Таштанды урнасынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева 28-январда Бишкектеги таштанды урнасынан табылган ымыркайдын окуясын көтөрүп, Кыргызстанда беби-боксторду орнотуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми табылган ымыркай боюнча Ленин РИИБи маалымат берип, бала аман, бирок оор абалда ооруканада жатканын, энеси изделип жатканын билдирди. Саламаттыкты сактоо министрлиги ымыркай айына жетпей төрөлүп, суукта калгандыгы үчүн туруктуу оор экенин, Бишкек шаарындагы 3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө экендигин кабарлады. Депутат Сурабалдиева эки жылдан бери беби-бокс маселесин көтөрүп келе жатканын эскертип, өкмөттү чара көрүүгө чакырды.

– Беби-бокстор 6 миң доллар турат экен. Балдар үчүн акча аяп жатабыз. Эне-баланы коргоо борборуна орнотуп койсо болот да, – деди депутат. Беби-бокс – бул жаңы төрөлгөн ымыркайларды коопсуз шартта таштап кетүүгө арналган атайын жабдылган контейнер. Аны негизинен медициналык мекемелерге орнотушат, бул энеси баланы жашыруун түрдө калтырган соң медицина кызматкерлери баланы дароо алып, керектүү жардам көрсөтүүсү үчүн каралган. Беби-бокстор ымыркайларды кооптуу жерлерге таштоодон коргоонун бир жолу болуп саналат. "Беби-боксторду орнотуу ташталган балдардын санын кескин көбөйтүүгө жол ачат" деген да көз караш бар.

Айта кетсек, былтыр беби-бокстордун жардамы менен Германияда 1000ден ашуун, Чехияда 250дөн ашуун ымыркайдын өмүрү сакталган. Бул каражатты Орусия, Япония, Түштүк Корея да активдүү колдонуп келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1155, 31-январь-6-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан