МИГРАНТТЫН БАЛАСЫ, КООМДУН ТҮЙШҮК- САНААСЫ.. 

Соңку он жылдакта, дааналап айтканда, 2010-жылдан бери Кыргызстанда эмгек миграциясы чагылгандай тез ылдамдыкта өсүп, өлкөдөгү бир катар көйгөйлөрдүн чыгып келүүсүнө себеп болууда. Мээримге тойбой чоңоюп жаткан бөбөктөр, кылмыштуулук, билим алуудагы өксүк маселеси, санасак чынжырдай уланып кете берет. Айтор, эмгек миграциясы көптөгөн үй-бүлөлөргө жана коомдук турмушка күчтүү таасир тийгизип жаткан олуттуу фактор бойдон калууда. Ажырашуулар, балдардын кордолуп, көп учурда моралдык жана психикалык жабыркоолорго дуушар болушу тууралуу адистер тынбай коңгуроо кагып келе жатышат. 

СТАТИСТИКА ЭМНЕ ДЕЙТ? 

Расмий маалыматтарга караганда, ушул тапта сыртта жалпы 932 миң кыргызстандык жаран мигрант катары жүрөт. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, ата-энеси экөө тең миграцияга кетип, өздөрү Кыргызстанда калган балдардын саны 200 миңден ашат. Ал эми атасы же апасы сыртка иштегени чыгып кеткен балдардын саны 299 миңден ашуун. 

БҮГҮНКҮ РЕАЛДУУЛУК

Орусия дагы деле кыргызстандык жарандар эмгек миграциясына эң көп агылган биринчи өлкө болуп кала берүүдө. Аталган өлкөдө 550 миңден ашык Кыргыз жараны иштеп жатат, расмий эмес маалыматтар боюнча, 1 миллиондон ашат. Ата-энелери чет жактарга жумуш издеп кеткенден кийин, балдар көбүнчө чоң ата-чоң энелери же башка туугандарынын карамагында калып жатышканы белгилүү. Бул балдар адатта мээримге тойбой, толук кандуу үй-бүлө камкордугуна жетпей, ата-эненин көңүл буруусунан алыс жашап, психикалык жактан кыйналышат дешет адистер. Айрыкча кичинекей балдар үчүн бул өзгөчө оор таасир берет, анткени аларга туруктуулук, мээрим жана эмоционалдык байланыш керек.

“МИГРАНТТЫН БАЛДАРЫ ЖАЛГЫЗДЫК ЖАНА ТАШТАЛГАНДЫК СЕЗИМИН БАШТАН КЕЧИРИШЕТ”

Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Умида Абылгазиева мындай дейт:

– Ата-энесинен ажырап калган балдар социалдык жана психологиялык коркунучтарга дуушар болушат. Алар өздөрүн жалгыз сезип, мектептеги жетишкендиктери төмөндөп, коомдук турмушка аралашууда кыйынчылыктарга туш болушат. Балдардын эмоционалдык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө ата-эненин жетишсиздиги терс таасирин тийгизет, бул келечекте алардын жашоо сапатына, ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана коомдогу ролуна таасир этет.

Мигранттардын балдары көп учурда зордук-зомбулукка жана кордоого кабылып жатышканын белгилейт Умида айым.

– Туугандарынын карамагында калган балдар кээде көңүл бөлүнбөй же адилетсиз мамилеге дуушар болушат. Ата-энеси алыста болгондуктан, балдардын укуктарын коргоо жана аларга карата зомбулукка каршы туруу кыйын болот. Андай балдардын көпчүлүгү жалгыздык жана ташталгандык сезимин баштан кечиришет. Бул сезимдер алардын мүнөзүнө таасир тийгизип, коомдук жана жеке турмушунда олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Балдар депрессияга, коркунучка жана өзүнө болгон ишенимдин төмөндөшүнө дуушар болуп, келечекте терс жүрүм-турумга өтүшү мүмкүн,- дейт Умида Абылгазиева. 

АКЧАНЫН ЭКИНЧИ ТАРАБЫ...

Кыргызстандын экономикасы мигранттар мекенине жөнөткөн акчадан да көз каранды. Ал миллиарддаган суммалар өлкөнүн ички дүң продукциясынын 35 пайызын түзөт. Бул үчүн ата-эне дагы, алардан алыс калган балдар дагы көргөн кыйынчылыгы менен кун төлөп жатышкандай. Ошондой эле ички мигранттардын балдары да коомдун көз жаздымында кала берүүдө. Себеби алардын көбүндө жарандык абалды каттоо органы тарабынан берилчү документтери жок. Алар мектеп, медициналык жардам, социалдык жөлөкпул, социалдык коргоо кызмат көрсөтүүлөрү өңдүү базалык кызматтарды алууда кыйналышат жана адатта Кыргызстанда эң начар жана кооптуу шарттарда жашашат.

ЗОМБУЛУК ФАКТЫЛАРЫ

Ата-энеден алыс жүргөнү жетишсиз болгондой, балдар зордук-зомбулукка кабылган окуялардын аягы тыйылбай келет. Мисалдарды келтирели. 2023-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ур-токмоктон он бир айлык ымыркай чарчап калгандыгы тууралуу маалымат резонанс жаратканы көпчүлүктүн эсинде болуш керек. Апасы ал баланы туугандарына таштап, өзү Түркияда миграцияда жүргөнү белгилүү болгон. Ушул эле жылы Жалал-Абаддын Сузак районунда атасы туугандарына таштап, өзү Орусияга иштегени кеткен үч жаштагы наристе ур-токмокко кабылып, жарыкчылык менен кош айтышкан. Өкүнүчтүүсү – мындай фактылардын аз эместиги.                                        

 Нурайым (аты өзгөртүлдү) Ысык-Көл облусунда таята, таенеси менен чакан айылда жашайт. Апасы мындан беш жыл мурда Москвага иш издеп кеткен. Атасы болсо Нурайым кичине кезинде автокырсыктан каза болуп калыптыр. Азыр ал 11-класстын окуучусу.        

– Апамды сагынам, кеткенден бери 3 эле жолу келип кетти, анда да кыска убакытка келип, кайра кетет. Мектептеги ата-энелер чогулушуна башкалардын апалары келгенин көрүп суктанам. Уюлдук телефон менен сүйлөшүп турсам деле баары бир сагынып куса болом. Жыл сайын Жаны жыл майрамына келип турчу, бул жылы Москвадагы жумушунан көйгөйлөрү чыгыптыр, келе албайм деди. Апамды деле күнөөлөбөйм, бизди багам деп иштеп жүрөт да,- дейт каарманым. Албетте, тагдырдын өз планы бар. Белгилүүсү, Нурайымга окшош каармандар өлкөдө миңдеп саналат.        

ЖЫЙЫНТЫК СӨЗ...

Ата-энеден алыстагы балдардын социалдык, психикалык жана укуктук корголуусу күчөтүлүшү керек деген жалындуу сөздөрдүн өтөсүнө чыгуу зарыл. Өлкөдө иш орундары түзүлүп, айлыктар жогорулап, иштөөгө жагымдуу шарттар жаралса, сыртты көздөй агылган жарандар азаят беле деген ой. Анткени эмгек миграциясы – аргасыздык. Оор турмуш мажбур кылбаса, балдарынан алыста жүрүүнү эч бир ата-эне каалабаса керек. Ошентсе да турмушка шылтап кутулбай, балдардын бактылуу балалыкта чоңоюшу үчүн мамлекет, коом, эң биринчи ата-энелер өздөрү кызыкдар болууга тийиш. Ата-эне мээримин, сүйүүсүн миллиондогон акчалар да алмаштыра албайт.

 

Айнура Жакыпалиева          

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1155, 31-январь-6-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан