Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Нуржигит Кадырбековдун бир тууган карындашы Нуркыз Кадырбек кызы биздин маек төрүбүздө. Агасы, бир туугандык мамилелер, балалык тууралуу пикир алыштык.
“Кичинесинде эле шайдоот, зирек болчу”
– Кичи мекенибиз – Кара-Кулжа районунун Биринчи Май айылы. Атам прораб, апам мектеп директору, кийин айыл өкмөттүн башчысы болуп иштеп жүрүштү. Ата-энебиз ишке кеткенде биз чоң ата, чоң эненин көзөмөлүндө калар элек. Ошондуктан 2 үйдүн тарбиясын алдык. Үйлөрүбүз да жакын эле. Нуржигит агам бир туугандардын төртүнчүсү, мен бешинчисимин. Апам төрөп, терезеден сыртты караса таң шоола чачып келе жатыптыр, нурдуу жигит болсун деп атын Нуржигит коюптур. Нуржигит агам чоң ата, чоң энемдин колунда чоңойду. Алар агамдын шайдоот, шайыр, зирек, чынчыл мүнөзүнө баа беришип, ошондо эле “мындан келечекте мыкты адам чыгат” дешчү экен. Нуржигит агам таң эрте туруп, телевизор көргөнү өз үйүбүзгө келип калчу эле. Анткени чоң атамдар телевизор көрүшчү эмес. Апам “баламдын карды басып келаткан кепичинин үнүнөн ойгонор элек, биздин “будильнигибиз” болчу” деп калат. Агам азыркыга чейин эртең менен эрте турат.
“Азыр такыр ырдабайт”
– Биздин балалык кезде жашоо кыйла оорураак болду да. Бирок атам ага карабай агамдын суранычы менен Бишкектен энциклопедия алдыртып берди. Көрсө, агамдын ошол кезде эле билимге кызыгуусу артып, көптү билгиси келчү тура. Атам комузда 10 чакты күү чертип, шаңкылдап ырдаган адам эле. Комуз черткенди баарыбызга үйрөткөнгө аракет кылды, бирок агам гана үйрөнө алды. Үнү да жакшы болгондуктан бала кезден эле ырдап жүрдү. Кийин анан гитара менен ырдаганга өттү. Бирок АКШ, Япониядан окуп келгенден кийин такыр ырдабай койду. Азыр той-майрамдарда биз сурансак дагы ырдабайт.
“Китебин кайра чыгарууга уруксат бербей жүрөт”
– Агамдын сөзмөрлүгү, наркты, салтты жакшы билгендиги – чоң атамдын таасири, тарбиясы. Боорукердиги чоң энемден өткөн. Чоң атам басса-турса санжыра айта берчү. Куйма кулак болгондуктан санжыра уга берип жатка билип алыптыр. Анан кичинесинен ыр жазат. Убагында “Нурлуу толкундар” деген китеби чыккан. Анда табият, сүйүү туурлуу абдан ынтаа коюп, көркөм уйкаштыктар менен жазган ырлары бар. Сүйүү темасы камтылгандыктан китепти кайра басып чыгарууга бизге уруксат бербей келет. Бирок мен “сизге абдан көп “уступкага” бардым, башка суранбайм. Китепти мурун да мен чыгаргам, кайра да чыгарам” деп жатам (күлүп). Жаңылбасам өзү обон чыгарган 60тай ыры бар. Атам “ырлары унутулуп калбасын” деп алардын аудиосун жаздыртып, айрымдарын телевидениеге чыгарткан.
“Экөөбүз көп урушчубуз”
– Экөөбүз удаа болгондуктан бала кезде көп урушуп-талашчубуз. Атайын анын жинине тийгенди жакшы көрөр элем. Андайда атам менин таламымды талашып, “бар, чоң атаңдын үйүнө кет, менин кызым менен урушпай” деп койчу. Азыр ойлосом, кыз киши деп мени аяп кастарлаганы экен. Экинчиден, Нуржигит агамды чоң атасынан алыстаткысы келбеген окшойт, баласын алып коюшту деп чоң атабыз өксүп калбасын дечү тура. Чоң атамдын көзү өткөндөн кийин атам Нуржигит агамды чөгүп кетпесин деп 18 жашында үй, 20 жашында автоунаа алып берди. Кийин атабыз өзү 50 жашында өтүп кетти. Агам айылдагы үйдү карап кала турган бала болчу. Бирок улуу агабыз шаардагы бизнесин таштап айылга көчүп барды. “Нуржигит чоң тилектерине жетсин” деп ага жол ачып берди. Бул үчүн Нуржигит агам да ыраазы, улуу агабызды кийин көп жерге саякаттатты, урматтап сыйын көрсөттү.
“Адилеттүүлүгү, боорукердиги өзгөргөн жок”
– Азыр “ким үчүн курмандыкка даярбыз?” десек, анда агам үчүн. Ушул адамга зыяныбыз тийип калбасын деп турабыз. Ага сөз тийип калбасын деп калганыбыз бийик кызматтарга умтулган жокпуз. Агамдын адилеттүүлүгү, боорукердиги, сезимталдыгы такыр өзгөргөн жок, ошол бойдон эле калды. Азыр агам мени көп жумшайт, айтканын айткандай аткарам. “Мунум сиздин балалыгыңызды уурдаганым үчүн “уступкам” деп күлүп калам. Ошко барганда биздин үйгө көбүрөөк токтойт, себеби менин жолдошум менен бала кезден дос.
Табиятынан боорукер болгондуктан бирөөгө эч качан катуу айтпайт. Интернет желесинен өзү тууралуу жазылган негативдүү билдирүүлөрдү окуп калса, ачууланбай, кайра ошентип жазгандарды аяйт. “Жүрөгү сүйүүгө толгон адам бирөөнү сынабайт, ушуну жазган адам бир нерседен кыйналып турат же бирөө капа кылган. Ошого эмоциясын терс комментарий жазып чыгарып жатат” деп калат. Абдан көп окуйт, үйү толо китеп. Байлыкка кызыкпаганына баа беребиз. Үйүнөн бир буюмду алып кетесиңби, акча сурап кайра бербей коёсуңбу, эч нерсе дебейт. Бул нерселерди ал мыйзам ченемдүү көрүнүш катары эле кабыл алат. Бир туугандар чогулуп калганда “тиги тууганыбыз таарынды, бул тууганыбыз минтти” деп калсак “бирөөнүн акысына кирбегиле” деп тыйып турат. Ошого “бизге ушак да айттыра койбойт” деп тамашалап күлүп калабыз.
“Ашканада жок, жумуртка да кууруп жебейт”
– Жумшактыгынын артында абдан катуулук бар. Күнүмдүк режимин, иш планын оңою менен бузбайт. Той, туулган күн сыяктуу жакшылыктарда белек-бечкегин, колунда эмне болсо берип жиберет. Тез-тез телефон чалып, ден соолугубузду, балдарыбызды сурап турат. Жеңеме, 4 кызына мээримдүү, камкор ата жана жолдош. Кыздары да тартиптүү, атасынын тилин алып, көңүлүнө карап турушат. Чет өлкөгө барганда эркек бир туугандарына албашы мүмкүн, бирок апама, 3 карындашына, кыздарына, жеңеме сөзсүз белек ала келет. Анан жумушуна жеңемди, бизди да, дегеле эч кимди аралаштырбайт. “Бир тууганымдын ишин бүтүрүп бер” деп эч кимден суранбайт. Ысырапкорчулукту жаман көрөт. Үйгө келип калганда дасторконду жайнатсаң “кичине нерсеге курсак тоёт, ушуга кетчү акчаны муктаж бирөөгө берсеңер болмок” деп калат.
Кыргыз жана түрк ашканасын баалайт. Бирок өзү ашканада жок, аралашпайт, жумуртка да кууруп жебейт. Жеңем жокто үтүктөлбөгөн кийимин деле кийип кете бериши мүмкүн. Эл адамдын кийимине эмес, ички дүйнөсүнө, адамгерчилигине карашы керек дейт. Ушундай бардык тарабы төп келишкен агам менен сыймыктанам!
Канымжан Усупбекова