АДАМГА ПАЙДАСЫ КӨП ДЕҢИЗ БАЛЫРЫ

Чыгыш ашканасынын негизги азыктарынын бирине айланган деңиз балырларынын курамында организмге пайдалуу көптөгөн заттар бар. Норинин баалуулугун япондор VIII кылымда эле аныктап, кеңири колдонуп башташкан. Деңиз жытын сактаган, экзотикалык даамга ээ деңиз балырлары ашканада эле эмес, дагы бир нече багытта колдонулат. 

Нори-Ламинария

Өндүрүштө нори аты менен жүргөн продукт кадимки деңиз балыры ламинариядан жасалат. Ламинария кургаткандан жана техникалык жылуулук менен иштетилгенден кийин да өзүнүн витаминдерге бай касиетин сактап калат. Курамында: клетчатка, йод, цинк, натрий, бром, темир, магний, фосфор жана С, А, В1, В2, В12, В, D витаминдери бар.

Ашканада

Жука барактай кургатуу жолу менен сатууга даярдалган нори корей жана япон ашканасынын тамактарын даярдоодо активдүү колдонулат. Нори жалбырактарынан булочкалардын ичине салынуучу аралашма, татымал, салат, нори калдырканы, кимбап, суши, ролл, суп жана башка тамактарды жасоодо колдонушат.

Косметологияда

Жаркырап, серпилгич болуп турган теринин ээси болууну кыялдан адамда сөзсүз балырлардан жасалган маска, кремдер болушу керек. Ламинария жана фукус балыры терини терең нымдап, азыктандырат, ошондой эле минералдар менен каныктырат. Фукоидан балыры сезгенүүгө каршы күрөшүүчү жана коллагендин жетиштүү өлчөмдө иштелип чыгуусун жөнгө салуучу балыр. Балырлардан жасалган косметика каражаттарын өзгөчө кышында, тери кургап турган кезде пайдаланган жакшы.

Чач, тырмакты бекемдейт

Балырлардын курамындагы күкүрт, биотин, цинк чачты жана тырмакты бекемдейт. Ламинария же спирулина экстракты кошулган чач маскалары чачыңызды жылмакай кылып, кошумча жылтыратууга жардам берет, ал эми балырларды жегениңиз чач фолликулаларын бекемдеп, чачыңыздын жалпы абалын жакшыртат.

Зат алмашууну жакшыртат

Курамында клетчатканын өлчөмү көп болгондуктан организмде зат алмашуу процессин жөнгө салат. Нори адамды көпкө чейин ток кармайт, ошол эле учурда калориясы аз болгондуктан ашыкча салмактан арылууга жардам берет. “Деңиз капустасы” деген аталышка да ээ балырды тамак-ашка үзбөй кошуп, андан сырткары смузи, коктейль жасаганда кошуп жиберсеңиз, келбетти мыкты формада сактабастан, организмди витаминдер коктейли менен камсыз кылган болосуз.

Жаштыкты узартат

Деңиз балырындагы антиоксиданттар клеткаларды эркин радикалдардын зыяндуу таасиринен коргоп турат. Мунун аркасында алар картаюу процессин жайлатып, теринин серпилгич жана сергек болушуна жардам беришет. Андан сырткары вакаме, комбу жана спирулина сыяктуу балырларды тамак-ашка колдонуу организмдин клеткаларын жаңылап, жаштыкты, сулуулукту узартууга жардам берет дешет диетологдор. 

Витамин коктейли

Балыр – бул чыныгы табигый витамин коктейли. Аларда тери үчүн А витамини, иммунитет үчүн С витамини жана чарчоо менен күрөшүү үчүн темир бар. Мисалы, ламинария калкан сымал бездин иштешин жөнгө салган йодго бай, ал эми спирулина, хлорелла балыры организмди тазалоочу (детокс) таасирге ээ. Алар денебизде чогулган оор металлдарды жана токсиндерди чыгарууга жардам берет.

Психологиялык абалды жакшыртат

Балырлардын адамдын жалпы психологиялык абалына да оң таасир бере турган касиети бар экен. Кандай десеңиз, анын курамында магний көп. Бул нерв системинин нормалдуу иштеши үчүн зарыл эң негизги элемент эмеспи. Нори же хлорелла же башка балыр кошулган бир стакан жашыл смузи күнүңүздү баштоонун эң сонун жолу болуп, сизди бир күн бою энергиялуу жана маанайыңыз жогору болушун камсыз кылат, стресстен арылууга жардам берет.

Кимдерге колдонууга болбойт

Балырлардын көп пайдасы менен катар, терс таасири да бар экенин унутпайлы. Кимдерге колдонууга болбойт:

 Кош бойлууларга жана эмчек эмизгендерге;

3 жашка чейинки жаш балдарга;

 Организминде йод ашыкча же йодду көтөрө албагандарга;

 Курамында натрий көп. Бул элемент кан басымды көтөрөт, андыктан кан басымы жогорулар абайлап жеши керек.

 Деңиз азыктарына аллергиясы барларга;

 Ичеги ооруларынын курч мезгилинде колдонууга болбойт.

 Нори биз үчүн экзотикалык продукт болуп эсептелет. Эгер норини буга чейин колдоно элек болсоңуз, алгач аз өлчөмдө гана жеп көрүңүз. Организм кандай кабыл алды байкаңыз, эч кандай терс таасир байкалбаса акырындан өлчөмүн көбөйтсөңүз болот.

Кызыктуу фактылар:

*Макро жана микро элементтердин саны боюнча норинин курамы адамдын канына окшош.

*Нори – кызыл түстөгү балыр, кургаганда жашыл болуп калат.

*Эгер суу тийбесе, норини 2 жылга чейин сактаса болот.

*Норинин сапатына жана башка факторлорго жараша бир нече сорту бар. Көпчүлүккө А, Б, С түрлөрү тараган. А эң сапаттуусу болуп эсептелет, анын жалбырагы бекем жана жылмакай келет, орогондо оңою менен айрылып кетпейт. Андан кийин Б, С турат. Бул сорттогу норилердин жалбырагы жука келип, орогондо сынып же үбөлөнүп түшүүсү мүмкүн.

*Табигый чөйрөдө ламинария балыры тамырсыз өсөт да, бардык пайдалуу заттар жалбырагына топтолот.

*Нори япондордун күнүмдүк менюсунда дайыма колдонулуучу азык. Балким, ушундан улам япон эли жашоо узактыгы боюнча башка өлкөлөрдөн алдыда турат.

*Норини кууруп жесе да болот. Куурулган норинин даамы сардина балыгына окшошуп кетет, бул тамак япондордо яки-нори деп аталат.

Асыл Орозбекова  

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1155, 31-январь-6-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан