Жоолугу шыпырылып, саамай чачтары иретсиз чыккан, маңдайкы тиши түшүп калгандан сүйлөгөн сайын ышкырыктын добушун чыгарган аял катары эсимде калган апам. Ал иним экөөбүздү Көлдүн Ак-Суусундагы балдар үйүнө таштаганда 5-6 жашта болчумун, иним 3тө эле. “Кызым, мен силерди бага албайм, өзүмдү ичкиликтен да токтото албайм. Кеч болуп, жаман окуя боло электе таштаганым жакшы” деп ачык эле айткан. Балалык жүрөгүм менен “апа, кетпе... Мен бат эле чоңоём, сизди багам” деп ыйлаганым менен, бөбөгүм экөөбүзгө балдар үйү жакшы болорун сезгем. Атам ким экенин апам өзү деле билбесе керек, азыр ойлонсом. Билсе “баланча жерде атаңар жашайт” деп айтмак беле.
Балдар үйүндө жаман болду дебейм, анткени жаман жашоо кандай болорун көргөнмүн да. 9-класска келгенимде бир үй-бүлө мени багып алды. Иним экөөбүздү тең беришпейт экен, айтор, багып алуу да оор процесс болот тура. Жаңы ата-энем менен кеңешип техникумга тигүүчү-дизайнерликке тапшырдым, окуудан кийин официант болуп иштейм. Үйдө уул-кыздары чоңоюп, турмуш куруп кеткендиктен апама кыз баланын жардамы керек эле. Болушунча оорун колдон, жеңилин жерден алганга аракет кылдым. “Рахмат, кызым. Азаматсың...” деген сөздөрдөн алгач толкунданып кетчүмүн. Бара-бара көнүп, өзүмдү тең ата үй-бүлө мүчөсү катары сезе баштадым. Бир кыялым бар, иним балдар үйүнөн чыкканда окутуп, жакшы жумушка орноштурсам, үй алсак деген...
Бирок кыялымды башкка нукка буруп, 2-курста окуп жүргөнүмдө кафеде чогуу иштеген Алмаз деген бала ала качып кетти. Жаңы эле мамиле түзө баштаганбыз. Айтор, эмне кыларымды билбей апама чалдым. “Нургүл, сени кыйнап алып кеттиби, кызым? Ачык айт, атаң “кетем десе, баарын сапырып туруп алып кетем” деп жатат” деди. “Жок, апа, кала берейин, сүйлөшүп жүргөнбүз” деп телефонду коёрум менен буркурап ыйлаганымды айтпагыла. Канча жылдан бери ата-эне мээримине, сүйүүсүнө, камкордугуна болгон өксүк “сен үчүн баарын сапырам” деген сөз менен чыгып кеткенсиди. Эми менин артымда турган адамдар, ата-энем бар экенин сездим... Мен бактылуу болом, апа, ата!
Нургүл