Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев телефондук шылуундар маселесин көтөрдү. Ал жарандардан көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын белгилеп, Ички иштер министрлигин жаңы ыкмалар менен иштөөгө чакырды. Айта кетсек, жакында интернет желесиндеги шылуундарга алданып, банктардан 800 миң сом насыя алып алдамчыларга кармата берген айымдын окуясы резонанс жаратты. Жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок жыйынтык чыкпай жатканын айтып өлкө башчысы Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Депутат Бекешев ИИМдин кызматкерлерин интернеттеги социалдык тармактар менен активдүү иштөөгө чакырып, арыздарды күтпөстөн, шылуундук фактылары чыкканда эле чара көрүү зарылдыгын белгиледи. Жогорудагы окуя коомчулукта да кызуу талкууга түшүп, жарандар банктардагы жана каржы уюмдарындагы “онлайн насыя берүү” деген кызматты токтотуу керектигин белгилеп жатышат. Ошондой эле интернеттеги шылуундар менен күрөшүүдө ИИМдин күчү чектелүү экенин, шылуундардын көбү чет мамлекетте отуруп алып иш кылышарын айткандар дагы көп. Ошентип, технологиянын өнүгүшү адам жашоосун жеңилдеткенден тышкары ага көйгөй жаратчу иштерге дагы шарт түзүп берүүдө.