«Бөйрөгүм билинбей куурап калыптыр»
– Мен Улукбек Артыков, 35 жаштамын. Баткен ройонунун Кара-Булак айылынын тургунумун. 1 кыз, 1 уулум бар. Келинчегим Элмира балдарды карап үйдө, иштебейт. Билинбей жүрүп 2 бөйрөгүм куурап калыптыр, мындан 5 жыл мурун бир бөйрөгүмдү алмаштыргам. Донор өзүмдүн агам болгон. Операциядан кийин врачтардын айтканын кылып, өзүмдү этияттап, оор көтөрбөй жүргөм. Бир кайгылуу окуядан кийин баары кайра башталды (ыйлап).
Элмира Жакшыбай кызы, Улукбектин жубайы: «Той күнү каргашалуу жол кырсыгы болду»
– Каргашалуу окуя мындай болгон. 2024-жылы 22-январда Кадамжайдагы улуу кайнежем кызын турмушка узатып, үйдөгүлөр ошол жакка кетишкен. Жеңил унаада кичүү кайнежем, анын күйөөсү жана алардын 2 небереси, кайненем, кайнежемдин курбусу бар болчу. Рулда жездебиздин бир тууган байкеси отурган. Автоунаа жездебиздики болчу. Жолдошум Улукбек тойго бара турган башка туугандарды биздин кичи автобуска салып, тигилер менен бирге чыккан. Улукбектин айтуусу боюнча, жеңил унаадагылар жолдо мунун алдында бара жаткан. Бир кезде алардын алдынан катуу ылдамдыкта келе жаткан жүк ташуучу унаа (Спринтер) чыга калып, машинаны былчыйта сүзөт. Артта бара жаткан Улукбек унаасын токтото калып чуркап барат. Ичиндегилердин бири да тирүү калбаптыр. Сүзгөн айдоочу да жан берген экен. Нес абалга түшкөн Улукбек оорусун унутуп, канжалаган тигилердин баарын сыртка өзү көтөрүп чыгат. Баарын түз эле өлүкканага алып кетишет.
«Айла жок, гемодиализ ала башташы керек дешти»
– Ошентип бир күндө 6 жакын адамыбыздан жана кайнежемдин курбусунан айрылып муң жутуп отуруп калдык. Ошол кайгы, стресс, депрессиянын айынан жолдошумдун мурун алмаштырган бөйрөгүнө күч келип, акырындап иштен чыга баштаптыр. Жакындарыбыздын кыркылыгын өткөргөндөн кийин жолдошум абдан арыктап кеткен. Көрсө, оору ошондо козголгон окшойт. Анан 6-7 айдан кийин шишип баштады. Түркияга алып барып дарылаттык. Ал жактан келгенден 2 күндөн кийин кайра шишип кетип, анализ тапшырттык. Түркиядагы дарыгерлер менен байланышсак, анализдерин көрүп, айла жок гемодиализ ала башташы керек дешти. Ошондон бери 1 жыл 1 ай болду, гемодиализ менен жашап жатат. Эми акча чогултуп, Индиядан 1 бөйрөгүн кайра алмаштырсак деп турабыз. Ага 22 000 доллар кетет дешти врачтар. Буюрса, донор өзүм болом, 1 бөйрөгүмдү берем. Бирок кендирди кескен акча маселеси болууда.
Жардам берчү жакындарыбыз кырсыктан каза таап калышпадыбы (ыйлап). Эл-журт, сиздерден жардам болот деп ишенебиз. Жолдошумдун операциясы жакшы өтүп, экөөбүз балдарыбыздын кашына аман келүүбүздү тилейбиз.
Жардам берүү үчүн реквизиттер: Мбанк: 996 771 534941
Канымжан Усупбекова