам жол-белде кырсыктап көз жумса, жоокер душмандар менен согушууда каза болуп калса, анда анын атынын ээр-токумун сыйрып алып, атын айылга жайдак айдап жиберишкен. Жайдак келген ат ээсинин каза болгонунан кабар берген. Ошондуктан "бош ээрге минбе, ээсине жамандык тилеген болосуң" деген тыюу келип чыккан. Ээрди атка токуп туруп гана минишкен. Аттан алынган ээрди сыртка калтырбай боз үйгө алып кирип коюшкан.
Желбегей жамынууга болбойт
Адамдын желбегей жамынып алышын да жамандыкка жоруган, жок дегенде кийимдин бир жеңин кийип алыш керек деген түшүнүк бар.
Мааниси – желбегей жамынган адам ата-энесинен ажырап калат деп чечмеленет. Илгери аза күткөн адам желбегей жамынган. Себеби жакыны өлгөн адамга көңүл айтканы келгендер ала келген кийим-кечегин сөөк ээсинин үстүнө толук кийгизбей, желбегей жаап кетишкен.
Баш кийимди башкага берүүгө болбойт
Баш кийимди белекке бербейт, жатарда аяк жакка таштабайт, босогого илбейт, башка жазданып жатпайт. Бирөө менен баш кийим алмашып кийгенге болбойт.
Мааниси – баш кийим элибизде баш менен тең каралып, ыйык деп саналат. Баш кийимди бирөөгө берүү, башты (акыл-эси, тилеги жана башка) кошо берүүгө тете деп бааланган. Баш кийим эскирип калса, жаш балага жыртылганча кийгизип, анан өрттөп салат. Баш кийимди алмашып кийсе, ырыскы башкага ооп кетет деп саналат.
Аялдар тизесин кучактап отурса болбойт
Кыздарбы, келиндерби, тизесин кучактап отурган аялдарды улуулар акырын колго чаап тизеден алдырып коюшкан.
Мааниси – тизе кучактап отуруу – жесирликтин белгиси катары каралат. Илгери күйөөсү каза болгон аял чачын жазып, тизесин кучактап отуруп аза күткөн. Сырттан киргендер жесир аял ушул экен деп дароо билишкен. Тизе кучактап отуруу жамандык чакыруучу көрүнүш деп эсептелгени ушундан улам.
Жыртык дасторконду колдонууга болбойт
Кандай дасторкон болбосун бир жери жыртылып же тешилип калса колдонууга болбойт. Мааниси – ырыскынын баары жыртык жерден чууруп түшүп калат дегенди билдирет. Башка бирөөнүн дасторконун алып келип тамак ичкенге да болбойт. Анткени батанын сообу үй ээсине эмес, ошол дасторкондун ээсине тийип калат деп айтылат. Дасторкон менен ырыскы кошо кетет деп аны башкаларга беришкен эмес.
Макаланы даярдоого көмөктөшкөнү үчүн белгилүү этнограф Абдыкерим Муратовго ыраазычылык билдиребиз.
Канымжан Усупбекова