Мальдив аралдарында иштеген кыргыз кызы АЛИНА ИБРАИМОВА 

Мальдив аралдары – туристтер эңсеген жерлердин бири. Күнөстүү жээк, аппак кум, туптунук көгүлтүр океан, коралл рифтери, жыл бою жай... Дал ушул керемет аралда биздин мекендеш, кыргыздын тың кызы Алина Ибраимова иштеп жүрөт. Алина айым менен сыйкырдуу арал, жумушу, туристтер жана башкалар тууралуу баарлаштык. 

 

“Көп тил билгеним үчүн жумушка алышты”

– Менин адистигим – аудитор. Бишкекте кесибим боюнча иштеп жүрүп, бир күнү интернет желесинен Мальдив аралдарына ишке чакырган жарнаманы көрүп калдым. Резюме жиберип, онлайн баарлашуудан өттүм. Англис, орус, кыргыз, түрк, араб тилдерин жакшы билгендигим үчүн жумушка алышты. Иштеп жатканыма быйыл 4 жыл болду. Алгач гид болуп иштедим. Экскурсияларды жетектеп жүрүп көп нерсе үйрөндүм. Күнүгө жаңы локация, кооз табият... Кызыгуу, ынтызарлык менен иштедим. Бирок климаты ысык жана нымдуу, ашканасында биз жеп көнбөгөн тамактар көп болгондуктан ушул жагынан кыйналдым. Туристтер үчүн негизги тил – англис тили. Европа, Орусия, Кытай, Араб өлкөлөрүнөн турист көп баргандыктан орусча, кытайча же арабча билсең бул жакта иштеп калууга мүмкүнчүлүк чоң.  

“Отелде туристтердин балдары менен иштешем”

– Учурда Фааруфуши аралындагы отелде балдар клубунун менеджеримин. Үй-бүлөсү менен эс алууга келгендер көп. Айрым ата-энелер шопинг, дайвинг же алыскы аралдарга экскурсияга чыгышса балдарын отелге келишим менен таштап кетишет. Кичинекей конокторду биз алып калып, алар үчүн көңүлдүү эс алуу уюштурууга аракет кылабыз. Бассейнге түшүрөбүз, жээкте жана оюн аянтчаларында ойнотобуз, экскурсияларга алып чыгабыз, сүрөт тарттырабыз, бийлетебиз жана башка. Чоңдор менен иштешүүгө караганда балдар менен иштешкен оор. Ар кайсы жактан келишкендиктен баарын бир топко бириктирүү, өз тилдеринде сүйлөшүү, көңүлдөрүн көтөрүү түйшүктүү иш. 

“Айлыгыбыз отелдин канча жылдыздуу экенине жараша болот”

– Айлык акыбыз биз иштеген отелдин канча жылдыздуу экенине, туристтердин аз же көп келгенине жараша болот. Учурда 1000 доллардын тегерегинде маяна алам. Башында Мальдивде иштеген жалгыз кыргыз элем, кийин 2 кыз келди. Дем алыш күндөрү башка аралдарга же спорт залга барып, шопинг кылып, дайвинг менен алектенип, айтор, өзүм каалагандай өткөрөм. Отелде иштегендерге дайвингге, экскурсияга арзандатуу бар. Бир жылда 1 айга эмгек өргүүсүн беришет. Мекениңе барып келүүгө отель өзү билет сатып берет. Дубайга чейин 4,5 саат, андан ары Бишкекке 4,5 саат учуп Кыргызстанга барып келем. 

Учурда жатаканада малайзиялык кыз менен чогуу жашайм. Ал жердин ашканасынан 3 маал бекер тамактанабыз. Отелде тартип, талап катуу, аларды сактоого тийишпиз. Биз жашаган аралга орустар менен кытайлар көп келишет. Отелдин кызматкерлери да ар кайсы улуттун өкүлдөрү болгондуктан, жамаат интернационалдуу, досторубуз да ар улуттан. Индия, Шри-Ланка, Бангладеш, Индонезиядан келип иштегендер көп. Анткени аралдагылар негизинен мальдив, хинд тилинде сүйлөгөндүктөн аларга жеңил. Майрамдарды, туулган күндөрдү чогуу белгилейбиз. “Аралга электрондук тамеки алып келүүгө тыюу салышты”

– Фааруфуши – океандагы чакан айыл сыяктуу арал. Майда дүкөндөрдөн башка супермаркеттер жок. Үйлөрүн коргон менен тосушпайт, сырткы эшикти ачсаң көчө көрүнөт. Кокос пальмасын, банан, жашылча, жемиш, батат (таттуу картошка), нан дарагын, гүлдөрдүн түрүн өстүрүшөт. Бирок туристтер көп болгонго жергиликтүү элдин өндүргөнү жетпейт. Жашылча-жемиштерди, кийим-кечек, сувенирлерди башка жактан алып келишет. Ошондуктан баары кымбат. Мальдив аралдарында расмий дин – ислам. Ошондуктан спирттик ичимдиктерди ичкенге тыюу салынган. Аларды отелден, айрым ресторандардан гана ичүүгө уруксат. Жакында аралга электрондук тамеки алып келүүгө тыюу салышты. Аралдардан деңиз үлүлдөрүн чогултуп алып кетүүгө болбойт. Ошондой эле дайвингде кораллдарды алууга тыюу салынган. Аларды дүкөндөрдөн сертификаты менен гана сатып алып кетүүгө болот.

“Аба ысык, дайыма тердеп жүрөсүң”

– “Мальдив” сөзү “шуру мончоктор аралы” дегенди билдирет. Биз жашаган аралда жыл бою температура +30 градустун тегерегинде болот. Ошого дайыма тердеп жүрөсүң. Жайында жаан-чачын көп болот. Кечки убак бир аз шамал жүрөт. Коралл рифтеринде кораллдардын 200дөй, балыктардын 1000дей, таш бакалардын 5, кит жана дельфиндердин 21 түрү кездешет. Алардан тышкары, албетте, моллюска, рак, краб, креветка, акула сыяктуулар бар. Укмуш кооз, кызыл-жашыл түстүү балыктар көп. Суу туптунук болгондуктан суу жаныбарларын жээкте туруп эле көрүүгө болот. Алардын суу астындагы жашоосун толук көрүү үчүн суу алдына түшүү керек. Ошондо анык жомоктор дүйнөсүнө түшүп калгандай болосуң. Бизден бир топ алысыраакта дельфиндер аралы деген жер бар. Дельфиндер жээкке жакын сүзүп келишип, сальто ташташып, бийикке секирип ойношот. Андайда туристтер кол чаап кыйкырып, ышкырып жыргашат. Балык уулоо боюнча да атайын турлар уюштурулат. Ээн, эл жашабаган аралдарда мышык, жапайы коён, карга, көк кытан, чоң жарганаттар көп, бирок иттер жок. Ит бакканга жергиликтүү элдердин жашоо образы жол бербейт экен. Кымбат болсо да туристтер эмне үчүн Мальдивге агылат? Анткени бул жерде адам толук кандуу эс алгандан тышкары көптөгөн кызыктарга күбө болот.

“Акуланын тишин сувенир катары сатышат”

– Туристтерди ары-бери ташууда катер, жергиликтүүлөр дони деп атаган чоң кайыктар, гидроучактар колдонулат. Биз жашаган аралда автоунаа жок, баары мотоцикл, мопед менен жүрүшөт. Тодду аралында айыл чарбасы жакшы өнүккөн. Папайя, коон, дарбыз, баклажан, бадыраң өстүргөн чарбалар абдан көп. Түшүмүн коңшу аралдарга сатышат. Мальдивде көчөдө тамак-аш жеп жүрүүгө тыюу салынган. Үйдөн же кафе, ресторандардан гана жейсиң. Жээктерде бир да таштанды жок. Пикник уюштургандар өздөрүнүн артынан бир да таштанды калтырышпайт. Анткени өлкө дүйнө боюнча коралл аралдары, суу жаныбарлары жагынан алдыңкы орунда тургандыктан таштандылар алардын өлүп калуусуна таасирин тийгизерин ар бир жаран билет, бул жаатта атайын лекциялар өтүлөт. Ашканасы индиялыктардын ашканасына окшош. Ачуу тамактарды жакшы көрүшөт. Балык, күрүч, кокосту көп колдонушат. Деңиз азыктарын, анын ичинде балыкты жегенден тажашпайт. Өлкөнүн эли туризмден, анан балык сатуудан жакшы киреше табат. Камыш, жиптен буюм, коралдардан сувенир, дарактардан кайык жасап сатып да акча тапкандар көп. Акуланын тишине да сүрөттөрдү тартып сувенир катары сатышат.

 

Канымжан Усупбекова  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1155, 31-январь-6-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан