Бир бүркүм. Циркке директор дайындалды... 

Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын талаптарын аткарбагандарга айып пул салуу сунушталууда.

 Токмок шаарындагы ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылганы маалымдалды.

 28-январда Бишкекте зоопарктан өрт чыгып, 7 жаныбар өлгөнү айтылды.

 Кыргызстан Албания, Черногория, Кипр, Венесуэла жана Таиланд менен виза талаптарын жеңилдетүүнү көздөөдө.

 Кыргыздын ЕАЭБдеги өнөктөшү Беларуска президент болуп Александр Лукашенко кайра шайланды.

 “Манас” эл аралык аэропорту ААКсы аталышын “Кыргызстан аэропорттору” деп өзгөрттү.

 Социалдык фонддун жооптуу кызматкерлери коррупциялык схема түзгөн деп шектелүүдө.

 Светлана Аширова Мамлекеттик цирктин директору болуп кайра дайындалды.

 Ишкерлерден акча талап кылган деп шектелип Жазира Осмонова аттуу блогер кармалганы маалымдалды.

 ИИМ: Интимдик кызматтарды жарнамалаган 23 сайт бөгөттөлдү.

 Аламүдүн районунда
28 жаштагы жаран баңгизат менен колго түштү.

 Азамат Жамангулов санариптик өнүгүү министри болуп дайындалды.

 Быйыл Баткен облусуна 3 стадион курула турганы маалымдалды.

 АКШдан Кыргызстандын 319 жараны депортациялана турганы маалымдалды.

 Баткенде аскер кызматкери опузалап пара талап кылуу кылмышына шектелип кармалды.

 Депутат Камила Талиева өкмөттө гендердик теңдик сакталбай жатканына нааразычылык билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1155, 31-январь-6-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан