Суук күндөргө ысык шорполор

Мампар 

Керектелүүчү азыктар
(5-6 порция үчүн):

Уй эти – 300 грамм

Пияз – 130 грамм

Сабиз – 180 грамм

Болгар калемпири – 150 грамм

Картошка – 250 грамм

Сарымсак – 3 тишче

Томат пастасы – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 30 миллилитр

Петрушка – 3-4 талча

Туз, кара мурч – татымына жараша

Суу – 2 литр

 

Камыр үчүн:

Ун – 150 грамм

Жумуртка – 1 даана

Туз – 0,5 чай кашык

Суу – 30 миллилитр

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач камыр жууруп коёбуз. Сууга туз салып эритип, эленген унга жумуртка чегип катуу камыр жууруйбуз.

2. Жашылчаларды тазалап-жууп, эт менен кошо орточо чарчы туурайбыз. Сарымсакты майдалайбыз.

3. Түбү калың казанга май куюп аябай ысытабыз. Этти салып кызарганча кууруп жиберебиз да, пиязды салабыз. Пияз бир аз жумшара түшкөндө бир чыны суу куюп капкагын жаап 10 мүнөт демдейбиз.

4. Эми сабизди салып, 2-3 мүнөт кууруп, аркасынан болгар калемпири, картошка, сарымсак, томатты жана татымалдарды салып аралаштырабыз. 2-3 мүнөт куурулганда суу куюп, капкагын жаап кайнатабыз. Кайнаганда отту жайлатып, 20-25 мүнөт кайнатабыз.

5. Камырды 0,2 миллиметр калыңдыкта жаябыз. Кааласаңыз мындан да жукараак жайсаңыз болот. Жашылчалар кандай өлчөмдө кесилсе, камырды да ошол өлчөмдү кесебиз.

6. 20 мүнөттөн кийин камырды жана петрушканын жарымын салып,  8-10 мүнөттүн ичинде бышырабыз. Мампар даяр, кесеге куюп, үстүнө ашкөк себелеп дасторконго беребиз.

Мергенчи колбасасынан шорпо

Керектелүүчү азыктар
 (4 порция үчүн):

Мергенчи колбасасы – 200 грамм

Помидор – 300 грамм

Сабиз – 100 грамм

Сарымсак – 2 тишче

Картошка – 250 грамм

Болгар калемпири – 150 грамм

Петрушка, базилик – 10 граммдан

Паприка, кара мурч – 0,5 чай кашыктан

Тоок шорпосу же суу – 1,5 литр

Туз – татымына жараша

 

Даярдоо ыкмасы:

1. Колбасаны тегерек кесип, ысып турган көмөч казанга салып 3 мүнөт кууруйбуз.

2. Помидор, болгар калемпири, картошканы чарчы, сабиз менен сарымсакты тегерек, петрушка менен райханды чоңураак туурайбыз.

3. Көмөч казанга булардын баарын жана татымалдарды салып аралаштырабыз да, капкагын жаап 10 мүнөт бышырабыз.

4. Мискейге куурмачты которуп, ысык суу же шорпо куюп кайноого жеткенде картошканы салып, 10-12 мүнөт коюп бышырабыз. Тамагыбыз даяр!

Эттүү шорпо

Керектелүүчү азыктар (4-5 порция үчүн):

Уй эти – 400 грамм

Соя соусу – 2 аш кашык

Жүгөрү крахмалы – 2 аш кашык

Пияз – 2 баш

Сабиз – 150 грамм

Помидор – 250 грамм

Картошка – 300 грамм

Лавр жалбырагы – 4-5 жалбырак

Сарымсак – 3 тишче

Өсүмдүк майы – 20 миллилитр

Суу – 2 литр

Туз, кызыл ачуу калемпир – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти тарамына каршы орточо туурайбыз. Эт ушундай кесилсе тишке жумшак болот. Соя соусу, крахмалды кошуп аралаштырып 30 мүнөткө муздаткычка коёбуз.

2. Пиязды аарчып, бирөөсүн майда туурап, бирөөсүн тең экиге бөлөбүз. Помидор менен сарымсакты майда, сабизди жарым шакек, картошканы орточо өлчөмдө тууроо керек.

3. Казан какшыган кезде май куюп ысытабыз. От күчтүү болушу кажет. Этти салып кызарганча 5-7 мүнөт кууруйбуз. Аркасынан майдаланган пияз менен сарымсакты салып, пияз жумшарганча бышырабыз. Эми помидорду салып аралаштырабыз да, капкагын жаап 10 мүнөт демдейбиз.

4. Сабизди, туз, калемпир салып аралаштырып, сууну куюп кайнатабыз. 35 мүнөт жай отто кайнашы керек.

5. Картошка менен экиге бөлүнгөн пиязды, лавр жалбырагын салып 10 мүнөт кайнатсак тамагыбыз даяр болот.

Крахмал менен помидор кошулгандыктан тамактын шорпосу коюураак болот.

 

 

Асел Ишенбай кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1156, 7-13-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан