Биз кеп кыла турган тасма режиссёрдун биринчи эмгеги, продюсердин алгачкы долбоору, актрисанын биринчи кадамы... Бирок бардык биринчилер катышкан тасма “Эң мыкты кинотасма-2010” наамына илине алды. Мунун сыры эмнеде деп ойлойсуз?
Тарткан өлкө – Кыргызстан
Жанры – Комедиялык мелодрама
Продюсери – Арнусбек Бегалиев
Режиссёру – Нурлан Разакулов
Бюджети – 15 миң доллар
Башкы каармандар – Чыңгыз Мырзаев, Бегимай Токтобекова, Улан Султангазиев, Шайыр Касымалиева, Эгемберди Бекболиев жана башкалар
КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Талас-Бишкек каттамы. Айдоочу Ильяз (Чыңгыз Мырзаев) таксисттерден талашып алып келген жүргүнчүсү сүйүктүүсүнө айланарын билген эмес. Татына кыздын жүзүнө арбалган Ильяз күзгүдөн аны тиктеп баратып, элди кырсыкка кабылтып коё жаздайт. Таанышып, сезимдери тутанган экөөнү бир топ кайгылуу да, күлкүлүү да окуялар күтүп турган эле.
Асел шаарга келип, үйүнө бара жатып чөнтөк телефонун түшүрүп алат. Тагдырдын тамашасы менен телефонду таап алган өспүрүм анын симкасын отургучта отурган кыздын сумкасына ыргытып жиберет. Кыз симканы үйүнө келгенде байкап, Ильяздан келген сүйүү СМСтерди окуп, курбусу экөө жигитти тамашага салууну чечишет. Алар Ильязды Аселдин атынан кафеге чакырышып, «Асел турмушка чыкты» деп алдап коюшат. Ошентип, кафеде отурганда кыздардын бири аны жактырып калат. Бул учурда Аселдин кудалашкан жери сөйкө салмакчы болушат. Аселде бир гана мүмкүнчүлүк бар болчу. Ал – акыркы жолу Ильязга бекеттен жолугуп, сүйлөшүү эле. Ата-энеси менен баратып атасынан автобекетке токтошун суранат. Ал эми Ильяздын досу анын апасына «Ильяздын сүйлөшкөн кызын ээрчитип келем» деп убада бергендиктен, автобекетке кафеден таанышкан кызды жетелеп келет. Досунун бул жоругуна капа болгон Ильяз маршруткасын айдап бекеттен чыгып кеткен соң Аселдин атасынын машинасы келип токтойт. Ошентип, эки сүйүшкөндүн жолу кайрадан кайчы кетет. Экөөнүн көздөрүндөгү кусалыкты түшүнгөн Элиза (кафедеги кыз) Ильязга чалып, Асел аны издеп келгенин айтат. Жүргүнчүлөрүн таң калтыра маршруткасын артка бурган Ильяз бекетке кайтып, Аселди табат.
ЖҮРГҮНЧҮ КЫЗ, АЙДООЧУ ЖИГИТ
Сиздерге каармандардын аты жана тасмадагы окуя тааныш сезилдиби? Бул дал келүү эмес. Анткени Айтматовдун урматына таазим кылып, «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасындагы Ильяз менен Аселдин ысымын тасманын автору тандап алган. Эл аны заманбап Асел менен Ильяздын окуясы деп түшүнсө да болот. Тасма Таласта, Бишкекте, Ысык-Көлдө, Төө-Ашууда, Суусамырда тартылган.
Продюсер Арнусбек Бегалиев – кино тармагындагы жаңы адам. Бирок тасма жаратуу каалоосу жөн гана кыял болуп кала беришин каалабай, аны тартууга белсенген. «Кыргыздын кооз жерлери чет өлкөлүктөр үчүн экзотика. Ошол ракурстан алып кино тарткым келди. Анан революция болуп маанай чөгүп турган учурда элге позитив тартуулагым келди»,- дейт ал.
ТАБИЯТ ЖАРДАМЧЫ
«Манас-Ордодон» түлөө өткөрүлүп тартылып баштаган үчүнбү, кино тартуучу топко ийгилик жылмайып турган. Бул тууралуу автор: «Кыз гүлкайырлуу талааны аралай баскан учур бар эмеспи, ошол жылы негедир гүл ачылбай койду. Башка жерден тарталы деп турсак сонун болуп ачылып, тартып бүткөндүн эртеси талаа боз ала чаң болуп калды. Күн жааш керек болгон учурда жаап, ачык болчу учурда ачык болуп, табият чоң жардам берди»,- дейт.
Тасмадан таланттуу актёрлор Эгемберди Бекболиев, Шайыр Касымалиева, Тууганбүбү Бообекова, Бакыт Мукулду көрүүгө болот. Ал эми ди-джей Чыңгыз Мырзаевдин актёрлук таланты бар экенине күбө болуп жүрөбүз. Тасмадагы сулуу бийкеч кастинг аркылуу тандалып алынган.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Эрнест Абдыжапаров,
режиссёр:
– Биз уюштуруп жүргөн фестивалдардагы эң жогорку наамдын ээси «Талас-Бишкек» тасмасы болду. Фильмдин режиссёру Нурлан Разакулов биздин мастер-класстын бүтүрүүчүсү. Анын тасмасы бизге эмнеси менен жакты? Биринчиден, юмор менен мелодраманы айкалыштырып бере алса, андан да маанилүүсү, фильмдин идеясы болду. Кыргыз жерлеринин көз тайгылткан сулуулугу, Төө-Ашуу, Суусамыр сыяктуу жерлер жогорку сапатта тартылган. Бул чечимди фестивалдын калыстар тобу Гүлбара Төлөмүшева, Нуртай Борбиевдер болуп чогуу чыгардык. Менин оюмча, тасма жакшы тартылган.
Ошондой эле мыкты актёрлор тандалып алынгандыктан, тасмага аталган наамды ыйгарууну туура көрдүк.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg