Каарманым Нурзада Самарбекова Кыргыз күүлөрүн келиштире чертип, дастан, санат ырларын ийине жеткире аткарып угармандарды сүйүнтүп келе жатат. Эстрададан да өзүн сынап келет. Ырчы айымды сиздерге жакындан тааныштыралы дедик.
– Нурзада, кандайсыз? Сизди улуттук ыр-музыкага алып келген жолдун башы кантип башталды?
– Жакшы, рахмат. “Сакадай бою сары алтын” деген мен элем. Кичинемде эле тыкылдаган, зээндүү, куйма кулак, сезимтал кыз болчумун. Бир уккан ырды дароо илип кетет элем. Түшүмө да дайыма салабаттуу, улуттук кийимчен бир карыя кирип, ага кошулуп комуз черте берчүмүн. Апам бул түшүмдү “кийин ырчы, комузчу болот экенсиң” деп жоруп берчү. Ошол түшүм оңунан чыктыбы дейм.
Өзүм Токтогулдун Арал айылынан болом, 6-классыма чейин Токтогул шаарында таенемдин колунда чоңойдум. Таенем жаш кезинде комузчу болом деп, бирок тилегине жетпей калыптыр. Мендеги кызыгууну байкап “мен жетпей калган тилекке сен жет” деп комуз сатып берди. 3-классымдан тарта Токтогулдагы балдар музыкалык мектебинде окутту. Эсимде, “комузуң үшүп калат” деп комуз кап тигип берген.
Ошентип алгач “Кербезим”, “Жаштар маршы” сыяктуу майда күүлөрдү үйрөнүп, анан чоңураактарына өттүк. Комуздан тышкары дастанчылык ийримине да катышып жүрдүм. Мугалимдерим ал өнөрдүн сырлары жана санат ырлары менен да тааныштырып, комуз менен ырдатып үйрөтүштү. Кызыгуум ушунчалык күчтүү эле, күү, дастандарды үйрөнүп жаткан күндөрү комузду кучактап уктап, кучактап ойгончумун. Таенем мени туура түшүнүп, мага үй жумуштарын жасатпады. 5-классымдан бери комуз, ыр менен чогуу келе жатам, булар менин дүйнөм болуп калды.
– Ата-энеңиздин сиздин өнөрүңүзгө көз карашы кандай болду?
– 6-классымда ата-энемдин колуна бардым. Алар да “кызыбыз комуз, ыр менен алек болушу керек” дешип мени үй иштерине көп жумшабай, кол-жолумду ачык коюшту. Мектептеги, райондук, облустук кароо-сынактарга катышып жүрдүм. Калыстар көбүнчө “Нурзада Самарбековага башкы орун” дешип сахнадан грамота тапшырышчу. Көрсө, ошол кезде кичинекей дастанчылар, комузчулар аз болуп, менин талантымды баалашчу экен. Эсимде, Жалал-Абаддагы облустук сынакта “Олжобай менен Кишимжанды” ырдап, Гран-прини утуп алгам. Ошондо өзүмө абдан ыраазы болуп, 3-4 күн сүйүнүп жүргөм.
– Ырчылыкка берилип кетип, сабактар экинчи планда калбады беле?
– Жок, мектепте жакшы эле окудум, математика сабагын жакшы көрчүмүн. 9-классты бүткөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Бирок комиссия мүчөлөрү колумдун ийкемдүүлүгүнө карап мени кыяк бөлүмүнө бөлүп коюшту. Ал окуу жайда 1 жыл окуп, анан чыгып кеттим. Ойлосом, кичинемден эле улуттук кийим менен келе жатыптырмын. Улуттук кийим кийсем күчүмө күч кошулгансып, өзүмдү ишенимдүү сезип калам. Азыркыга чейин ушундай. Сыягы, улуттук кийимдин бир башкача таасири бар.
– Анан турмушка чыгып, ортодо тыныгуу болуптур...
– Ооба. Окуудан чыккандан кийин сүйлөшкөн жигитим колумду сурап калды, баш коштук. Таенем, апам мени жумуш кылдырбай чоңойткондуктан келин болгондо эч нерсени билбейм десеңиз. Кайненем жакшы адам, ошол киши баарын үйрөттү. Үйдөгүлөр "дипломсуз калбайын, окуу жайга тапшырышым керек" десем да колдошту. Окуп, экономист адистигин алып чыктым. Балдар төрөлүп, алар менен үйдө отуруп, чыгармалыктан бир топ алыстап кеттим. Анан 8 жылдай болду, кайра чыгармачалыкка кайтып, ырларды жаздырып, телевидение, радиолорго чыгып, чакырган тойлорго барып жатам. Музыкалык жогорку билим алайын деп Бишкектеги Маданият жана искусство университетине тапшырып, учурда ошол жерде окуп жатам.
– Репертуарыңызда канча ырыңыз бар?
– Күүлөрдөн тышкары, комуз менен ырдалчу 40, эстрадада ырдалчу 20дай ырым бар. Угармандар мен комуз менен ырдаган “Арманда кетти бир ак куу”, “Түгөйүм”, “Бактылуу болуп жашайлы”, “Эстей жүр”, “Жүрөктү жалын чырмады” деген ырларымды жакшы көрүшөт. Тойлорго да көптөр комуз менен ырдап бер деп чакырышат. Эстрадалык жанрда “Багым бар”, “Агатайым”, “Асылым”, “Жанарым” деген ырларым бар. Дайым комуз менен ырдап жүрүп эстрадага аралаша баштаган алгачкы учурларда бир аз кыйналдым. Анан акырындап баары бир нукка түштү.
– Өзүңүзгө кайсы ырыңыз өзгөчө жакын?
– “Бактылуу болуп жашайлы” деген ыр. Бул ырды жолдошума арнап ырдагандай сезим боло берет. Эргип ырдайм. Негизи менин үнүм ашыктык ырларына төп келет. Ошондуктанбы, бул ырды ырдаганда көркүнө чыгарып, элге жеткизе шаңкылдап ырдайм.
– Жолдошуңуз да чыгармачыл адамбы?
– Жок, анын кесиби башка. Сүйлөшүп жүргөн кезде эле оор басырыктуу, жоопкерчиликтүү, камкор болчу. Ошол сапаттарын жактыргам. Мени ар дайым түшүнүп, колдоп турган жан. Менден 6 жашка улуу. Үй-бүлөнү багуучу, акыркы чечим чыгаруучу адам. Маселе чечүүдө акылдашып, варианттарын чогуу карап көрөбүз. Акыркы чечимди жолдошум чыгарат.
– Кайсы сапатыңыз ийгиликке жетүүдө жардам берет да, кайсынысы артка тартат?
– Бир ишти жасаш керек болсо, анын майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуп, изилдеп, тактап, анан киришем. Башкалар менен бат тил табышып кетем. Ушул сапаттарым ийгиликке жетүүмө жардам берет. Артка тарткан сапатым – кекчилдигим. Негизи бат ачууланып, бат жазылган, ачык, шар сүйлөгөн, сөзүнө турган, достукка бекем жанмын. Апам менен таенеме окшоп сөзмөрлүк жагым да бар.
– Жашоодо сиз уккан эң мыкты кеңеш?
– “Корксоң баштаба, баштагандан кийин коркпо”.
– Курбу-дос тандоодо алардагы кайсы сапаттарга басым жасайсыз?
– Ишмер, өжөр, жаңычылдыкка умтулган, өз ордун билген, башкалардын жашоосуна мурдун тыкпаган, акты ак, караны кара дей алган, шар жүргөн адамдарды баалайм.
– Үндү абайлаш керек дешет сиздин кесиптештериңиз. Сиз үнүңүзгө кандай кам көрөсүз?
– Атайын кам деле көрбөйм, болгону муздак жеп-ичпегенге аракет кылам. Анткени ангинам бар, ошол оорум кармап, ырдай албай калбайын деп абайлап турам.
– Бир күндө эң көп канча акча тапкансыз?
– Бир жолу куда тосуу тойго барып, жандуу үн менен жакшы ырдап бердим. Кыстырма кылып жатышты. Үйгө келип санасам 41 миң 500 сом экен.
– Сиздин жүрөктө кандай кыялдар, тилектер жашайт?
– Мекенибизде, чет өлкөлөрдө өтчү эстрадалык, фольклордук сынактарга катышуу, дуэт ырдап чыгуу пландарым бар. Жакындан бери домбраны үйрөнүүгө кызыгуум артууда. Сөзсүз үйрөнүп, ырдап чыгам деп турам, буюрса.
– Тилегиңизге жетиңиз!
Канымжан Усупбекова