ТЕРИ АЛЛЕРГИЯСЫНА ЖАНА РАГЫНА ЧАЛДЫКПОО ҮЧҮН...

Жайында көл жээгинде күнгө кактанууда кээ бирөөлөр күйүп калууга кездешип, оңолгуча азап тартышат. Алтургай катуу тийген күн нуру тери аллергиясына алып келип, катуу күйүү тери рагын жаратаары жалпыга маалым. Андыктан, көлдө киринүү, кумда кактануу чеги менен болушу керек жана төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл...

  • Пляжга чыгаар күнү эч качан самын жана сүргүч менен жуунбоо, ошондой эле бетти скраб же пилинг менен тазалабоо керек. Анткени, булар теринин коргоочу катмарын бузат. Натыйжада, күндүн зыяндуу нурлары денеге бат өтүп кетет.
  • Мүмкүн болсо айымдар менен бийкечтер күнгө күйүүдөн сактоочу кремден тышкары эч кандай косметика колдонбогондору оң. Себеби, кремдеги май кислоталары күндүн зыяндуу ультрафиолеттик нурларынын таасири астында кычкылданып, уулуу кошулмаларды пайда кылат. Жада калса помада да коркунучтуу болуп калышы мүмкүн.
  • Денеге татуаж жасаткан күнү да пляжга чыгууга болбойт. Татуаж күндүн зыяндуу нурларын денеге тоскоолдуксуз өткөрүп жиберет.
  • Дары ичип алып да пляжга чыгуу коркунучтуу. Өзгөчө тетрациклин, гризеофульвин, бойго бүтүүдөн сактоочу дарыларды.
  • Териси күн нуруна сезимтал келгендер лимонду колдонбоолору зарыл. Себеп дегенде, лимондогу фурокумарин аттуу зат тери аллергиясын жаратат. Аллергияда тери кызарып, кычышат (өзгөчө моюн, көкүрөк, колдун терилери).
  • Диетада жүрүп пляжда болуунун да чоң зыяны бар. Анткени, денеде белок аз болуп, терини күн нуруна абдан сезгич кылып жиберет. Бул болсо тери аллергиясына алып келиши толук мүмкүн.

Элдик медицинадан

БЕТТЕГИ ТАКТЫ ПЕТРУШКА, АШКАБАК КЕТИРЕТ
Кээ бир айымдардын беттеринде айрым себептерден, мисалы, төрөттөн же оорудан улам так калып калат. Мындай кезде тактан арылууга петрушка менен ашкабак жардамга келет.

  • Ашкабактын чийки уругун (куурулбаганын) кабыгынан ажыратып, идишке салып, абдан майдалап алыңыз. Алынган масса канча болсо, ошончо суу кошуңуз. Сүттөй суюктук келип чыгат. Эми суюктуктун жарымынан келе тургандай өлчөмдө бал кошуп аралаштырыңыз. Масканы күнүгө 30 мүнөттөн коюу керек. Акыры бет агарып чыга келет.
  • Петрушканын 100 грамм уругун 0,5 литр аракка салып, 2 аптага караңгы жерге тыныктырып алуу кажет. Анан даяр тундурманы беттеги тактарга сүйкөө керек. Жаңы петрушканын өзүн да жеп, тамырын чайноо да пайдалуу.

ЧАЧ КӨП ТҮШӨ БАШТАСА...
Чычырканактын мөмөсү менен жалбырагы чач көп түшүп, таз болуу коркунучу күтүлгөн кезде колдонулат. Дегеле чач бекем болуу үчүн деле колдонсо болот.

Чычырканактын 2 аш кашык кургатылган мөмөсү менен жалбырагын идишке салып, үстүнө 2 стакан кайнаган суу куюп, 2-4 саат демдөө зарыл. Анан сүзүп алып, даяр дарыны эртең менен кечинде тамактан мурун жарым стакандан ичүү туура. Ичкенден тышкары кеч сайын чачтын түптөрүнө сүйкөө да керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 246, 20-26-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан