Тартиби катаал, аурасы сүрдүү абактарда иштөө жеңил эмес экени белгилүү. 12 жылдан бери ошондой түзөтүү мекемелеринин биринде иштеп келе жаткан каарманыбыз майор Индира Розалиева кесиби тууралуу айтып берет.
“Өзүм тандаган кесип”
–Ысык-Ата районунун Минлянфан айылында туулуп-өстүм. 5-классымдан баштап эле аскер адамы болом деп кыялданчумун. Ошондуктан бала кезден спортко жакын болуп, дене тарбия сабагын жакшы окудум. Жакшы окугандыктан 10-11-классты бир жылда окуп бүттүм. 16 жашымда ИИМдин академиясына тапшырып, өтүп кеттим. Окуу жайда кыздар аз экен. Окуу башталганда “курс молодого бойца” деп коюшат, ошондон 1 ай өттүк. Анда марш тептирип, “отжимание” жасатып, сойлотуп, бийикке секиртип, машыктырышты. Кой-Ташка чейин чуркап барып, чуркап келчүбүз. Эркектерден кем калбай машыгып жүрдүк. Кыздар аз болгонгобу, жигиттер бизди сыйлап, жардамдарын аяшкан жок. Машыгууда чарчап калсак “сен азаматсың, аз калды, чыдап кой” деп сүрөп турушту. Курстан өтүп, аскердик ант бердим. Анан окуу процесси башталды. Өзүмдүн тандоом болгондуктан, окуудагы кыйынчылыктын баарына чыдап, алдыга умтулдум. 3-курстан бизди бөлүмдөргө бөлүшүп, мен жаза аткаруу укугу бөлүмүнө бөлүндүм. Бул камак жайларда кызмат кылуу багыты болчу.
“Мас абалында кылмыш кылып соттолгондор менен иштешебиз”
– 2013-жылы окууну бүтүп, Жаза аткаруу кызматынын №2 түзөтүү мекемесине ишке орноштум. 12 жылдан бери иштеп келе жатам. Учурда мекеменин Социалдык реабилитациялоо жана адаптациялоо борборунун жетекчисимин. Соттолгон аялдардын ичиндеги алкоголдук ичимдиктерге, баңгизаттарга көз каранды болгондор менен иштешебиз. Алар ичип же баңгизат колдонуп, аффект убагында кылмыш кылып, соттолгондор. Жаштар арасында уурдоо, алдамчылык, тоноо менен түшкөндөр кездешсе, улуулардын арасында адам өлтүргөндөрү бар.
Соттолгондор жаңы келгенде 10 күндүк карантиндик бөлүмдө кармалат. Ал жерден жаза өтөө тартиби жана шарттары, өздөрүнүн укуктары жана милдеттери менен таанышышат.
Аларга лекция окуп, ичкиликке жана баңгизатка көз карандылар 1 жыл атайын реабилитациядан өтө алышарын айтабыз. Каалоочулар түзөтүү мекемеси менен келишим түзүшөт, анан которулушат. Которулгандар “бейтаптар” деп аталат. Учурда алардын саны – 17. 18 жаштан 70 жашка чейинки жарандар. Аларга биз “сиз” деп кайрылабыз. Укуктары жакшы корголгон. Албетте, ичкиликке же баңгизатка көз карандыларды толук айыктыруу мүмкүн эмес, бирок дарыласа болот. Менин ишим аларга сабак берүү.
“Биздин милдет – соттолгондордун аң-сезимин түзөө”
– Атайын программа менен сабак өтөбүз, иштейбиз. Анын ичинде жекече кеңеш берүү, аңгемелешүү, топтук терапия, лекциялар, тренинг, абактан чыккандан кийин кайра ошол жолго барбашы үчүн үй-бүлөлүк терапия, медитация бар. Кыскасы, биздин милдет – соттолгондордун аң-сезимин түзөө, коомго коопсуз адам кылып чыгаруу жана коомго кайра аралашып кете тургандай кылуу. Бейтаптардын жакындары менен да байланышып тургандыктан үй-бүлөлүк терапия сабагына аларды чакырып турабыз. Алар соттолгон жакынына кеп-кеңеш, акыл-насааттарын айтып, аны жаман жолдон кайтууга үндөшөт. Оңолушуна колдоо көрсөтөрүн билдиришет. Ошондо бейтап өзүнүн кетирген катачылыктарын моюндап, туура эмес кылганын түшүнөт, өкүнөт. Башкысы, оңолууга бейтаптын өзүнүн каалоосу болушу керек.
