Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү күчүндө калууда

2025-жылдын январь айында эле Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан беш адам каза болду: эки эркек, үч аял. Маалыматты ИИМден билдиришти. Бул фактылар өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү дагы деле курч абалда экендигинин бирден-бир белгиси. Акыркы жылдары Кыргызстан Борбордук Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу мамлекеттердин бири болуп кала берүүдө. Үй-бүлөлүк зомбулук – бул жеке гана үй-бүлөнүн эмес, бүтүндөй коомдун көйгөйү экени белгилүү. Мамлекет тарабынан бул көйгөйгө каршы атайын мыйзамдар кабыл алынып жатканы менен, абал жакшыра элек. Ички иштер министрлигинин 2023-2024-жылдардагы статистикасын карай турган болсок, мыйзамдардын эффективдүүлүгү суроо жаратат. Тактай кетсек, 2024-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин өлкөдө жалпысынан үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 14 миң 293 факт катталган. Бул сан 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң 877 фактыга көп. 

Укук коргоочулар үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу механизмдерин жакшыртуу, коомчулукта түшүндүрүү иштерин күчөтүү, зомбулукка айыпталгандарды мыйзам чегинде катаал жазага тартуу керектигин айтып келишет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1155, 31-январь-6-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан