Той-аштагы ысырапкорчулукту жоюу үчүн мыйзам сунушталды

Кыргызстанда аш-той өткөрүүнү тартипке салган мыйзам долбоору талкууланууда. Долбоордун демилгечилеринин айтымында, бул мыйзамдын негизги максаты – ашыра чапкан ысырапкерчиликти жоюу дешет. Айта кетсек, өлкөдө мындай иш-чараларга насыя алып, анын азабын чеккен жарандарыбыздын саны аз эмес. Эгерде мыйзам болбоору кабыл алынса, маркумду акыркы сапарга узатуу жана үйлөнүү тойлорун өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды азайтуу максатында төмөнкү чектөөлөр киргизилет: Маркумду узатуу аземи катышуучулардын санына чек койбостон, мал союусуз өткөрүлөт.

Үйлөнүү тоюнда бир бодо мал же бир жылкы союлуп, 250дөн ашпаган конок чакырууга уруксат берилет. Кыз узатуу салтанаты да бир бодо мал же бир жылкы союу менен 100дөн ашпаган коноктун катышуусунда өткөрүлөт.

Эгерде үйлөнүү той жана кыз узатуу чогуу уюштурулса, бир бодо мал же бир жылкы союлуп, жалпы 350дөн ашпаган адам чакырууга жол берилет. Жаш жубайлардын үйлөнүү менен байланышкан иш-чаралары үчүн үчтөн ашпаган автоунаа пайдаланылышы керек.

Ысырапкорчулукту азайтуу максатында “кийит кийгизүү”, “себет берүү”, “конок берүү”, “түштөнтүү” сыяктуу кошумча чыгымдарды талап кылган үрп-адаттарга тыюу салынат. Бул чаралар элдин финансылык жүгүн жеңилдетип, каада-салттарды жөнөкөйлөтүүгө жана ысырапкерчиликти кыскартууга багытталган. Мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Айрымдар аны ашыкча көзөмөл катары бааласа, башкалары аш-тойлорго ашыкча чыгым кетпеши үчүн керек деп эсептешет. Учурда сунуштар кабыл алынып, талкуу уланууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1155, 31-январь-6-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан