«Кыргызстан «кетсинизм» менен ооруп калды» деп коңшу мамлекеттердин медиа чөйрөсү мазактоого чейин барышкан. Бирок кыргыздын дал ушул «кетсинизм» аракети тегин жерден эмес экенин бүгүн дүйнө тастыктап турат. Өзгөчө Мисирдеги окуялардын курчушу Кыргызстанда болуп өткөн схемалар менен кетти.
Биз 15 жана 5 жылда эки президенттин айыбын дүйнөгө ачып берсек, Мисир калкы ага 30 (!) жыл чыдаган. Акыры алар да кыргыздын «кетсинизм» схемалары менен 82 жаштагы Хосни Мубаракты президенттик тактыны таштап качууга мажбурлашты.
Бийликти тескеп калган Куралдуу күчтөрдүн жогорку кеңеши Египеттин Баш мыйзамын жокко чыгарып, парламенттин эки палатасын тең таркатты. Аталган орган жарым жылга өлкөнү башкарып, ал убакыт аралыгында Конституциялык реформа жүргүзүп, парламенттик шайлоо өткөрмөкчү. Мисир революциясынын бизден айырмаланганы – бир да чиновникти өлкөдөн чыгарбай, ички жана чет жердеги банктык эсептерине арест коюп, көпчүлүгүнө иш козгогонунда.
“Египеттин оппозициясы толугу менен кыргыз сценарийин көчүрдү” дегенден алыспыз, болгону, кыргыздар сымал эле мисирликтер да эски режимге каршы чыгып, кризистен чыгуу жолун издешти. Күчтүү президенттик башкаруудан көңүлү калган Мисир да азыркы тапта Кыргызстан өңдүү эле парламентаризм ролун күчөтүү аракетинде.