Жогорку Кеңеште аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык жөлөкпул алуу тартибин жеңилдетүү сунушталды. Депутат Марлен Маматалиев бюрократиялык талаптардын татаалдыгынан улам кээ бир үй-бүлөлөр жардам ала албай жатканын билдирди. Ал беш балалуу жалгыз бой энени мисал катары келтирип, көптөгөн документтерди топтоо зарылдыгынан улам жөлөкпул ала албай жатканын айтты. Үйдө кыймылдуу мүлктүн болушу дагы жөлөкпул алууга тоскоолдук болуп калууда. Мисалы, короосунда эски Жигулиси бар үй-бүлөгө жөлөкпул берүүдөн баш тартылып келет. Депутат Маматалиев учурда Жигулинин баасы айрым популярдуу телефондордун баасынан дагы арзан экендигин баса белгилеп, мындай критерийлерди кайра карап чыгып, шарттарды жумшартууну сунуштады.
Кыргызстанда жөлөкпулга муктаждарды аныктоо критерийи калыс эмес деп дайым сындалып жүрөт. Жогоруда айтылгандай, үйдө эски автоунаасы же кымбатыраак тиричилик буюму болсо, ал үй-бүлө жакыр эмес деп эсептелип, көп балалуу болсо да мамлекеттен жөлөкпул алуу укугунан ажырайт.