Жогорку Кеңештин 19-февралдагы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова “балага сүйүнчү” жөлөкпулун көбөйтүүнү сунуштады. Депутат 2018-жылдан тартып жаңы төрөлгөн балдарга берилүүчү бир жолку 4 миң сомдук сүйүнчү пулдун суммасы учурда жетишсиз экенин белгилейт. Анын айтымында, акыркы 7 жылдын ичинде инфляция жана бала багуу чыгымдары өстү.
2024-жылдын 10 айында Кыргызстанда “балага сүйүнчү” жөлөкпулун 107 миңден ашык бала алып, сүйүнчү пулдун суммасы
429 миллион сомдон ашкан. 2023-жылы 146 миң бала аталган категорияда жөлөкпул алганы маалымдалган.
Айта кетсек, “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн Калкты тейлөө борборунан алынчу арыз бланк зарыл эмес. Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефонду туура көрсөтүүсү зарыл. Анткени акча которулгандан кийин телефонго банк аркылуу СМС билдирүү жөнөтүлөт.