Ич катууда жардам берчү суусундуктар

Ич катуу – бул ичегидеги тамак-аш калдыктарынын (заң) чыгуусу жайлаган, кыйынчылык менен чыккан же системдүү түрдө чыкпаган ичеги кыймылынын бузулуусу. Ич катуунун жеңил формасында үй шартында жардам бере турган суусундуктарды тизмектедик.

Таза суу

Ич катуудан арылуунун эң жөнөкөй ыкмасы – бул жетиштүү деңгээлде таза суу ичүү. Күнүнө 1,5-2 литр суу ичкен адамда көп ич катуу кездешпейт. Андан сырткары көпчүлүк минералдык суулардын курамында магний, сульфат заттары бар. Алар өз кезегинде ичти жумшартуучу касиетке ээ.

Лимон кошулган суу

Суудан алыс кетпейли. Лимондун курамында көп өлчөмдөгү С витамини бар экенин билебиз. Бул витаминдин да ичти жумшартуучу таасири бар. Андыктан жылуу сууга лимон ширесин кошуп ичкен жакшы.

 Чиа фреска

Акыркы күндөрү чиа фреска деп аталган суусундукту колдонгондордун саны көбөйүүдө. Суусундук чиа өсүмдүгүнүн уругунан, суу жана бир нече кесим лимон же лаймдан жасалат. Чиа уругундагы көп өлчөмдөгү клетчатка да ичти жумшартканга жардам берет.

Кофе

Кофе адамга энергия эле тартуулабастан, тамак сиңирүү системин активдештирип, баарын табигый түрдө кыймылга келтирген кызматты да аткарат. Бирок кофе баарына эле жага бербейт, андыктан абайлап ичүү керек.

Шире

Жаңы сыгылган алма, алмурут жана өрүктүн ширеси да ич жумшартуучу мыкты суусундук. Ал эми кара өрүк компотунун курамындагы сорбит табигый ич жумшартуучу зат болуп саналат. Алоэ веранын ширесиндеги көп сандаган антиоксиданттар ичегилерди бошотууга жардам берет.

Чай менен имбирь

Мыкты сорттогу кара жана көк чайдын курамында кофеин башка чайларга караганда жогору болгондуктан, жумшак ич өткөргөн таасирге ээ. Ошол чайга имбирди кошсо ич жумшартуучу таасири жогорулайт. Анткени имбирь тамак сиңирүүнү жакшыртуучу жана ичегинин кыймылын жөнгө салуучу табигый касиети менен белгилүү.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1155, 31-январь-6-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан