«Кальмар оюну-2ни» артта калтырган «Травматология борбору: Алтын саат» сериалы

Голливуддун доктор Хаусун элестеткен корейлердин доктор Пэк Кан Хёгу экранда. Медицина кызматкерлеринин эмгегин, түйшүгүн, ооруканадагы кызыктуу окуяларды баяндаган “Травматология борбору: Алтын саат” дорамасы “Нетфликсте” көрүүсү боюнча атактуу “Кальмар оюну-2ни” чаңында калтырды. Макалабыз көптөгөн мамлекеттен күйөрман тапкан сериал тууралуу.

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2025-жыл, 25-январь

Жанры: медицина, триллер, драма

Режиссёру: Ли До Юн

Канча серия: 8

Башкы ролдордо: Жу Жи Хун, Чу Ён У, Син Ха Ён, Чон Жэ Кван, Юн Кён Хо, Ким Вон Хэ жана башка

Алтын саат...

Түштүк Кореянын саламаттыкты сактоо министри Сеулдагы ооруканаларда тез жардам көрсөтүүнү жакшыртууну чечет. Анан ири ооруканалардын бирине тажрыйбалуу травматолог-хирург Пэк Кан Хёкту чакырат. Өз ишинин генийи аталган хирургдун мүнөзү, иштөө ыкмасы калыптагы дарыгерлердикине такыр окшобойт. Орой, какшыкчыл, билгенин кылган врач министрдин сунушун кабыл алат. Буга чейин согуш талааларында, атылган октон адамдардын өмүрүн сактап келген Пэк Кан Хёк борбор калаадагы оорукананын абалын көргөндө таң калат. Борбордук оорукананын травматологиялык борборунун абалы мышык ыйлагыдай эле. Бөлүмдүн толук кандуу иштөөсүнө каражат бөлүнбөй, керекпи, бейтаптарды дайыма кабыл алган туруктуу дарыгери жок, ар кайсы бөлүмдүн ар кайсы профилдеги дарыгерлери нөөмөттө туруп иш алып барышат экен.

Пэк Кан Хёк өзүнүн командасын топтойт: колоректалдык хирург Ан Хе Вон, тажрыйбалуу медайым Чон Жин Ми жана студент анестезиолог Пак Кён Вон. Ушул адамдар менен биргеликте травматология борборуна кайрылган бейтаптардын жанын сактап калууга аракет кылышат. Алар үчүн ар бир мүнөт, ар бир секунд алтынга тете. Канчалык тез жардам көрсөтсө, ошончолук тирүү калуу мүмкүнчүлүгү жогору. Бейтаптардын жанын сактоо бир чети эле, Пэк Кан Хёк ооруканадагы бийлик, коррупция, кошоматчылык, кайдыгерлик жана башка ооруканада көп убакыттан бери адатка айланган систем менен күрөшүүсү керек...

Динамика жана фантастика

Дорама биринчи сериясынан эле динамикалуу башталат да, бул ыргак аягына чейин уланат. Кызыктуу окуялар, каармандардын какшык, юмор аралашкан диалогдору, катастрофа, согуш талаасы, авариялар, тик учактан секирүү, айтор, бир окуянын өнүгүшүн күтүп отуруу деген жок. Окуялар улам жаңыланып турат. Эң оор, коркунучтуу жаракат менен келген, өмүрү кылдын учунда турган адамды сактап калганда өзүңдүн жакының аман калгандай кубануу сезими жаралат, жеңилдей түшөсүң.

Врачтардын ишмердүүлүгүндө эмне фантастика болушу мүмкүн? Доктор Пэк Кан Хёк Жөргөмүш адам же Супермен сындуу баатырлардын образына окшошкон жерлери да бар. Согуш талаасында врач жана спецназ, ага ок тийбейт, отко күйбөйт, сууга чөкпөйт дегендей. Бир карасаң тик учакты башкарып бара жаткан болот. Ал эле эмес, тик учактан жип менен өзү эле түшпөстөн ийинине кесиптешин көтөрө түшөт. Өзүнчө эле Халк! Айтор, каарманыбыз кыйын!

2-3-сезону чыгабы?

Сериал ушул эле аталыштагы веб-романдын негизинде тартылды. Романдын автору жазуучу Ли Нак Жун: “2019-жылы менин романым вебтунга жана сериалга айланса экен дегенимде эч нерсе болгон эмес. Бирок кийинчерээк экрандаштыруу укугун сатып алышты, анан дагы күттүк, 2023-жылы гана сериалды тартуу иштери башталды. Эгер дорама ийгиликтүү болсо, 2-3-сезону тартылышы мүмкүн. Анткени 1-сезондон суроосуна жооп таппагандар веб-романды окуп чыгышты. Кийинки бөлүмдөрдө айрым каармандар толугу менен ачылат. Режиссёр Пэк Кан Хёк тик учактан дагы бир дарыгерди көтөрүп жип менен түшкөн жерин тартарда аябай кыжалат болду. Анткени Кореяда мындай даярдыктагы медицина кызматкери жок болсо керек. Бирок чыгармада баары мүмкүн, медициналык фантастика дедик да, ишке ашырып койдук. Менин китебимде Пэк Кан Хёктун бою 188 сантиметр деп жазгам, кызыгы, аны ойногон актёр Жу Жи Хундун бою да 188 экен. Бул тагдыр эмей эмне?” – дейт. Роман толугу менен экрандаштырыла элек. 1-сезону ийгиликтүү болду, демек, алдыда жаңы сезон тартылат.

“Кальмар оюну-2” артта калды

 “Травматология борбору: Алтын саат” сериалы 25-январда “Нетфликске” жарыяланган. 29-январда болсо Netflix TOP TV Shows платформасында көрүүлөр боюнча “Кальмар оюну-2” дорамасын артка калтырып, тизмеде 2-орунга илинген, 31-январда бир тепкичке ылдыйлады. Аталган сервисте 80ден ашык мамлекеттин тасмалары жайгашкан, 1-орунда америкалыктардын “Түнкү агент-2”, 2-орунда “Рекрут-2” сериалдары, ал эми үчүнчүдө “Травматология борбору: Алтын саат” турат. “Кальмар оюну-2” болсо тизмеде 5-катарда. Мамлекеттердин арасынан Түштүк Кореядан сырткары Бангладеш,  Индонезия, Малайзия, Парагвай, Катар, Сингапур, Венесуэла жана Тайванда көрүүлөр боюнча “Травматология борбору: Алтын саат” дорамасы лидерлик сапта.

Күчтүү курам

Сериалдын ийгиликтүү болушунун дагы бир себеби – туура тандалган актёрдук курам эмеспи. Актёр Жу Жи Хунга текебер Пэк Кан Хёктун образы куп жарашкандай. Актёр 2024-жылы “Душманыңды сүй”, “Шамдардын дүкөнү” сериалдарына тартылган.

Пэк Кан Хёктун шакиртине айланган, дайыма тызылдап чуркап жүргөн, боорукер хирург Ан Хе Вондун ролун актёр Чу Ён У аткарды. “Дал ушул хирург үчүн сериалды көрүп жатам” деген күйөрман кыздар көп. Актёрдун акыркы тартылган долбоорлору “Оазис”, “Ок айымдын баяны”.

Ооруканада медайымдардын да ролу чоң. Топтогон тажрыйбасы менен алар анча-мынча дарыгерлерден да сабаттуу келишет. “Травматология борбору: Алтын саат” дорамасында мындай медайым Чон Жин Мини актриса Син Ха Ён ишке ашырды. Актрисаны “Өзгөчө адвокат У Ён У” сериалынан да көрсөңүз болот.

Асыл Орозбекова    

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1157, 14-20-февраль, 2025-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан