– Кутман күн, Ильяз мырза! Көптөн бери кабарлашпай кеттик, жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз...
– Саламатсыз, жеке жашоомдо баары жакшы, балдар чоңоюп жатышат, жакындарымдын ден соолуктары жакшы, маанай сонун дегендей. Ал эми чыгармачылыкка келсек, учурда жаңы дуэттин үстүндө иштеп жатабыз. Негизи чыгармачылык оор жол, ырчы дайыма изденип, сөзсүз элдин маанайын байкап, анализ жүргүзүп турушу керек. Улам талантыбыздын жаңы кырларын ачып, алдыга умтулуп жатабыз. Жаңы ырлардын арасынан элге жакканы сөзсүз болот.
– Ырчылыктан тышкары эмне иштер менен алексиз?
– Ырчылыктан тышкары, мамлекеттик кызматта иштейм. Кичинекей балдардын чыгармачылык тобунда мугалиммин. Таланттуу балдарды таптап, эл алдына алып чыгып, мамлекеттик деңгээлдеги концерттерге чыгарабыз. Бул жумушум өзүмө жагат. Балдарды ырдатып, бийлетип, таланттарын ачуу да бир өзгөчө кызыктуу процесс.
– Бир маегиңизде “40 жашка чыкканда миллионер болом” деген экенсиз, бул жаатта абал кандай?
– Ооба, ошентип айтканым бар. Бала кезден эле “40-45 жашка чейин миллионер болом” деп кыялданчумун. Ал тилегим азыр деле бар, буюрса, ошол куракка барганча миллионер болуп калсам деп кыялданам. Ал үчүн болгон аракетимди жумшап келе жатам. Аракеттин аркасынан тиги жумушту да көрдүм, бул жумушту да көрдүм. Жараткан ырыскысын бере берсе, ал күн деле алыс эмес болуш керек. Эгер миллионерликке жетпей калсам деле шүгүр кылам, анткени “миллионер болом” дегенди сөзсүз эле түз мааниде түшүнбөш керек. Жакындарымдын амандыгы, балдарымдын ден соолугу, келинчегимдин, өзүмдүн эсендигим – мунун баары миллиондук байлык деп эсептейм.
– Жашоо-турмуш тез өзгөрүүдө, бир топ кесиптештериңиз руханий жактан изденип, баалуулуктары алмашууда... Сизде кандай?
– Туура айтасыз, азыр коом жакшы тарапка өзгөрүүдө. Мындан бир аз эле мурун баалуулуктар такыр башкача болсо, азыркы учурдуку башка. Чылым чегип, ичимдик ичкендер кадимкидей азайды. Ошондой эле элибизде спорткө көңүл бурулуп, ал тарапта да жакшы ийгиликтер болуп жатат. Жаштарда массалык түрдө спортко кызыгуу бар экени байкалат. Биздин учурдун көз карашы менен азыркылардыкы башка, эл көрсүндөн алыс, спорт менен машыккан, бирөө “ушул жакшы экен” десе эле жапырт ошол жакка ээрчип кете бербеген акылдуу муун өсүп келе жаткандай. Өзүмдү айтсам, менин чөйрөмдө да ушундай өзгөрүүлөр бар. Бирок мен башынан эле жаман адаттардан алыс болчумун, азыр такыр эле алысмын. Түптүз жүргөн баламын (күлүп).
– Ошол түптүз жүргөнүңүз үчүн да сизди кара пиар, хайп ээрчибей келе жатат окшойт...
– Кара пиар, хайп, ызы-чуу деген нерселерди жактыра бербейм. Эл мени ырларым менен да, “Ильяз ушундай адам, мындай жакшы иштерди жасаган” деп жакшы инсан катары да тааныса дейм. Тарыхта жакшы аты калган, жакшылыгы менен таанылган инсандардан болсом деген тилегим бар. Эми тарыхта калбасак деле, инсан катары жашоодо жакшы иш калтырып өтүш ар бирибиздин милдетибиз го деп ойлойм.
– Хайпсыз жылдыз болбойт деп бир ырчы айтты эле, бул пикирге кошулбайсызбы?
– Учурдун талабы деп эле билем хайпты. Хайп жасап таанылгандар деле бар, бул мыйзам ченемдүү эле нерсе болуш керек. Анткени азыркы учурда социалдык тармактар актуалдуу болуп жатпайбы, бара-бара эл мындан деле тажайт болуш керек деген ойдомун. Эртеби-кечпи нукуралуулук бааланган учур келет. Хайп менен бир дүңгүрөп алышың мүмкүн, бирок эл сени кийин эстейби же эстебейби, бул чоң суроо. Ар кимдин жолу ар түрдүү, хайп менен таанылгысы келгендер тааныла беришсин, каршылыгым жок. Ар кимдин жашоосу өзүнүкү, тандоосу да өзүнүкү. Жеке мен хайптын артынан жылдыз болгум келбейт.
– Улуттук колориттеги ырларды көбүрөөк чыгара баштапсыз, угармандын талабы ушундай болуп жатабы же мунун башка себеби барбы?
– Чынын айтканда, бул жаш өзгөчөлүктөн улам болот экен. Жаш кезде “Күйдүм чокторду” ырдайсың, жашың бир аз өйдөлөп калганда мекен, эне, бала темаларына көбүрөөк токтолуп калат экенсиң. Бул мыйзам ченемдүү эле нерсе го дейм. Кайсы темаларда ырдасак болот деп бизден улуу, дасыккан агалардан сурап калсам “улуттук колориттеги ырларды ырда” деп сунуш кылып калышат. Бул бир жагы. Экинчиден, кыргыз болгондон кийин баары бир көкүрөгүңдө элиңе болгон сүйүү күйүп турат экен. Кыргыздар ким болгон, кандай баалуулуктар менен жашаган, кайдан келдик деген суроолор өзүнөн-өзү эле пайда болуп, алардын жообу табылып кызык боло баштады. Башында айткандай, руханий өзгөрүүгө ушул деле кирсе керек. Ушул себептүү ырларыма, кийген формаларыма улуттук колоритти кошо баштадым.
– Эстегенде бакыттын көз жашы ага турган окуяларыңызды айтып берсеңиз...
– Хм, андай көз ирмемдер ата-энеме байланыштуу го дейм. Канча жашка келсем да ата-энем үчүн баламын. Ачкасыңбы, токсуңбу, эмне кылып жүрөсүң, ошолор кызыгып сурашат. Ар дайым ошол адамдардын жүрөгүндө экенимди билем. Атам кээде “балам, бензин куюп алчы” деп колума акча карматса, “айылдан картошка салып жибердик” дешсе сүйүнүп кетем. Кеп акчада эмес, болгону мындай камкордук менин бала экенимди эстетет. Ушинте турган адамдарым бар, бактылуумун. Мени аяп, түшүнүп, колдоп турган алтын адамдарым бар. Ата-энемдин жанында сиз айткандай бактылуу болгон көз ирмемдерди баштан өткөрөм. Бассам-турсам экөөнүн ден соолугун тилейм Кудайдан.
– Жакшы уул экенсиз, ал эми кандай атасыз?
– Балдарыма жакшы тарбия бергенге аракет кылам. Балдар – биздин күзгүбүз да. Биз кандай болсок, алар ошону эле чагылдырып турат. Колдон келишинче бардык жактан мендеги жакшы нерселерди бергенге аракет кылам. Мисалы, атабыздын бизди чанага сүйрөгөнү, шаарга алып барганы же сейил бакка алып барып ойноткону эсибизде сакталып калат го. Ошондой көз ирмемдер менин балдарымда да калса деп аракет кылам. Чоңойгондо аларда “атабыз кичинебизде ушинтчү” деген жакшы элестер калса, мындан ашык бакыт жок го.
– Сизди эмнелер түйшөлтөт?
– Адамдарда баалуулуктардын өзгөрүп бара жатканы ойлондурат. Мисалы, менин сизге берген маегим кимдир бирөө үчүн кызыксыз болушу мүмкүн. Анткени эч кандай хайп жок. Көбүнчө бир ырчы ажырашып кетсе, же бирөөнү бирөө сөгүп салса, уруп салса, ушундай кабарларды баса калып окушат го. А чыныгы талант же адамгерчилик, улуттук дөөлөт деген нерселер экинчи, үчүнчү планда калып кетүүдө. Ушул нерсе көп түйшөлтөт.
– Маегиңиз үчүн рахмат!
Нуржамал Жийдебаева