“Абактан кесип үйрөтөбүз”
– Абакта мамлекетке караштуу кесиптик окуу жай бар, бейтаптар ал жерден окуй алышат. Анда чачтарач, сувенир жасоо, кондитердик, тикмечилик бөлүмдөрү бар. Сырттан мугалимдер келип сабак өтүп кетишет. Окуп бүткөндөргө сертификаттар берилет. Кийин эркиндикке чыкканда оңой жумуш таап, иштеп кете алышат. Борбордо иштеп акча тапкандар дагы бар. Абактагылар үчүн атайын кийим, матрац сыяктууларды тигишет. Тапкан акчаларын жакындарына котортушуп, азык-түлүк алдырышат. Бизде күнөскана дагы бар. Ал жерге кулпунай, помидор, шалгам, бадыраң, өстүрүшүп, тамак-аштарына колдонушат. Мисалы, аял 5 жылга соттолду дейли, анын 1 жылын биздин борбордо өткөрсө, калган жаза мөөнөтүн камак режиминде өтөйт. Мөөнөтү аяктап бара жатканда келишим менен кайра бизге которулушса болот. Биз коомдук фонддор менен да иштешебиз. Алардан эркиндикке чыккан үй-жайы, жакындары жок бейтаптарды жашай турган жер менен камсыздоо жагын суранабыз. Фонддор муктаждарга моралдык жардам да берип турушат.
“Дедовщина” жок”
– Аялдар абагында аура оор эмес. Баары бир алар эне да. Ошого чоң чыр, уруш-талаш, мушташ чыкпайт. Жаңы келгендерге “дедовщиналык” кылуу жок. Кайра колдоо көрсөтүшүп, көнүп кетүүлөрүнө жардамдашышат. Кызматкерлерге кол көтөрүшпөйт, сес көрсөтүшпөйт. Бирок кээде кандай жол менен болсо да издегенин таап, ичип, чегип алгандар кездешет. Анткени билгизбей түзөтүү мекемесине сырттан ичимдик, баңгизат киргизип жибергендер болот. Антип ичип, чегип алгандар билинсе дароо абак режимине жиберилет.
“Түрдүү тагдырлар бар”
– Уурулук боюнча соттолгон 28 жаштагы кыз ушул түзөтүү мекемесинен 1 жигит менен таанышып, сүйлөшүп жүрүп, эркиндикке чыккандан кийин баш кошушту. Азыр алардын бир кызы бар. Күйөөсүнүн көңүлдөшүн өлтүрүп соттолгон аялдар кездешет. Абактан чыккандан кийин адам кайра кылмыштуу жолго барбаса, бул биздин эмгегибиздин жемиши, бир адамга болсо да жакшылык кылдык деп сүйүнүп калабыз.
“Жолдошум экөөбүз ушул жактан табыштык”
– Мен жумушка жаңыдан орношконумда бул жердеги эсепчи жигиттин иш бөлмөсү менин иш бөлмөмө жакын эле. Иш арасында сүйлөшүп, кээде чогуу кофе ичип калчубуз. Иштен кеч чыкканыбызда мени үйгө жеткирип койчу. Ошентип жүрүп жылдызыбыз келишип, экөөбүз баш коштук. Аты Азамат, чини – капитан. Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылында жашайбыз. Ишке чогуу келип, чогуу кетебиз. Жумушта бири-бирибизди көрбөй деле калабыз. Ал эми үйдө иш тууралуу сүйлөшпөйбүз. Дем алыш күндөрү балдарга убакыт арнап, табият коюнуна барып эс алып келебиз. Менин ишимдин оорчулугу – түнкү күзөт. Башка жагынан маселе деле жок.
Канымжан Усупбекова