Белгилүү ырчы Элзар Тиленбаев менен маектешип, чыгармачылыктын жыргалы менен түйшүгүн, үй-бүлөлүк жашоо, ата болуу алдындагы сезимдерин сурадык. Анткени жубайы Айгерим Эшим экөө жакында ата-эне статусуна ээ болгону турушат.
– Кандайсың, Элзар? Жакында ата-эне болуу алдында турасыңар. Ата болууга канчалык даярмын деп ойлойсуң?
– Жакшы, рахмат. Өзүмдү өмүр бою ушул ролго даярдап жүргөндөй сезилип жатат (күлүп). Үйлөнгөндөн кийинки эң чоң максатым балалуу болуу эле. Үйдөгүлөр да “балалуу болсоң, элжиреп эле болбой каласың го” деп күлүп калышчу. Анткени балдарга абдан жакынмын. Кудайдан кыз тилеп жаткам, тилегимди берип, буюрса, кыздуу болгону турабыз. Ансыз деле жумшак элем, ата болом деп ого бетер жумшара түшкөндөй сезип жатам өзүмдү. Кызымдын үйдө чуркап жүргөнүн, аны көтөрүп жүргөнүмдү элестетип алып эле бактылуу болуп жатам.
– Баш кошкондон кийин сенин же жубайыңдын мүнөзүндө өзгөрүүлөр болгон жокпу? Тамашалап айтканда, айрым бет каптар чечилип дегендей...
– Бизде алмаштыра турган бет каптар жок, негизи. Анткени төрт жарым жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бири-бирибизге кулк-мүнөзүбүз жакшы эле белгилүү. Бири-бирибизди таанып-билүү процессинен кыз-жигит кезде эле өтүп кеттик болуш керек. Ушул себептүү бизде бул жагынан эч кандай маселе жаралган жок. Жашообузда баары жакшы жолго түшүп, ойдогудай кетип баратканда көз тийип кетпесе экен деп кээде коркуп кетем. Ушундай эле улана берсинчи.
– Демек, экөөңдүн мүнөзүңөр, жашоого көз карашыңар шайкеш...
– Айгерим кейигенди билбейт. Бир нерсе туура эмес болдубу, демек, ушундай болмок экен деп өтүп кете берет. Оюндагысын бетке айтат, арттан наалый бербейт. Мага жубайымдын ушул мүнөзү абдан жагат, ичинен чирий бергенче маселени бетке эле айтып чечишип алган жакшы да. А мен, тескерисинче, катачылык кетирсем чөгүп кетем, “эмнеге ушундай болбой калды?” деп Асан кайгы боло берем. Ушундай бири-бирибизди толуктап турган мүнөздөрүбүз бар.
– Сендеги кайсы сапаттар ырчы катары элге таанылышыңа салым кошту десек болот?
– Өжөрлүгүм, анан эмгекчилдигим болуш керек. Мисалы, бир кезде мен үчүн “Супер-Инфонун” жүзү болуу кыялым эле. Негизи мындай кыял көп эле ырчыда болгон. Буюрса, ошол кыялыма жетип отурам. Ырчылык жолдо 16 жашымдан бери эле тырмышып келе жаткандаймын. Балким, андан да мурун болушу мүмкүн. Алгач 9-классты бүтүп, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Кийин Улуттук консерваторияда окудум. Теорияны үйрөнүп, вокал жактан машыктым. Кийин ыр жаздырууга каражат табам деп Орусияга мигрант болуп кеттим. Орусиянын эл барбаган суук аймактарына чейин баргам. Ошол жактан акча таап келип, ыр жаздыргам. Жеңил келген эч нерсе болгон жок мага. Ошол ырдан кийин ырчылык жолум түптөлө баштады.
– Музыкалык билими бар ырчы менен билими жок ырчынын айырмасын байкоо кыйынбы?
– Окубаган ырчы ырдап жатканда кээде диапазону жетпей калат, кээде фальшь менен ырдап коёт, кээде бир нотаны жаңылыш алып алат. Медалдын экинчи жагы болот дегендей, бирок ошол жагдайдын да экинчи тарабы бар. Мисалы, 5-10 жыл атайын билим алып, бирок элге тааныла албаган ырчылар, музыканттар бар. Такыр музыкалык билим албай, тубаса таланты менен топ жарып чыгып кеткендер болот. Бул маңдайга жазылган тагдыр болуш керек. Бактылуу лотереяны сууруп алгандар ошентип чыгып кетишет. Ал эми менин жолум мээнет менен түптөлдү.
– Шоу-бизнестин казанында кайнай баштаганда сени эмнелер коркутту же таң калтырды?
– Шоу-бизнесте жүргөндүн баары менен жакшы мамиледемин, бирок сыр бөлүшкөндөрүм ашып кетсе 3-4 адам. Кечелерде жолугуп калганда учурашып, ашып кетсе 5 мүнөт ал-жай сурашып, анан дароо кетем. Жамандагандай болбоюн, бир аз көбүрөөк сүйлөшүп турсаң эле бир сөздөр айтылып калат. Шоу-бизнести тынымсыз ушак аралап жүргөндөй сезилет (күлүп). Калганынын баары жакшы.
– Жогоруда тагдыр, бактылуу лотерея деп калдың. Жубайың Айгерим Эшим сенден атактуу болуп кетсе, бул сен үчүн маселе жаратпайбы?
– Айгерим азыр деле менден атактуу деп ойлойм. Анын “Көз мончогум” деген ыры миллиондоп көрүлдү, унааларда, тойлордо жаңырып эле жатат. Мен буга эч арданбайм, кайра сүйүнөм. Анткени атактуу болуу Айгеримдин да кыялы болгон, чоң сахнага менден 5 жылдай мурун чыкты. Көшөгөнүн артында канча эмгеги, аракети жатат. Ырчылыкты баары оңой элестеткени менен, бул көп киши чыдай албаган, туруштук бере албаган түйшүктүү жол. Айгерим бир кездеги эмгегинин үзүрүн азыр көрүп жатат. Тескерисинче, мен аны “мындай ыр жаздыр, сага мындай образ жарашат” деп колдоп турам.
– Демек, маселе жаратпайт?..
– Албетте, анын эмнеси бар? Аялымдан атактуулукту талашпайм. Биз кыз-жигит кезде эле Айгерим менен сыймыктанчумун. Дагы бир жагдай бар, “Көз мончогумду” укканда жубайымды шыктандырып, “жакшы ыр экен, ырда” деп айткам. Ушундай учурларда кээде өзүмө да ыраазы болуп кетем (күлүп). Шоу-бизнесте эч кимге ич күйдүлүк кылбайм. Көп ырчылардын клиптеринин сценарийин жазып берем, алардын өздөрүнөн ашып, “ушул ыры хит болуп кетсе экен” деп турам. Атаандашуу болсо антпейт элем да.
– Ата-энең экөө тең музыка чөйрөсүндөгү адамдар экени белгилүү. Ырчылык Элзардын өз тандоосубу?
– Ырчылык Элзардын тилеги. Бала болуп чүкө ойногон жокмун. Мектепке, ал жактан чыгып бийге, андан ары музыкалык мектепке барам. Балалыгым ушинтип эле өттү. Апам Улуттук консерваторияны бүтүргөн, курсташтары азыр атактуу адамдар. Атам тубаса талант, бир топ музыкалык аспапта ойнойт. Апам кээде “мен жетпеген нерсеге сен жеттиң” деп калат, ар бир ырыма ак батасын берет.
– Өзүңдү амбициялуу адамдарга кошосуңбу?
– Өзүмдү жөнөкөй адамдарга кошом. Шоу-бизнесте баарынын эле амбициясы бийик да, кээде чогулуп калганда өзүмдү алардан кем сезип кетмей адатым бар (күлүп). Алар эч нерсе деле дебейт, өзүм эле батпай кыйналып кетем. Анан арасынан мага окшогон жөнөкөй адамдарды издейм. Жок эмес, бар андайлар. Ошолорго кошулуп кеткенде өзүмдү жакшы сезип калам.
– Маегиңе рахмат, ар дайым ийгилик жандап жүрсүн!
Нуржамал Жийдебаева